Kategoriler

Arşivler

Totu Arzikulova Kategoriler

Tarih 17 Nis 2022 Kategori: Totu Arzikulova, Totu Arzikulova

Күч күйөө(46).

Күч күйөө(46). Алтынай өтө сезимтал кыз экен, – Бүбайша эже сиздер менен жашап жакшы болбодубу, апам эки жерде пол жууп кыйналчуу эле. Эми баарыбыз бирге жашап калдык, мектепке да бармай болдук деп сүйүндү. Врач келип, – анализдерди көрдүм, билбей турам кандай дарылашты… балким, – дегенде… – Ооба мен баарын билем Москвага жолдомобуз бар, Алтынайды эле […]

Tarih 2 Kas 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө(45).

Күч күйөө(45). Алымбек, Күмүштү эки кызы менен үйүнө келип жашаганына каршы болсо да унчуга алган жок, биринчиден атасы жашайт деп чечип койду, экинчиден Толгонай менен Чолпонайдын кайсы үй бүлөдө жашаары чечиле элек болчу. Өзү да эмне айла табаарын билбей жүрдү. Эки күн өткөндөн кийин атасы телефон чалып кыздарды борборго алып келгиле, врач таап койдум деди. […]

Tarih 2 Kas 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө(44).

Күч күйөө(44). Үйгө жеткенде эле машинадан түшүп Бурма Толгонайды көтөрүп ашкананы көздөй жөнөдү, мен балага тамак берейин, курсагы ачты, – деп тамак жылытып кирди. Бүбүайша келип, – Бурма врач эмне деди, жаңылык барбы деп сурады, – ооба эже чоң жаңылык бар, баланы тойгузуп коёюн, сиз сыртка чыгыңыз, конок келди, – деди Бурма. Дагы ким келди […]

Tarih 2 Kas 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө(43).

Күч күйөө(43). Баары дасторкон четинде шатыра шатман көңүлдүү отурду, Сабырбек күү чертип, Валя ” Катюшаны” ырдап. Көптөн бери буулугуп жүргөн Бүбүайша жеңилдеп, жакындарынын башын бириктирип отурганына сүйүндү. Баарына төшөнчү орун салып бүткөндөн кийин, Перизат, Бурма, Бүбүайша өздөрнчө ал – жай сурашып сүйлөшүп калышты. Перизат ,- жакшы болбодубу силерди сагынып араң жүргөм деп бетинен алмак – […]

Tarih 2 Kas 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө(42).

Күч күйөө(42). Эмнеге окшош эмес деген ой Бурманы бир топ түйшөлтүп уктай албай жатты, эжесине айтайын деп, коркту, канынын көтөрүлбөй, өспөй калганына да таң калып турду, баарына бир жооп, ошол жооптон жүрөгү үшүп турду… Бүбүайша эрте мененки чайга камынып жатып,тайкем менен жеңемди чакыртып келсек жакшы болмок, чогу кобурашып отурмак ,- деди. Мейли анда шоопурду чакырып […]

Tarih 4 Eyl 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө (41).

Күч күйөө (41). Бүбүайша күнүгө балдар менен жумушка кетип, үй иштеринин баары Валя апага калып, базарга барып, үйдө тамак жасап, бекер отурбай, өзүн керектүү сезип, бат эле көнүп кетти. Кайра кетип калам деген оюунан кайтып, баш оту менен Бүбүайшага жардам берип жатты. Үйүнө барганда эле ким күтүп турат эле, коколой башы жалгыз үйдө… Алымбек жумушка […]

Tarih 4 Eyl 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө(40)

Күч күйөө(40) Чоң жолдон өткөн автобус токтоп, Алымбек түшүп келе жатканын көрүп, Кубат ата, атам келди – деп чуркап жөнөдү. Көтөрүп алып кана менин балам апасына жардам бердиби, карындашын карадыбы, айсынчы, – деп көкөлөтүп асманга ыргытты. Ата жерге коё бериңиз, мен чоңмун да эми, Валя апам менен бакчага барып жаттым, апаны мен жетелеп алам, кечинде […]

Tarih 13 Ağu 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө(39).

Күч күйөө(39). Бүбүайша таңга жуук уйкудан көзү уумачтай ачылды, түш көрбөй эле өңүндө көрүп жаткандай болду, кызын жетелеп бара жатып эле жок таппайт… Толгонай, Толгонай деп колун созуп издеп, дубалга барып такалып ойгонуп кетти… Көзүн ачып келмесин келтирип караса палатада колун созуп турат, чуркап барып кранды ачып, түшүн айтып сууну коё берди… Түшүнөн коркуп эч […]

Tarih 13 Ağu 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө(38).

Күч күйөө(38). Бүбүайша төрөткө чейинки өзүн жоготуп, эс учунан танган учурду унуткусу келди, менин бул жарыкчылыктагы милдетим, уул – казыма татыктуу тарбия берүү, Алымбекке мыкты жар болуп бактылуу жашоо жеп ойлоп, уктап бараткан кызын мудун чымчып эмизип жатты… Аңгыча Алымбек кирип келип,- апасы мени кыздуу кылып өтө бактылуу кылдың гоо – деп маңдайынан өптү. Ии […]

Tarih 13 Haz 2021 Kategori: Totu Arzikulova

Күч күйөө(36).

Күч күйөө(36). Бүбүайша көзүн ачса күн шашке бою көтөрүлүп калыптыр. Ашкандан сүйлөшкөн үндү угуп жазбай тааныды, Алымбек келип калган турбайбы деп сүйүнүп кетти. Өйдө болуп турайын десе башы ооруп тура албай койду да, коркуу сезим пайда болуп, калтырак басты. Кайра өзүн колго алып мен баарына чыдайм, өзүмө ант бергем, биздин бактыбыз үчүн, балдарым үчүн чыдайм […]