Kategoriler

Arşivler

Лилия Кудайбердиева Kategoriler

Tarih 31 Oca 2021 Kategori: Лилия Кудайбердиева

МУГАЛИМ/ÖĞRETMEN

МУГАЛИМ Билчү эмеспиз тамгаларды, сандарды,Сөзгө сөздү улап жаңы жазганды. Актай барак, түрдүү калем колго алып,Түркүн түстүү табиятты тартканды. Жашың жетип, мектеп менен таанышып,Үйрөнгөнсүң окуп, санап, жазышты.Андан башка укмуш дүйнө ачылып,Тилди үйрөндүң, так илимди, тарыхты. Окуп билдиң, кимден алдың билимди,Ким үйрөттү, асман, жерди, илимди ?Ал мугалим – сага дүйнө тааныткан,Урмат- сыйга татыктуусу элимдин. Ав: Л.Кудайбердиева www.kafiye.net

КЕЛБЕЙТ СЕНИ АЛДАГЫМ Байкоо салып, сырттан алып кабарым,Кээде жазып, күтүп жообун саламдын.А мен жазып, кээде такыр жазбаймын,Билесиңби…келбейт сени алдагым. Сезимиңдин айыбы жок, танбаймын,Тартылбасам, кантип сени жандаймын.Сүйө албадым, койбо мага айыпты,Жүрөгүмө каршы туруп барбаймын. Болсом сенин ак жоолукчан алганың,Сүйүү жок деп, кыянатка барганым.Жалган күлүп, жасалмалуу жайнасам,Анда жүрөк, муздак согуп калганы. Билесиңби…келбейт сени алдагым,Жүрөгүмө от жандырсын алганым.Муздак […]

Tarih 22 Kas 2020 Kategori: Лилия Кудайбердиева

Кыйкууласа

Кыйкууласа Кыйкууласа биздин жердин үстүнөн,Кыйрап дүйнөм узатчу элем, күтчү элем.Качандыр бир укпай калып үндөрүн, Каркырасыз тосуп жүрөм күздү мен. Каркырасыз кар сампарлап кыламык,Каркырасыз жашоо дале уланып.Мерес мезгил ташкынында бир күнү,Мен да кошо агып кетем бул анык. Дал ушундай тоолор-түздөр саргайып,Дал ушундай талааларда мал жайып.Жүргөн чакта тээ бийикте бараткан,Жүрөктү эзчү карааныңар калдайып. Бурганактуу бороон-чапкын коштолуп,Буулуккан бир […]

Tarih 20 Kas 2020 Kategori: Лилия Кудайбердиева

Көздөрүң/Gözlerin

Көздөрүң Көздөрүң мынча терең, Бир сырдуу дүйнө баткан. Көзүңө чөгүп барам, Жалындап учкун чачкан. Тиктесең карап мени, Көздөрүң көгүш деңиз. Деңизге чөгүп барам, Жашаймын кантип сенсиз. Көздөрүң мынча жылуу, Мээрим, нур чачыраган. Көрүнөт толкундары, Деңиздин шарпылдаган. Деңиздин так ортосу, Балбылдайт мени карап. Деңизге сүңгүп барам, Жетүүгө сени самап. Көздөрүң көгүш деңиз, Көзүңө чөгүп барам. Чөктүрбө […]

Tarih 19 Kas 2020 Kategori: Лилия Кудайбердиева

БИЗ ЭКӨӨБҮ/BİZ

БИЗ ЭКӨӨБҮ ЗБийик тоолор-арабызды тең бөлгөн,Жолдор алыс- ортодо көп аралык.Мен өзүңдөн ушунчалык алысмын,Ортобузда эч ким туйбас-жакындык. Биздин жолдор-эки жээк бирикпес,Эки өзөн- оң-солунда агылган.Бөлүп турат, опол тоодой чоң белес,Күмүш көбүк- күркүрөгү угулган. Бул жашоонун оң-солунда агылып,Биз экөөбүз- эки нукка куябыз.Жүрөк туйлайт, бирок Акыл багынтып,Жактырууну алыстыктан туябыз… BİZ Yüksek dağlar bizi böler Yollar uzundur. Senden çok uzağım […]