Ак бет аарчы 6-бөлүм

Мен отурган унаа көп жүрүп, акыры бир үйгө келди. Эшигин ачып мени “Түш!” деди. Мен түшүп, аларды ээрчий бастым. Сыртынан жакшы көрүнгөн кооз үй экен.

– Үйгө кир, – деп эшигин ачты. Үйдүн ичинде бир топ кишилер жүрүптүр.

– Бул жерде эмне кыламын? Айтчу сөздөрүңөр болсо ошол жерде айтсаңар болмок, келинчегим ыйлаган боюнча калды, кичинекей кызым дагы бар эле! – дедим жиним келип.

– Коркпо, сени эч ким эч нерсе кылбайт,

– Коркконум жок, мени жемек белеңер – дедим ызырынып.

– Билесин да сенде карызың көп экенин?

– Эмне кылсаңар ошол кылгыла, менде акча жок, кааласаңар товарды кайтарып алгыла!

– Бизге акчасы керек, келинчегин акча таап келмейинче ушул жерде отура турасын – деди Гүлназ эже.

Мен ашыкча сүйлөгөн жокмун. Алардын үйдө үч күн бир бөлмөдөн чыкпай отурум. Бирок тамак-ашты берип турушту.

– Гүлназ эже, мени кармап отурганда эч нерсе өзгөрбөйт, эгер акча болсо сизге бербейт белем, аялым жалгыз жаш кызы менен калган мен сизге товар гана кайтара аламын, – дедим. Гүлназ эже такыр сөз сүйлөбөдү. Сыртка чыгып кирип калганымда алардын үйүндө жүргөн аксакалды көррүп калчумун.

Бир күнү ал аксакал мени байкап калды. Мени алар менен чогу иштеген балдардын бирөөсү экен деп ойлоп жүрүптүр.

– Ии балам, сен жардамчысынбы? – деп сурап калды,

– Жок ата, мен акча карызмын Гүлназ эжеден, акчасын бере албай калганыма мени бул жакка алып келишти – дедим.

Болгон окуяны баарын түшүндүрүп, азыр эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок экенин аксакалга айттым.

– Коё турчу. Адыл, бери келчи! – деп чакырып калды. Мени сүйрөп келген жигиттин бирөөсү аксакалдын алдына келди.

– Ата, угуп жатамын- деп кулак төшөдү.

– Бул жигитти эмне кыласыңар кармап, бергенге шарты жок болсо? Мен силерди мындай жолго тарбиялаган эмесмин! Бул эмне кылганыңар? Бул адамды уурдап келгенге жатат! Шартын карагыла, мүмкүнчүлүгү болбосо ошол акчаны кечип койгула деп канча жолу айттым эле! – деп жанагы Адылга карай жини келип сүйлөдү, – Азыр дасторкон салгыла да бул жигитти жакшылап сыйлап, эттен салып, баштыгын толтуруп үйүнө жеткирип койгула. Силер кечпесеңер мен бул баланын карызын кечтим! – деди.

Адыл үн чыкпай туруп калды.

Аксакалдын сөзүн ары жакта туруп уккан Гүлназ эже биздин алдыбызга келди да:

– Ата, ошончо акчаны кантип кечебиз? – деп аксакалдын айтканына макул болбой койду.

– Токто Гүлназ, сен эмне асмандан түштүң беле акча менен бирге? Сен деле ушул балага окшоп бир тыйыныңды эки тыйын кылып улагансын, эмне эсиңден чыктыбы? – деди жини келип, – Сөзүмдү кайтарбагын, тамакты алып кел, – деп Гүлназ эжеге карады. Эже унчукпай үйгө кирип кетти.

Аксакал мени чын жүрөгү менен коргоду.

– Балам, капа болбо, мен башында эле сенден сурасам болмок экен. Жакшы кеч болсо да сураганым, бекер эле убакытыңды кетирип отурупсун, – деди. Аксакал айтып жатса мен ишенбей турдум, кантип эле акчаны кечип коёт эле деп.

Бир убакта чоң баштыкты көтөрүп Гүлназ эже алдыбызга келип баштыкты аксакалга берди. Аксакал баштыкты ачып көрүп, ичине дасторкондун бетинде турган нандарды салып, баштыкты толтуруп мага берди, – “Балдарыңа алып бар” -деп.

– Жок ата, жөн эле коюңуз, эмне кыламын? – дедим тартынып.

– Балам, сени азыр үйүңө жеткирип коюшат, сенин ишиң дагы жүрүшсүн, жаш үй-бүлөө экенсин – деп бата кылды.

