Kategoriler

Arşivler

Ирсалат Акпарова/Irsalat Akparova Kategoriler

Сагыныч 11-бөлүм. Ал күнү балдарга эч нерсе билдирбедим, алар чоңоюп калышкан мезгилде атасынын иштерин айтууга болбойт эле. Эми болгон окуяларды артка кайтара албаарымды билип, ойлоно берип ооруп калбайын деп өзүмдү колго алдым. Эртеси жумушка чыктым, капа болгонумду өңүмдөн билишкенби, – Эже, жакшы элесизби? – деп сурашып жатышты. Кичинекей Арчинин өңү көз алдымдан кетпей койду. Бир […]

Сагыныч 10-бөлүм. Бейшен Арчини жетелеп, илгий машинаны көздөй басты. Сюзан учуп кетип, бүгүн ушинтип Арчини жетелеп калышыны Бейшен үч уктаса түшүндө да көрбөгөн эле. Жан дүйнөсү эңшерилип, аянычтуу музыканын үнү менен тумандуу жолдо ой басып бара жатты. Арчи машинанын арткы отургучундагы коляскада бир нерселерди чулдурап, эки жакты карап отурду. Бүгүнкү көрүнүш ушундай тез болуп кеткенине […]

Сагыныч 9-бөлүм. Бейшенди күтүп турууга менде убакыт жок эле. Машинаны айдадым да жумушума жөнөдүм. Ал күнү жамгыр жаап жол туман эле, колум рулда болгону менен оюм чачылып, жумушка араң жетип келдим. Жумуш деле көзүмө көрүнбөдү. Жерге сууга батпай, үшкүрүнүп ары-бери баса бердим, “сиркем суу көтөрбөй” жумушчу кыздарды кагып жаттым. Бейшен кайсы жакка кетти экен, ким […]

Сагыныч 8-бөлүм. Бейшендин жумушу дипломатия менен байланыштуу болгонуна анын жанында көп адамдар иштейт эле. Жанында жүргөндөрдүн бирөөсү го деп ал кызга көңүл бөлбөдүм. Бейшен уйдө болгондо жумуш жөнүндө бизге эч кандай маалымат бербейт эле, биз дагы эч нерсе сурачу эмеспиз. “Жаңы жумуш болгону үчүн иштер көп болуп жатат, үйгө кеч келемин,” деп мага эскертип койгон […]

Конкурска. Ак жүз аарчы 7-бөлүм.   Темирландардын окуясы мени көп күн ойлонтуп жүрдү. Заманың кургур, заман зордуку экен, орто жолдо бир жаш өмүр кыйылып кете берди. Кылган кылмышы үчүн Темирлан жооп бербей, кайра иизин суутуп жашырып койду. Салкын өз турмушунан кордук көрүп жүргөнү үчүнбү, Сезимди аяп: “Алдын ала этият бол”, деген ойдо эскерткен окшойт деп […]

Ак бет аарчы 6-бөлүм Мен отурган унаа көп жүрүп, акыры бир үйгө келди. Эшигин ачып мени “Түш!” деди. Мен түшүп, аларды ээрчий бастым. Сыртынан жакшы көрүнгөн кооз үй экен. – Үйгө кир, – деп эшигин ачты. Үйдүн ичинде бир топ кишилер жүрүптүр. – Бул жерде эмне кыламын? Айтчу сөздөрүңөр болсо ошол жерде айтсаңар болмок, келинчегим […]

Ак жүз аарчы.5-бөлүм. Эч нерсеге көңүлүм келбей, маанайым чөгүп кетти. Бөлмөмдөгү чачылган кагаздарды жыйнап, иретке келтирдим да үйгө карай жөнөдүм. Жумуштагылар эмне деп сөз айтып көңүл улашты билбей, улам-улам мени карашып жатышты. Ошол убакытта мага аябай кыйын болду. Эмне деп айтмак элем, бөлмөнүн ачкычын столдун үстүнө таштадым да үйгө карай жөнөдүм. Артымдан Сезим ээрчип келе […]

Ак бет арчы 4-бөлүм. Жумушта иштин көптүгүнөн кээде түшкү тамактанууга чыкпай жүрдүм. Өз бөлмөмдө эле шириндиктер менен чай ичип алам. Бүгүн Тамара күндөгүдөй келип сүйлөшүп отурган, ошол убакыта эшиктен Салкын кирип келди. Мен ыңгайсыз болуп: – Кел! – деп ордумдан турдум. – Бегалы байке, сиз бүгүнкү жумуштарыңыз менен мага кирбедиңиз, бир гана сиз калдыңыз, күтүп […]

Ак жүз аарчы 3-бөлүм. Салкын көзүн арчып ордунан турду, өзүн ыңгайсыз сездиби: ” Рахмат” – дегенсип башын ийкеди. Ичиндеги айталбай жаткан сөз бардай болуп, бир мени карап, бир үйдү карап туруп калды. Сезимдин үйдөн чыгып бизди карап турганын көрүп: “Капа болбо, болуп турат турмушта” – деп үйдү карай жөнөдүм. Кечки тамакты үнсүз отуруп ичтик. Жаңы […]

Конкурска. Ак жүз аарчы 2-бөлүм Терезеге жакын келип айланага көз чаптырдым. Көрсө үн биздин тушубузда жашап жаткан коңушунун үйүнөн чыгып жаткан экен. Үйү көрүнүп турганы менен аралыгыбыз бир топ эле. Эмне болгонун түшүнбөй Сезимди издеп сырткы үйгө чыктым. Сезим сырткы үйдө Аруукеге тамак берип жаткан экен. – Коңушунун үйүнөн үн чыгып жатат, эмне болуп жатат? […]