Сагыныч 10-бөлүм.



Бейшен Арчини жетелеп, илгий машинаны көздөй басты. Сюзан учуп кетип, бүгүн ушинтип Арчини жетелеп калышыны Бейшен үч уктаса түшүндө да көрбөгөн эле. Жан дүйнөсү эңшерилип, аянычтуу музыканын үнү менен тумандуу жолдо ой басып бара жатты. Арчи машинанын арткы отургучундагы коляскада бир нерселерди чулдурап, эки жакты карап отурду. Бүгүнкү көрүнүш ушундай тез болуп кеткенине Бейшен өзүнүн зиректиги менен сезбей калганына таң калды. Алдында дагы кандай окуялар күтүп турат деп, улам моюндагы көйнөгүнүн топчусун топчулап кайра чечип жатты. Барынан да Арчинин тагдыры кандай болот деп терең үшкүрүп алды.

Ойлонуп жатып үйгө кантип жетип келгенин сезбей да калды. Баланы коляскадан чечип, үйгө алып кирди.

Сюзан жок үй бош калгансып көрүндү. Бир ай аны менен кошо болгон жашоо көз алдынан чуурулуп жатты.

Үйдөгү жылуулук да Сюзан менен кошо кеткендей, үй суук экен. Дароо ток мешти сайып, үйдү жылытты. Ал күнү кечинде Сюзан жетип алып Бейшенге конгуро какты, жетип алганын айтып дароо Арчини сурады:

– Бейшен, сен мага капа болбо, артымдан бирге келесиңер деп баланы атайы таштадым. Ишенемин, экөөң артымдан келесиңер, мен силерди жакшы көрөм, батыраак келгиле! – деп ыйлады. Бейшендин жини келип турса да унчукпай тим болду. Сюзан менен көпкө сүйлөшкүсү келбеди. Ал күну Бейшен Арчи менен таң атырды. Түнү апасын издеп ыйлап чыкты. Күнсулуу менен Жөнтөрөнү убагында Айсулуу ушинтип өстүргөн турбайбы деп ичинен ойлоду. Өмүрүндө бала карабаган Бейшен ал күнү кыйналып чыкты. Эрте менен жумушка барыш керек болчу, ары ойлонуп бери ойлонуп отуруп бала багуучу кыз алууну чечти. Издеп бир бир кызды тапты. Ал күнү Арчини Насыйкатка көндүрүш үчүн Бейшен жумуштан калды. Насыйкат жакшы кожеке экенин жасаган жумуштарынан билинди, бир четинен үй жумуштарыма да жардам берет деп ойлоду ичинен Бейшен. Арчи кичине болгонуна Насыйкатка бат эле көнүп кетти. Бейшен жумушта болгону менен эсинин бары Арчиде болуп калды. Кечинде келсе үйү жыйылган, тамагы даяр болуп Бейшенге да жеңил болду. Сүйүнгөнүнөн Насыкатка айлыгын алдын ала төлөп койду. Бир күну Насыйкат Арчинин апасы жөнүндө сурап калат, ошондо Сюзан менен болгон жашоосунун баарын айтып берет. Ошондон кийин Насыйкат баланы өтө этияттап карады анткени Арчи назик, көзгө жагымдуу бала эле. Бейшендин оюу дайыма Арчиде болгонуна Насыйкатка баланы жакшы кароону тез- тез эскертип жүрдү.

Бейшен бир топ ай үйгө келбей койгонуна жумушуна келдим. Көптөн бери көрүшпөгөнүбүзгө Бейшен жүдөп калыптыр. Экөөбүз салкын гана саламдаштык. Ал да, мен да, бир топко чейин унчукпай отурдук.

– Эмнеге үйгө барбай жатасын? – дедим акыры тынчтыкты бузуп. Бейшен бир топко чейин учукпай турду да:

– Сен билбеген көп жаңылыктар бар, – деди башын көтөрбөй,

– Азыр үйдө кичинекей конок бар, аны карап колум тийбей жатат, – деди.

Элден уккан сөздөр чын окшойт деп ойлонуп кеттим. Бир убакта кабинетинен кетели деп эшигин жапты. Мен да унчукпай артынан бастым.

– Машинаңды айдап менин артымдан жүр, – деди. Машинага отуруп артынан айдап жөнөдүм. Жумушунан анча алыс эмес үйгө келип токтоду. Мен да машинаны артынан токтоттум. “Жүр” дегенсип колун жаңсап жолду көрсөттү, артынан ээрчип бир үйгө чогуу кирдик. Киргенде эле бир кыз менен балага көзүм түштү, кызыктай боло түштүм. Бейшен кызды Насыйкат, баланы Арчи деп мага колу менен көрсөтүп тааныштырды.

– Бул менин уулум, – деди Арчини көрсөтүп. Уккан кулагыма ишенбей, бүт денем чымырап, бүткөн боюм чымырап кетти. Насыйкат учурда Арчини карап жатканын айтты. Баланы көрүп ичимден жаман болдум. Бейшендин мындай жолго барганын билип ичимден сызып кеттим. Менин ыйлашымды билдиби, Бейшен сыртка чыгып кетти. Көз алдыма балдарым тартыла түштү, кантип ушуларды алмаштырды экен деп Бейшенди ичимден жек көрүп жаттым. Чулдуруктап оюнчуктарды ойноп жаткан, көзү карагаттай күлүңдөгөн кара тору, көзгө жагымдуу болгон Арчини карап турдум. Бир мени бир Насыйкатты карап тамтаңдап оюнчуктарды ыргытып ойноп жатты. Сюзандын келип кеткени жөнүндө Насыйкаттан билдим. Бир убакытта эшиктен көтөрүнүп Бейшен кирип келди, ыйлап бүтүп отуруп калган элем. Ыйлаганымды сезип унчуккан жок. Арчи чуркап келип Бейшендин бутуна жалмашты. Бейшен көтөрүп, бетинен өөп жатты. Арчи менин бейтааныш экенимди билип, улам-улам карап коёт. Бейшен Арчини колунан түшүрөйүн деген сайын Бейшенге чап жалмашып, түшкүсү келбей жатты.

Аны көрүп жан дүйнөм куурулду. Эмне деп күнөөлөп урушумду билбей, көзүмдөн жашым шорголоп, муундарым бошоп кетти да Насыйкаттын жасап койгон столуна отурбай сенделип эшикке карай жөнөдүм. Насыйкат да Бейшен да менин абалымды көрүп артымдан сөз айталбай туруп калышты. Жолдо жан дүйнөм эзилип, карегимден жаш куюлуп бара жаттым. Ичимдеги ызаам тынчыбай, машинаны жолдун чекесине токтотуп, ээн жерде үнүмдүн барынча чыгарып ыйлап алдым. Качан гана ызаамдын баары чыгып кеткенде өзүмдөн өзүм тынчып калдым. Айлана жым-жырт, агып жаткан суулар, дарак-таштар, ичиңдеги бугуң чыктыбы дегенсип баары мага мээлжирейт. Илкий басып, машинага отурдум да үйдү карай жөнөдүм. Радиодо жүрөк эзген музыка жаңырып, көңүлүм чөгүп келе жаттым. Мен чыдагыс окуялар деп ойлонуп жатып үйгө келип калыпмын. Үйгө кирдим да эч нерсеге карабай эмерекке жыгылдым. Намысым тепселенгенине дүйнөм таарып, аалам безип кетким келди. Азаптан аккан көз жашым жаздыкка тамып сиңип жатты…


Уландысы бар




И. Акпарова

www.kafiye.net