Kategoriler

Arşivler

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova Kategoriler

Tarih 3 Mar 2024 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ЭЛЕЧЕК

Lira: *ЭЛЕЧЕК* Чүмбөттөлгөн паранжасы жок эле, Жүзү жарык башта бийик элечек, Кыргыз эне кийип келген жүдөбөй, Кылымдарга жолду салып келечек. Каада,салты нукка түшкөн эзелтен, Кадыры бийик башка оронгон элечек. Калың журтка сыймык кылып энелер, Ак матадан оронушкан аздекдеп. Көчмөн кезде керегине жараган, Торосо ажал кепин болуп жасалган. Улуу жолдо толготушуп апалар, Баласына оро кылып чулгаган. […]

Lira: АРТА ЭМГЕК АЙТЫЛААР /Сынака/ Тизмегинде тизгини жок ээ бербей, Кыл калемдүү далай чыккан жазуучу. Тизе бүкпөй тике карап тайманбай, Бетке айтып кагаз бетке жазышчуу. Калеми курч,сөздөрү мурч курчуган, Ички дүйнө күйүп жанып үн чыккан. Баарын жазып таамай кылып иргектеп, Үлбүрөгөн ак барака батырган Чайпалтпастан сансыз ойду көөлгүтүп, Ыргагында ырга бийлеп чөмүлтүп, Акын жазат жан […]

Tarih 3 Mar 2024 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

Сынака

Сынака Кур эмес уучу кылым карып артынан, Кагылайын Кыргыз деген калкыман. Түшпөйт баштан ак калпагы кийизден, Ала Тоомдун белгисиндей чалкыган. Кышпы,жайбы апалар кийиз ийлеген. Даярдап берип калпакты ме кий деген. Кыйуусунда кырка тоолор элестейт, Ак калпакты жигит сүйүп кийгенден. Апакемдин сандыгында баягы, Ак калпагы даяр турат камдалуу. Конокпу же, Кудабы же, балабы, Ырым кылым кур […]

Tarih 18 Şub 2024 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

*ДОС БОЛГУН*

*ДОС БОЛГУН* Дос болгун ак дилиңден көңүл бурган, Арам ой,жамандыктан алыс турган. Кыйышпас достор болуп, сыр чечишип, Кайышканда табылып жөлөп турган. Дос болгун кубанычка бөлөп турган, Жамандыктан алыстан коргоп турган. Алаксытып ыйласам сооротуучу, Жашым аарчып башымды жөлөп турган. Дос болгун жардамыңы келип берген, Ашууну бирге ашып кечип келген. Түбөлүк тең салмакты кармап анык, Достуктун күчүн […]

Tarih 17 Şub 2024 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

Lira: *ТАГДЫР*

Lira: *ТАГДЫР* Түнт кылдың тагдыр… азаптардан, Чыны аз, калп жашоо адаттардан. Жазыгы жок бейкүнөө жашоочумун, Тажадым көпчүлүктүн арасынан. Талпынтып учаар кезде кыйындайсың, Тынч өмүр сүрүп жатсам жымыңдайсың. Убалдан коркпогон шайтандардын, Жолунда кошоктошкон шылуундайсың. Жаманды көкөлөтүп көтөрөсүң, Көпкөндү көргөн кезде өпкөлөйсүң. Обтонгон шалакыны көрүп туруп, Эмнеге тумчуктуруп чөктүрбөйсүң. Жакшынын эмгегин жашырасың, Жалбарган үмүтүн калтырасың. Түбү түшкүр […]

ЖАРЫГЫН МАГА ТИЙГИЗГЕН Жылыткан күндүн илеби болдуң эриткен, Карашың сонун жарашып сүйкүм келишкен. Бапестеп таптап алаканга салгандай, Сыйладың жаным сыйкырды берип сен. Ай болдуң жарык шооласын мага тийгизген, Саамайдан сылап делбирим сымал ийилткен. Сагыныч бийлеп жан дүйнөмдү сүйүнтүп, Жыргалы белең жашоомду жибиткен. Жоодурап көздөр күлмүңдөгөн күлүшкөн, Бузушпай шертти жүрөкө бирге түйүшкөн. Сезимди козгой жалындаттың сүйүүнү, […]

Tarih 20 Nis 2022 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ЭЛМИРБЕК

*ЭЛМИРБЕК* (Элмирбектин жаркын элесине) Тумандап күн алай,дүлөй чапкын уруп, Түтүнү канырыктын көөдөн өйүйт, Чындыктын чыркыраган үнү калды, Чыдагыс жан кейиткен ыйы толуп. Бетке айта ырга салдың кайрыктарын, Чындыкты тайманбай айтып баарын. Элиң үчүн күйүп жанган өрт элеңго, Кылымга атың калсын тарыхтардын. Унутпай ушул күнү элиң эскеришет , Уулу деп улуу элдин деп келишет. Арбагыңа багыштап […]

КАЙЫР ЖОЛДОШБЕКОВАга Алыста журсөда мекен деген жүрөгү, Мойнуна артып жетекчилик жүктөрдү. Санаа тартып тайпасына жүгүрүп, Ашыга ийгилике баарын алга сүрөдү. Ырды жазып ийгилике жетишип, Ыргагында эргүүсүда келишип. Поэзияга артыкчылык салымды, Кошуп келди ар тараптан берилип. Туулган күндүн белегине ыр сунам, Гүл бере албай калемимде ыр курайм. Көп жашаңыз,бактылуулук жолунда, Жараткандан жакшылыкты көп сурап. Москвада жана […]

КЕЛ НООРУЗУМ ЭЛИМЕ Кел НООРУЗум элиме, Тынчтыкты бекем кылган, Ынтымак тилеп турган, Элиме бакыт ,таалай, Курчалып тиреп турган. Кел НООРУЗум элиме, Биримдик чыңдап турган Биригип ырдап турган, Бейкуттук мемиреген, Бакытты курчап турган. Кел НООРУЗум элиме, Аткарып тилектерин, Карматып билеттерин, Ырыскы чачып бергин, Эшигин ашып киргин. Кел НООРУЗум элиме, Тынчтыкты бекем орнот, Кудайым турсун колдоп. Аластап […]

Tarih 20 Mar 2022 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

НООРУЗ КЕЛДИ

НООРУЗ КЕЛДИ Улуу журттун кадыры бар мурунтадан, Урпактарга жолду салып унутулбаган. Салты,каада ,наркын бийик тутуп, Кайда жүрсө жан дүйнөнү улуулаган. Теңелип жашообузга күнү, түнү. Теңирим жаратыптыр жакшы күндү, Жаңырып баары таза жаңырган ай , Жаңы жыл элибиздин жакшы үмүтү. НООРУЗ келди кубанычы жалгашып, Кут берекесин ,ырыскны жандашып. Куттуу элим тосуп жатат сүйүнүшүп, Ак баталарын , […]