Сагыныч 9-бөлүм.




Бейшенди күтүп турууга менде убакыт жок эле. Машинаны айдадым да жумушума жөнөдүм. Ал күнү жамгыр жаап жол туман эле, колум рулда болгону менен оюм чачылып, жумушка араң жетип келдим. Жумуш деле көзүмө көрүнбөдү. Жерге сууга батпай, үшкүрүнүп ары-бери баса бердим, “сиркем суу көтөрбөй” жумушчу кыздарды кагып жаттым. Бейшен кайсы жакка кетти экен, ким менен кетти экен деген ойлордон өзүмдү коёрго жер таппай жаттым.

Турмуш мынча татаал экен, башымды столго коюп, бакытымды жоготкум келбейт деген ойдо ичимден солкулдап ыйлай жаттым.

Бейшен чет жакта жүргөн кезде, жумуш аркулуу Сюзан деген метис кыз менен байланышып калат экен. Алгач алар жумуш боюнча иштешип жүрүшөт. Кийин чогуу иштегендер менен бир ийгиликти белгилеп, ошол кечеде экөө жакындан таанышышат.

Сюзан кара тору болгону менен, көзгө жагымдуу сулуу кыз эле. Бейшен ошол убакытта үй-бүлөөсү алыста болуп, бойдок жүргөн кез болчу. Сюзанды көргөндө эле Бейшенде жылуу сезим пайда болот. Жакындан таанышкандан кийин жолугушуп жүрүп, Бейшен аны жактырып калат. Салтты бузбайын деп нике кыйдырып, үйлөнүп алат. Үй менен сүйлөшүп, бала – чакасыны эч нерседен кем кылбай, эки тарапты багып жүрө берет. Бейшен ичинде “Сюзан менен кийин чогуу жашабасам керек, биздин жашоо убактылуу” деп ойлойт. Экөө эки жыл жашагандан кийин Бейшен Сюзанга мекенине барып келемин дейт. Бейшен өз жерине келбегенине бир топ жыл болгонуна, балдарыны сагынып, көрүп келүүнү чечет. Көптөн бери көрбөгөн мекенине келет. Балдарын, Айсулууну, жакындарын көрүп сагынычын жазат. Ал кезде Күнсулуу менен Жантөрө да чоңоюп калышкан болот. Айсулуунун “Кетпечи, балдар менен чогуу жашайлы, балдар сени сагынат экен” деп күндө айта бергенинен акыры калып калууну чечет.

Бейшен келгенден кийин Сюзан менен байланышып турат. Ал убакта Сюзан кош бойлуу экенин билип, Бейшен келгенде кабарлаймын деп күтүп жүрө берет. Бейшен жаңы жумушка орношуп, ишине киришип кетет да ошол боюнча кетүү жөнүндө ойлонбой калат.

Убакыт өтүп Сюзан уул төрөйт, Бейшен барып калам деп жүрө берет, келбесине көзү жеткенде уулдуу болушканын айтат. Бейшен кубанганы менен келечекте ал жакта жашай албаганын элестетип, кийинчерээк барамын дей берет. Сюзан качан баласы бир жашка толгондо баласы менен учуп келет.

Бактылуу жашообуз Сюзан келгенден кийин өзгөрө баштады. Сюзан өзү эле келбей, бир жаштагы баласын ала келет. Бейшен аларды күтөпөгөн үчүн чоочуп кетет. Баласы ал кезде басып калган болот, эки жылдан бери Сюзанды көрбөй сагынганын сезет, кучактап өөп, экөөнү күтүп алат.

Үй табып, аларды жайгаштырышты ойлонот, жумушунан алыс эмес жерге жайгаштырат, ар күнү кечинде келип кетип жүрөт. Баласы өзүнө окшогон, аны Бейшен шеги жок кабыл алат. Сюзан баласынын атын Арчи деп тааныштырат. Бир ай Бейшен менен чогуу болгон турмуш, жаңы жер, жаңы эл Сюзанга жагып калат. Бейшендин башка үй-бүлөөсү бар экенин угуп капа болот: “Эмнеге башында айтпадың? Уй-бүлөң бар болсо эмнеге мага үйлөндүң?” деп Бейшенди кыйнап жиберет. Ошол мезгилде Бейшен эки жактын камы менен ойлуу жүрүп, азып кетет. Чынында Сюзанды жакшы көрөт, бирок алып калганга мүмкүн эмес болчу. Аны сезген Сюзан, Бейшен чогуу кетпешине көзү жетип, ага билдирбей өзүнө кайра кеткенге билет алат. Билетти Бейшен ошол күнү билет. Сюзан ойунда баласын атасына таштаса, Бейшен кайра артынан учуп барат деп ойлогон. Баласын калтырып атканын уча турган күнү айтат, ага Бейшен ынабай, Арчиге дагы билет алганга аракет кылат, бирок билет таба албай, айла жоктугун билген Бейшен баласын алып калат. Сюзан баланы таштап учуп кетет…

Чыгармага пикир калтырыңыздар смайлик эмес.



Уландысы бар.



И. Акпарова.
www.kafiye.net