Конкурска.

Ак жүз аарчы 2-бөлүм

Терезеге жакын келип айланага көз чаптырдым. Көрсө үн биздин тушубузда жашап жаткан коңушунун үйүнөн чыгып жаткан экен. Үйү көрүнүп турганы менен аралыгыбыз бир топ эле. Эмне болгонун түшүнбөй Сезимди издеп сырткы үйгө чыктым. Сезим сырткы үйдө Аруукеге тамак берип жаткан экен.

– Коңушунун үйүнөн үн чыгып жатат, эмне болуп жатат? – деп келинчегимден сурадым.

Ал үн бир сааттан бери тынбай жатканын айтты. Эмне болуп жатканын түшүнбөй эшикке чыктым, коңушумдун үйүндө эркек кишинин сөгүнүп жатканын угуп кызуу окшойт деп кайра үйгө кирдим. Ал киши менден эрте жумушка кеткени үчүн анын жүзүн көргөн эмесмин. Мен жумушка жөнөгөндө, алардын үйүнө кирип – чыгып жүргөн келинди алыстан байкачумун. Бирок ал келин мени көрчү эмес.

Бир күнү жумушка жөнөп үйдөн чыгып бара жатсам, жолумдан чака көтөрүп чыга калды.

Баш ийкешип өтүп кеттим. Болжолу менен бизден жашы кичүүдөй көрүндү. Ошол күнү алардын үйүнөн чыккан үн бир катуулап, бир ылдыйлап, акыры тынчып калышты.

Эрте менен күндөгүдөй жумушка келдим. Ал күнү күн салкын болуп газдалган суу анча сатылбады. Болгон акчаны Кадыр байкеге берип, ишим чыгып калды деп, жумуш караштырганы шаар кыдырып кеттим. Кечке чейин жумуш таппай үйгө кеч келдим.

Үйгө кирип бара жатып коңушунун үйүн карап койдум. Бүгүн тынчтай сезилди. Сезимге жумуш караштырып таппайганымды айттым.

“Азырынча жумуш жакшы эле, эгер жакшы жумуш чыгып калса которулуп аласын” – деди.

Арадан бир канча күн өтүп күндөгүдөй жумушта элем, желим идишке суу алып жүргөн киши бир топ күн келбей калган болчу.

– Бүгүн суудан берчи, – деп ошол күнү эки чоң желим идишке суу алды.

-Байке, эмнеге көп аласыз, бир өзүңүзгө көптүк кылбайбы? – деп сурап калдым.

– Аай Бегалы, бул суунун баарын ичсем жарылып кетпейминби ! Сууну жумушчуларыма алып барам, бир чыныдан ичип отуруп бат эле түгөтүшүп коёт-деп күлүп жиберди.

Кандай жумуш болду экен деп ичимден кызыга түштүм. Сууну алып шашылып жөнөп кетти.

Кечинде кызым Аруукени ойнотуп отурсам, Сезим жаныма келип коңушу келин менен таанышканын айтып калды. Анын аты Салкын экен, үйлөнүшкөнүнө эки жыл болуптур. Күйөөсү кайсы бир жакшы жумушта иштейт экен. Азырынча балдары жок экен. Кээде күйөөсү кызуу келип ызы-чуу салып турганын айтып берди деди. Мен ичпегеним үчүн ошондой ичип келип үйгө тынчтык бербеген эркектерди аябай жаман көрчүмүн. Ошондуктанбы, ал коңушу эркек менен таанышкым келбеди. .

Күн өтө ысык болуп турганда, сироп калбай калып, эки- үч күн суу сатылбай калды. Кадыр байке бош отуруп калбагын деп, даяр желим бөтөлкөдөгү сууларды алып келип берди. Алар газ суудай жакшы кетпей, айла жок аралатып сатып жаттым.

Дайыма суу алып жүргөн байке келип, жумушсуз отурганымды көрүп:

– Сага көптөн бери айталбай жүрдүм эле, минтип суу сатканың жакшы эмес. Башка эле жумушка өтпөйсүнбү? – деп калды.

– Жакшы жумуш болсо иштейт элем, издеп таппай жатам, – дедим.

– Анда менде жумуш бар, кааласаң барып көр, – деди.

Таппай турган жаным дарегин алып калдым. Сироп жок бир жума иш болбой, акыры ал жумуштан бошоп кеттим. Кадыр байке мага кыйылып жатып жооп берди. Жумуш жакшы болбогонуна акчамды аз берди, ага деле капа болгон жокмун.

Ал күнү алып калган дарек менен суу алып жүргөн кишинин ишканасына бардым.

Анын эмерек жасап чыгаруучу чоң ишканасы бар экен. Айлыгы жакшы экен, дароо келишим түзүп, жумушчулардын үстүнөн башкаруучу болуп орноштум. Күндөрдүн өтүшү менен турмушубуз акырындап оңоло баштады.

Бүгүн айлык алып үйгө көңүлдүү кайттым, эшиктен короого кирсем жанагы коңушунун үнү короону жаңыртып жатыптыр. Унчукпай үйгө кирип кеттим. Бир убакта аялдын ыйлап жаткан үнү чыгып калды. Боорукер жаным үйдөн чуркап чыктым. Эшикте келинчегин тепкилеп жатканын көрүп карап тура албай чуркап бардым.

– Кой тууган, аял кишиге кол көтөрбөйт ! – дедим.

Мени көрүп күйөөсү :

– Ушинтип таанышат экенбиз да, жайчылыкта сүйлөшөбүз! – деп үйүнө кирип кетти.

Ыйлап отурган Салкынды колун тартып тургузгум келди, бирок ага эрким жетпеди.

Уландысы бар…

И. Акпарова.

www.kafiye.net