Kategoriler

Arşivler

Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka Kategoriler

Tarih 2 Eki 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Бул дүйнө

Бул дүйнө Ой түрмөгүн улам сайын чубатып, Кээде мөгдөп, кээде көңүл жубатып. Түгөнбөгөн түйшүгү бар бул дүйнө, Өтүп жатат өмүр жашың суратып. Кээде бошоп, кээде кайра чыйралтып, Бир мезгилде себеп менен сыналтып. Бирине кор, бирине зар бул дүйнө, Жорголотуп, кээде коёт тушалтып. Өр тарттырып шайың алат түйшөлтүп, Кээде ылдый түртүп салат күүлөнтүп. Кээде шекер, кээде […]

Tarih 25 Eyl 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Билчи күчүн алымдын

Билчи күчүн алымдын Күйүп бүтпөй өчкөн шамга тигилип, Бирде өлүп бирде сезим тирилип. Мен тандоодон да бир ирээт жаңылдым, Ызаа менен муңга башым ийилип. Жадырадым жаздын жаңы гүлүндөй, Жалжылдадым жайдын узак күнүндөй. Ишеничим бир калыпта кармалып, Күткөм көңүл, калуучудай бөксөрбөй. Тепчип өтүп ар бир сөзүң мамилең, Тилип кетти жүрөгүмдү теңинен. Таза жери калбагандай бүлкүлдөп, Алсыз […]

Дүйнөнү мен эми сүйө аламбы (Болгон окуя) Тагдырым тебеленип талкаланды,Жүрөгүм тилинип жараланды.Бул азап маңдайга жазылган го,Өмүрүм чийилип караланды. Зордолуп намысым арааланды,Келечек кан жутуп жазаланды.Ичтеги арманды кайда катып,Жалгандан чындыкты табаламбы? Көкүрөк ачышып туталанды,Көздөгү жашымды тыя аламбы?Өзүмдөн өзүм катуу чүнчүп эми,Бир өмүр баарынан уяламбы? Көөдөнүм эзилбей тураламбы?Башымды көтөрүп жүрө аламбы?Берилип жүрөктөн баягыдай,Дүйнөнү мен эми сүйө аламбы? Жылдан […]

Tarih 15 Tem 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Не таптык?

Не таптык? Биз сүйүүдөн не жоготуп, не таптык?Нелерди айтып, эмнелерди сыр каттык?Багбан болуп көңүл гүлүн өстүрбөй,Жүрөктөрдү нечен ирээт канаттык. Бир болууга кандай ишти жасадык?Кыскарсын деп ортодогу аралык.Катарлашпай өз өзүнчө озунуп,Кайда, качан, канча кадам таштадык? Биз экөөбүз тирешүүдөн не таптык?Кыйышпаган сөздөр менен сураштык,Чырт үзүлүп үмүттөрдүн кылдары,Акырындап алысташып бараттык. Биз экөөбүз биригүүдөн не таптык?Түшүнүшпөй неге өкүнүч жараттык?Жөпжөнөкөй […]

Качан сага таарынганда ыр жазам Эстеп көрчү канча ырымды арнагам,Ыргагына кай багытты тандагам.Сөзуң угуп көңүлүмдү ооруткан,Канча жолу мен ыр менен таарынгам. Айлананы от менен суу курчаган,Оңой болбойт, бизди жашоо тушаган.Тагып алып көз айнегин мастыктын,Тандаганым бүт оюмду булгаган. Өкүнүчтүү өткөн күндүн таасири,Өткөн элес өмүрүңдүн баңгиси.Салыштырбай унутулса сакталмак,Жабыркаган көңүлдөрдүн назиги. Өзгөрүлдүк, жылуу сезим, сөздөр жок,Туюктамын, кете албаймын […]

Жүрөмүн чечим чыгарбай Муңайса менин көздөрүм,Кыскарып калса сөздөрүм.Өзгөртүп ойду таарынба,Көөдөндөн сени бөлбөдүм. Артыгын сенден көрбөдүм,Оюмду күчтөп жөндөдүм.Жанашпай алыс калсак да,Сыйлашкан күндү көздөдүм. Сездирип сүйүү бүрлөрүн,Көп сундуң көңүл гүлдөрүн,Көбүртпөй бирок сезимди,Муздатты үнсүз жүргөнүң. Антсең да турам кыя албай,Үмүттүн жибин үзө албай.Байлабай бирок бошотпой,Жүрөмүн, чечим чыгарбай. 11.11.2020ж 20:30 Райбекова Аwww.kafiye.net

Tarih 7 Tem 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Акын жүрөк жигит бар

Акын жүрөк жигит бар Биз адамбыз, жан дүйнөсү башкача, Арман-арзуу тепчип өтөт жазгыча. Кызыл тазыл кызгалдактай кыялдар, Жашайт бизде чын дүйнөгө баргыча. Сен күчтүүсүң, сүйүү сага куралдай, Чабуул кылаар алсырабай, буйдалбай. Жүрөк толгон сезимдердин учкуну, Эркин жүрөт кишенделип тушалбай. Бербесем да сезимиңдин жообун, Бир теңимин сен жашаган коомдун. Үлбүрөгөн үмүт отун жандырып, Себепчиси болом аман […]

Tarih 6 Haz 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Мен

Мен Жарк этип күндө, жылдызга окшоп жылмаям, Түнөрүп кээде, бүркөлгөн көктөй сумсаям. Абайлап койбой, оюмду айтып ачыктап, Сүйлөгөн шайыр, мүнөздөн кээде уялам. Кыялкеч, ойноок, ишенчээк кызмын жашыман, Өйдө-ылдый, азап-кубаныч өттү башыман. Тагынып күлгүн көз айнек менен суктанып, Жашоомдун көркүн көрөмүн жазган ырыман. Айрылгым келбей, эркелик деген кыялдан, Баш ийбей жүрдүм, сүрдөбөй жигит сынынан. Кылыгым калып, […]

Tarih 6 Haz 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Баарына бай бололу

Баарына бай бололу Жан кейиткен оорудан сак бололу, Жашты агызган азапка жат бололу. Өмүрдөгү кызыктар эселенип, Бул дүйнөдө баардыгына бай бололу. Тагдыр калсын байланып тар жолдогу, Талаа түздө кырсыктын аз болгону. Буйрук болуп ата эне, бир тууганың, Таалайыңда жакшы эмеспи бар болгону. Жаратканым берип турсун ойлогонду, Алыс кылсын мээнет менен ойногонду. Кайрат күчүн, намысын эске […]

Tarih 1 Haz 2021 Kategori: Raibekova Aichuruk Raibekovna / Ayka

Сени издеп

Сени издеп Сени издеп каякка барайын? Канча күн, канча ай санайын? Кеп учун баштоого жолуксам, Эх жаным не себеп табайын? Сени издеп каякка барайын? Багытты кай жакка бурайын? Кезикпей кечигип жатканың, Тагдырга оодарып турайын. Сени издеп каякка барайын? Билгизбей азабың тартайын. Бирок сен жарк этип бир күнү, Келет деп жолуңду карайын. Сени издеп эч жакка […]