Сагыныч 8-бөлүм.



Бейшендин жумушу дипломатия менен байланыштуу болгонуна анын жанында көп адамдар иштейт эле. Жанында жүргөндөрдүн бирөөсү го деп ал кызга көңүл бөлбөдүм. Бейшен уйдө болгондо жумуш жөнүндө бизге эч кандай маалымат бербейт эле, биз дагы эч нерсе сурачу эмеспиз. “Жаңы жумуш болгону үчүн иштер көп болуп жатат, үйгө кеч келемин,” деп мага эскертип койгон болчу. Бизди эч нерседен кем кылбай, баары жоктон камсыз кылып багып жатса улам жумушун сурай бергим келбеди.

Бир күн курбу кызым менен көрүшүп калдым:

– Айсулуу, Бейшен жөнүндө сөздөр угуп жатам, тынч элесиңерби? – деп калды.

– Жок, эч кандай сөз укпадым. Кандай сөздөр экен? – деп кызыга түштүм.

Укпаганымды байкап айтпай эле койойун дедиби,

– Ии, жаңы ишке орношконуна куттуктап койойун деп эле! Айсулуу, анан кененчиликте карбарлашабыз, – деди да, басып кетти. Эмне кылышымды билбей туруп калдым.

Арадан бир жума өттү, тынчым кетип Бейшендин жумушуна бардым. Ал күнү аны жумуштан таппадым. Кечке эч жерге батпай кеч киргиздим. Бейшен ошол күнү бир оокумда келди, уктабай отурганмын:

– Эмнеге уктабай отурасын? – деди.

– Кантип уктаймын? Сен жөнүндө сөздөр угуп жатамын, – дедим.

– Кандай сөздөр экен? – деди өңү өзгөрүп. Уккан сөздөрүмдү баарын айттым.

– Мен дипломатмын, менин ишим чет элдиктер менен иштөө, ар кандай сөздөргө көңүл бурба, турмушуң жакшы болгондон кийин унчукпай жашай бер! Мындай кийин бул тема жөнүндө сөз козгобо! – деп сөөмөйүн кезеди. Мен ошол бойдон унчугалбай калдым.

Бир күнү адаттагыдай кеч келди да жуунучу бөлмөгө кирип кетти. Бейшен аябай тыкан жүргөнүнөн бут кийиминен тартып баш кийимине чейин кайсы жеринде чаң бар экенин билбейт элем. Жумуштан келгенден кийин кийимдерин тазалап, бут кийимин сүртүп коюуу мага адатка айланган эле. Кичинекей кол сумкасын арчып жатып колумдан түшүрүп жибердим. Сумканын ичиндегилери чачылып кетти.Чачылгандарын салыштырып жатып бир кара тору кыздын сүрөтүн көрүп калдым. Жакындан көрөйүн деп көзүмө жакын алып келдим.

Жакшынакай, абдан сулуу кыз экен. Каралардын сулуусун биринчи көрүшүм. Бою узун, чачы желкесине түшүп өзүнө соонун жарашыптыр. Көздөрү сүрөттөн эле жайнайт.

Бейшен чыгып калбасын деп сүрөттү дароо сумкасына сала калдым. Бул кыздын сүрөтү жөн сакталбаганына ичим тызылдап кетти. Бейшен бөлмөдөн чыгып,

– Балдар уктап калдыбы? – деди.

– Ооба, укташып калды, – дедим үнүм каргылданып. Тамактарды столго койдум да жатакан бөлмөгө кирип кеттим.

– Айсулуу, эмнеге бирге отурбайсын? – деди мейманканадан кыйкырып.

– Түн бир оокум болду, чарчадым, – дедим маанайым жок. Жумуштан кеч келсе да дайыма жанында отуруп бирге чай ичет элем. Ал күнү унчукпай жатып алдым. Кыз жөнүндө сурамакчы болдум, бирок “Ал жөнүндө кайдан билдиң?” деп сураса мени эмне күтүп турганын билемин. Убакыты келгенде билемин деп тилимди тишиме катып жаттым.

Бейшендин маданияттулугу менин кээ бир туура эмес кылгандарымды даалай жолу тарбиялап койгон болчу. Кыздын сүрөтүн сумкадан көргөнүм дагы деле маданиятсыздыгымды көрсөтөт деп ичимден сыза бердим.

Сүрөттү көргөндөн бери менде уйку бузулду. Түнү туруп кээде басып чыгамын. Кантип ал кыз жөнүндө билиштин айласын таппай, кыйнала бердим. Акыркы күндөрү жиним тез келчү болду, балдардын күлкүлөрү деле мага жакпай жатты. Өзүмдү араң басып жүрдүм.

Арадан бир топ күн өттү, Бейшенди да ой басып жатканын сезип жаттым. Мага мамилеси да өзгөргөндөй, жумуштан келгенде маңдайымдан жыттап алчы эле, же өзүмдү алып качканданбы, акыркы кездерде маңдайымдан жыттабай калды. Ортобуз суугандан сууп бара жатты. Бактылуу күндөрүм бизден алыстап жатканы сезилип жатты. Үлпөт тоюбуздагы бактылуу көз ирмемдерди элестетип жатып колумдагы шакекгимди чечип, дакеге ороп, эмеректин бурчуна коюп койдум. Бир күнү Бейшен кызуу болуп кеч келди, маанайы жакшы экен,

– Айсулуу, сага эмне болуп жатат? Акыркы күндөрү менден алыстап жатасын, – деп сурап калды. Араң турган жаным эчкирип ыйлап жибердим.

– Бейшен, сен бизден алыстап жатканыңды өзүң сезип жатасынбы, алдагы сумкадагы кыздын сүрөтү эмне кылып жүрөт сенде? Сен жөнүндө сөздөрдү угуп жатамын. Бейшен, чыныңды айтчы, ал жаш кыз ким? Биз жактык эмес, азыр кайсы жакта? – деп, буулугуп калган экенмин, суроону жаадырып ыйлап жаттым. Үнүм катуулап кетти. Бейшен качан гана колумдан каттуу булкаганда өзүмдү араң бастым.

– Эмнеге сумканы карайсын? Сен дагы деле өзүңдү тарбиялай элек экенсин! Ким уруксат берди сумканы караганга? – деп мага жинденип жатты. Ал күнү экөөбүз катуу таарыныштык. Ошол күндөн кийин Бейшен үйгө келбей калды, өзүмдү күнөөлүү сезип өкүнүп калдым. “Биринчи билип алып анан күнөөлөсөм болмок, балким ал кыз жөн гана жумуш менен келген чет элдик кыздыр” деп ичимден сызып калдым.

“Апа, атам эмнеге келбей калды?” деп балдар күндө сурай берип мени эзип жиберишти. Аларга эмне дешти билбей жүрдүм. Эч нерсеге көңүлүм жок, үйгө батпай ары-бери басып жатып оюма бир нерсе келди, кийинип алып шашып Бейшендин жумушуна жөнөдүм. Жаңы жумушуна келбеген элем, сурап жүрүп таап бардым. Мен баргандан мурда аэропортко кеткенин кабылдамадан билдиришти.


Уландысы бар.




И. Акпарова.

www.kafiye.net