Ак жүз аарчы 3-бөлүм.

Салкын көзүн арчып ордунан турду, өзүн ыңгайсыз сездиби: ” Рахмат” – дегенсип башын ийкеди. Ичиндеги айталбай жаткан сөз бардай болуп, бир мени карап, бир үйдү карап туруп калды. Сезимдин үйдөн чыгып бизди карап турганын көрүп: “Капа болбо, болуп турат турмушта” – деп үйдү карай жөнөдүм. Кечки тамакты үнсүз отуруп ичтик. Жаңы жумушумдун жоопкерчилиги көп болгону үчүн жумушка эрте жөнөдүм. Эрте менен коңушунун үйү тынч экен.

Арадан зуулдап бир канча ай өттү. Ал аралыкта жумушка берилип иштеп кечинде дайыма үйгө көтөрүнүп келип жүрдүм.

Сезим үйдө отуруп зериккенби, – “Жумушка чыгам” – дей берди. Кызыбызды бакчага ала турган жашка жете элек болгону үчүн сүйлөнүп отуруп калат. Апам айылда жалгыз уулумду карап жашап жүрдү. Менден чоңдору ар кимиси өз турмушун улап, ар жакка иштегени чыгып кетишкен. Менден кичүү инимди үйлөнүп, апама кол кабыш кыл дей берип чарчадым. Такыр тил албай, сырт жактан келбей койду. Апам уулумду карап турганы үчүн, ар айда апама акча жөнөтүп турдум. Жашообуз баарына жетишип кетпесе да, эл катары өтүп жатты.

Бүгүн дем алыш болуп үйдө болчумун. Бир убакта эшик такылдап калды, “Ким экен” – деп сыртка чыксам, коңушу киши экен:

– Бош болсоң жүр, бираз бакта отуралы, – деп калды.

Өзүм дагы таанышкым келип турган:

– Отурсак отуралы, – деп аны ээрчип короо тарапка бет алдым.

Эшикке дасторкон жайдырып экообүзгө, орун даярдатып койгон экен. Дасторконду төгүп жасап коюптур.

– Отур, – деп отургучту көрсөттү, – Менин атым Темирлан! – деп колун сунду

– Мен Бегалы, – деп тааныштым.

Ал күнү бош болгонум үчүн убакытым кенен болчу, шашпай отурдук. Шаарда бир окуу жайында иштегенин айтты. Келинчегин чакырып, атын Салкын деп тааныштырды. Салкындын атын билгеним үчүн, – “Жакшы экен” – деп мен да атымды айттым.

Темирлан окуу жайда иштегени үчүн менден сымбаттураак көрүндү. Мен деле убагында жакшы окуу жайын бүтүп, турмушка байланыштуу жакшы жумушка орношконго каражат болбой, кара жумуш жасап калганыма Темирландын алдында жөнөкөй болуп калдым. Темирлан бир караган жанга жакшы көрүнөт экен, өзү дагы ак жүздүү болгону үчүн жылдыздуу көрүндү.

– Кел, тартынбай отуруп тамактан ал, – деп

Салкын даярдап келген тамакты мага сунду, -Кел, таанышканыбыз үчүн! – деп алдында куйулган ичимдикти мага берди.

– Мен ичпеймин, – деп баш тартканыма карабай ичиргизип жиберди. Экөөбүз кызый түштүк. Ал күнү кечке экөөбүз отуруп эки жакка мас болуп таркадык. Такыр ичпеген жаным, эртеси жумушка башым жарылчудай болуп бардым.

Кечке иштей албай кыйналып жүрдүм, түштөн кийин башым оорууганы басылып сергий түштүм. Экинчи ичпей турган болдум.

Күндөрдүн өтүшү менен жай мезгили соңуна чыгып, күз айы да келип калды. Жалбырактар саргарып, айлананы алтын күз каптады. Күз айы жамгырга бай эмеспи, нөшөрлөп жамгыр жаап, кайра ачылып, түшүп жаткан жалбырактардан дарактар жылагачтанып калды. Жай айы ысык болгондуктан, жылуу кийимге бат эле өтүп кеттик. Турмушубүз эл катары өтүп жатты. Темирлан менен таанышкандан бери кайра жолугушпадым. Күз күрөш болуп, ар ким өз жумушу менен элек болдук.

Жумуш аябай кызып, жасалып жаткан эмеректерге кардарлар көбөйүп, жумушчу жетишпей жатты. Ишканага бухгалтер керек болуп жарыя бердик. Директорубуз Назар байке, мурдагыдай желим идиштерге толтура кылып газ суу алып келип койгонун уланта берди. Жумушчулар аны бат эле ичип коюшат экен. Ошентип, жумуш кызып жүргөн күндөрү “Жаңы бухгалтер келди”, – деп калышты.

Ал менин жумушум болбогондуктан, ким келгени анча мени кызыктырган жок.

Күндөгүдөй жумушта болчумун, канча жыгач керек экенин айтканы бухгалтерге кирдим.

Кызык, бухгалтердин ордунда Салкын отуруптур. Күтүлбөгөн кездешүү болду.

– Оой, эмне кылып отурасын? – десем

– Жумушка орноштум, – деди.

Ал да таң кала түштү. Келген жумуш боюнча сүйлөшүп, өз жумушума кайра чыгып кеттим.

Арадан бир топ күн өттү. Жумуштан үйгө келгенде чарчап калып, кызым Аруукени да көпкө эркелете албай калдым. Сезим үйдө отуруп зериктим дей баштады. -“Аруукенин жашы бала бакчага жете элек, ага чейин үйдө отурасын” – деп катуу айтып жибердим. Жини келген Сезим кечки тамактан туруп кетти.

Үй-бүлөөдө ар кимибиздин мүнөзүбүз ар башка, бир туугандарымдын арасынан мен өтө эле боорукермин. Баарына күйүнүп турамын, ошону үчүнбү, боюм кичине болуп калган.

Сезимдин маанайы жок туруп кеткенине столду өзүм жыйнаштырып койдум. Сезимди өзүм жактырып үйлөнгөнмүн, менден эки жаш кичине, бир айылдан болобуз. Үйдө отура берип, чынында эч жакка чыкпай, зеригип кетти деп туура түшүнүп жүрдүм.

Темирлан кызуу болуп келгенде ызы-чуу салып жүрдү. Алардын жаңжалына аралашпай калдым. Анткени Салкын менен чогуу иштеп калганыбызды Темирлан менен Сезим дагы билген болчу. Башында келинчегим -” Кандай экөөң бирге иштеп калдың? ” – деп баш оорута берди. Анын алдында актангым келбеди,- ” Аны Салкындан сура, мен деле сага окшоп билген эмесмин!” –

Уландысы бар…


И. Акпарова.
www.kafiye.net