Kategoriler

Arşivler

Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva Kategoriler

САГЫНЫП БАРА ЖАТАМ Автобус бир калыпта түн жаңыртып, Уңулдап бара жатат жол карытып. Сапарда түнкү каттам Бишкек-Каракол, Бир жарык эртеңкиге үмүт артып. Асфальтты дөңгөлөктөр жарып барат, Бир сезим көкүрөктөн толуп ашат. Закымдап муздак желге сапырылып, Ой толгоо мунарыктап сүңгүп барат. Айылы, талаасы да мага тааныш, Ал тургай соккон жели, жыты тааныш. Сагынып бара жатам мен […]

Tarih 22 Ağu 2022 Kategori: Нускайым Манкушева /Nuskayim Mankusheva

АДАМЗАТ

АДАМЗАТ Бул дүйнөдө адамзат, Максатына жеттиби? Көңүлү ток өмүрдө, Арман билбей өттүбү? Бул жалгандын адамзат, Ырахатын таттыбы? “Көр оокат” деп, тытынып, Колу тийбей кеттиби? Азгырылып ар ишке, Оттой күйүп кеттиби? Түз жолунан байкабай, Мүдүрүлүп кеттиби? О, ал пенде адамзат, Конок экенин билдиби? Жыйып терген байлыгы, Акыретте сооп ишке, Жарабасын билдиби? О, ал пенде адамзат, Шүгүр […]

Нускайым Манкушева Манкушева Театр сахна башкы ролдо ойногон, Өз өмүрүн кейипкерге арнаган. Мага тааныш, ооба ушул актриса, Кыялымда мүдөөм эле жашаган. Сыналгыдан диктор окуйт жаңылык, Кулагымда кайталанат жаңырык. Жылуу учурайт, үнүн уккам, жолуккам, Самаганым эңсеп улам жаңырат. Операда балет бийин бийлеген, Чоң эмгекке талант жууруп ийлеген. Бийчи кызды эстей албай жатамын, Ой чабыттын бир учкунун […]

КЕЧИКПЕЧИ МАХАБАТЫМ Сезимдерге биз ойногон жашынмак, Болду мага жүрөгүмө сыйыртмак. Каректериң айтып турду жашырбай, Үндөбөдүң…Неден корктуң? Табышмак. Биз жаралсак бир болууга дүйнөдө, Кечикпечи, махабатым өмүрдө. Азыр кайрыл, азыр кайрыл, кол сунчу, Көтөрө албайм жаштык өткөн куракта. Нускат Манкушева. Нускайым Манкушеваwww.kafiye.net

Шаҳло Ботирова…. Жылдыз өчүп көктөн барат суюлуп,Үрүл- бүрүл таң агарды сүрүлүп.Түшүнө албай турам биздин сезимге,Бирде ачылса, бирде калат күбүлүп. Уктай албай таң атырып жүрөмүн,Ооруйт бекен меникиндей жүрөгүң.Билбейм неге бүт адамды карасам,Жалгыз сенин элесиңди көрөмүн. Арзыйт бекен бир башыма сыйбады,Мендик бакыт мынча неге кыйнады.Канча жылдык изги үмүт тилегим,Ашыктыктын курманына кыйбады. Тагдыр оюн, чоң тамаша курабы,Каршы турсам […]

Тегирмен ташы болуп айланамын, Тегирмен ташы болуп айланамын, Күн-түнү тирүүлүк деп убарамын. Турмуш жүк ушунчалык оор болсо да, Түн ичи жакшы ыр жазсам кубанамын. * * * Мекенимди гүлдөтөм тилек менен,Ыр казамын карылуу билек менен.Тосуп алчы айылым асыл жерим, Жалын кармап келатам жүрөк менен. * * * Түшүн мени катарымда замандаш, Тынбай келем өр таянып […]

ЖЫЛДЫЗ СЕНБИ Жылдыз сенби? Жанып турган көктөгү,Жыты менмин жаздын ушул көктөмдүн.Жашоо берген мен сүйүүмүн түбөлүк,Жаздын жыты, сүйүү элеси жердеги. Кээде өчүп, кээде учуп сен көктөн,Көңүл калган тез тутанган чоң өрттөн.Кала берем баргым келбейт жанашып,Жер бетинде эң алгачкы мен көктөйм. Сен суктанган миң кубулган сүйүүмүн,Сен бозорткон сезим күткөн тирүүмүн.Сүйүү күчү бир керемет карасаң,Сени көктөн, мен жердеги […]

Аздыр- көптүр барактар жабылгандыр Аздыр- көптүр барактар жабылгандыр, Бир илинчек өмүрдөн табылаттыр. Бирдей күйүп отуз шам бара жатат, Сыр куржунга келечек катылгандыр. Бөксө тоолор кырынан ашып алгам, Ачуу-таттуу даамын да татып алгам.Жылдыз жанып көрүнөт тээ алыстан, Мен да ага аттанып шашып алгам. Жактырган мен жашоонун кылыктарын,Терип алдым бир-бирден сыныктарын.Тизип койсом чагылып көз уялат, Жыйган дүйнөм […]

Көрө алдыңбы махабаттын бейишин, Көрө алдыңбы махабаттын бейишин, Көл үстүнө ак куулардын келишин. Сага, мага таандык болчу көрүнүш, Баш тартканбыз ачпай туруп эшигин. Эки башка жолдо бардык түтүнгө, Тандап алып айлансак да бүтүнгө. Бири кемдей толбой турду дүйнө-ай, Татымдары арзыбады өмүргө. Күйүп өчкөн маңдайымда жылдызым, Куштар элем издеп таппай ый-муңум. Катуу жааган жамгыр, өткүн өңдөнүп, […]

Кыргызстан. Аздыр- көптүр барактар жабылгандыр, Бир илинчек өмүрдөн табылаттыр. Бирдей күйүп отуз шам бара жатат, Сыр куржунга келечек катылгандыр. Бөксө тоолор кырынан ашып алгам, Ачуу-таттуу даамын да татып алгам. Жылдыз жанып көрүнөт тээ алыстан, Мен да ага аттанып шашып алгам. Жактырган мен жашоонун кылыктарын, Терип алдым бир-бирден сыныктарын. Тизип койсом чагылып көз уялат, Жыйган дүйнөм […]