– Ата, сиз ким болосуз бул үй-бүлөгө? – дедим.

– Гүлназ менин кызым болот, Адыл күйөө балам. Балдарымды жакшы иштерге өзүм үйрөткөнмүн. Менин сөзүмдү эки кылышпайт. Багалы балам, эми үй-бүлөңө бар, жакшы иштеп бактылуу болгула – деди.

Мен атанын сөзүнө абдан ыраазы болуп, рахматымды билдирдим.

– Ата, мен кичинемден атасыз өскөнмүн, атанын жакшы сөзүнө муктаж болуп жүрчүмүн. Азыр өз атам тирилип мага бата бергендей эле болду. Сизге кантип рахматым айтсам экен деп турамын – деп көзүмө жаш тегеренип кетти.

-Балдарымдын туура эмес кылган иштерине мен дагы ачуум келип турат.

Макул балам, эми кете бер, – деп аксакал ордунан турду.

Мен кучактап коштошуп сыртка чыктым.

Гүлназ эже атасынын сөзүнөн өтө албаганы анын көзүнөн билинип турду. Мага башын ийкеп, үйгө кирип кетти. Адыл унааны айдап келип мени “Отур” деди. Жол катар экөөбүз тең унчукпай кеттик. Үйгө алып келип, түшүрүп коюп, башын ийкеп унчукпай кетип калды. Сезим менин келгениме сүйүнүп кеттиби, чуркап келип, көзүнө жаш алып: “Жакшы келдиңби? Сени кайсы жерден издеймин деп жаттым эле!” – деди. Колумдагы баштыкты алып, бир мени бир баштыкты карап туруп калды. Сезимге аксакалдын жакшылык кылганын айтып бердим. Тууган уругуң жаныңда болбосо, ушундай мезгилде үй-бүлөөң эң жакын адамдарың болуп калат экен, биз таарынышып, урушсак дагы бири-бирибизди издешет экенбиз.

“Аман келгениң жакшы болду!” деп, Сезим акчаны кечкендерине маңдайы жарыла сүйүнүп калды.

Күз айынын жамгырлуу күндөрү акырындап кыштын аппак карына айланды. Кыштын ызгардуу күндөрү башталып, үй-бүлөөбүзгө бир топ түйшүк алып келди. Туруктуу жумуш болбой кыйналып кеттик. Чыдап кыштан чыксак эле башка жактан жумуш караштырайын деп ойлодум.

Ошентип арадан бир жыл өттү. Ал убакытта турмуштан кыйналып кеттик, айылдагы апама акча жибере албай калдым. Бир күн жумуштар менен жүрсөм, эски үйдүн ээсин көрүп калдым. Аны менен саламдашып, ал-акыбалын сураштырып жатып Темирланды сурадым, алар эмне себептен жым-жырт болуп кабар калтырбай кетип калганын билгим келди. Ал кишинин айтуусу боюнча, Салкын биздин үйгө качып келген күнү , Темирлан кечинде тынчып уктап калган болот, Салкын акырын кирип барганда эшиктин кыйчылдаган үнүнөн Темирлан ойгонуп кетет. “Сени менен эки жылдан бери балалуу болбой жатабыз! ” деп эшиктен кирген Салкынды тарткылап жатып катуу түртүп жиберет, Салкын жыгылып түшүп жатып калат. Темирлан мас болгонуна, жыгылып калган Салкынды байкабай уктап калат. Түн бир оокум болгондо, Темирлан өзүнө келип, Салкындын жерде жатканын байкайт, ордунан дароо туруп келип караса башы жарылып жаткан болот. Шашылып бейтапканага алып жөнөйт. Оор абалда эки күн жатып, акыры дарыгерлер өмүрүн сактап калыша албаптыр. Салкынды “Кокустан жыгылып калды” деп Темирлан жоопкерчиликтен кутулуп кетиптир. Ошол түнү үйүнон эч нерсени калтырбай алып кеткенин айтып бергенде эмне дешти билбей туруп калдым. “Салкын ошол түнү биздикинде түнөп калганда мындай окуя болбой калат беле?”-деген ой жүрөгүмдү эзди.

Ал күнү кабатыр болуп үйгө бардым. Салкын жөнүндө уккандарымды Сезимге айтып бергенимде:

– Ии байкуш, мага бир жакшылык кылып кете берген турбайбы, – деп, Салкындан Тамара тууралуу укканын байкабай мага айтып алды.

Сезимдин Тамарага кылган чуусу мага эми түшүнүктүү болду.

Уландысы бар…

И. Акпарова.

www.kafiye.net