Конкурска.

Ак жүз аарчы 7-бөлүм.

 

Темирландардын окуясы мени көп күн ойлонтуп жүрдү. Заманың кургур, заман зордуку экен, орто жолдо бир жаш өмүр кыйылып кете берди. Кылган кылмышы үчүн Темирлан жооп бербей, кайра иизин суутуп жашырып койду. Салкын өз турмушунан кордук көрүп жүргөнү үчүнбү, Сезимди аяп: “Алдын ала этият бол”, деген ойдо эскерткен окшойт деп ойлоп койдум.

Ызгардуу борошолуу кыш айы өзүнүн суугу менен өкүмүн сүрдү. Калың жаап койгон кардын суугу жөн эле эттен өтүп чучукка жетет. Кирпиктер ирмелбей тоңуп калган суугу менен айырмаланды. Кардын калың жааганынан жолдор сүрүлбөй, кар тизеге жеткидей болуп, баскан сайын кырчылдап, кыштын керемети билинди. Какаганга муштаган болуп, турмушубуз бирине тартсаң бирине жетпей эптеп кыштан аман чыктык.

Жаз жарчысы бизге жакшылык алып келсин, аруу ойлор, асыл тилектерибиз ишке ашса экен деген жакшы ойлор менен жаркыраган жазды күттүм.

Үй-бүлөөмө камкордугум, жоопкерчилигимди, жетишпеген турмушума карабай катуу кармадым.

“Бул жашообуз менен жүрө берсек болбойт” деп алыскы жактардан жумуш сураштырып, акыры жакшы жумуш таптым. Иштеп, жайгашып, турмушумду бир нукка түшүргүчө Сезимди балдарым менен апамдын алдына таштап турууну чечтим. Бирок ал ойлорума Сезим такыр көнбөй туруп алды:”Сен барып иштериңди өздөштүргүчө мен борбордо калып иштеп турамын, айылда жумуш болбосо ал жерде отуруп эмне кыламын” деп болбой койду. Ал мезгилде Сезим базардагы жумушун жакшы өздөштүрүп калган эле, азыр жумушум бир аз болсо дагы жакшы. “Жаз келип жумуштар кайра жанданат, мен калып ушул жерде иштей берейин. Сенин жумушуң жакшы болуп кетсе, артыңдан мен барайын”- деп туруп алды. ” Айылда чынында жумуш жок эмне кылат, өзү менен Аруукени эптеп турса болду, ” деген ой келип -” Сезимге ойлонушт уруп көрөйүнчү” – дедим.

Алдын ала батирге акча төлөп, жашап тургандарына каражатты таштап, Россияга кетүүгө поездге билет алдым.

Кете турган күн келип, сумкаларды алып, Сезим менен коштошуп, стацияга жөнөп жатканымда: “Бегалы, ал жактын аба-ырайы салкын келет, эрте-кеч кийип жүр, “- деп өзү токуган жеңи жок күрмөнү алып чыкты. Рахматты айтып, Ааруке менен Сезимди жүздөрүнөн өөп жолго чыктым.

Поездин купесинен өз орунумду таап келип отурдум. Менин купемде төрт орун бар экен. Ар ким өз орундарына отуруп, кылкылдаган поезд ордунан термелип жүрүп жөнөдү. Поезди башкаруучу аял кыйкырып сыртта тургандарды купеге кирүүсүн айтып: “Сырттагы жолду бошоткула!” – деп кыйкырып калды. Купедеги отургандар бир-бири менен сүйлөшүп, купе күбүр-шыбыр боло баштады. “Жол азабы – көр азабы” деп бекер айтпаса керек, алыс жол ушундайда билинет экен. Поездин ичи элдин көптүгүнөн ысып чыкты. Аябай чарчаган экенмин, угулуп жаткан күбүр – шыбырга карабай уктап кетиптирмин. Поезд канча жүрдү билбеймин, уйкум канып калган окшойт көзүм ачылды. Менден ылдыйкы орундагы жүргүнчүлөр уктабай бара жатышыптыр. Өз ара сүйлөшкөнүнөн Россияга бара жатканын түшүндүм.

Бир туугандарымдын экөөсү Россияда жашайт эле, алардын кайсы шаарда жашашын билбейт экенмин, ишиң түшпөсө кызыкпайт экенсин. Мага жумуш таап чакырган айылдаш досум болчу. Өз оюм менен алек болуп жатсам:

– Байке, байпакыныз түшүп калды, – деп калды. Ылдыйды карасам бир кыз эңкейип алып жатыптыр.

– Ии, байкабай калыптырмын, рахмат, – деп сунган байпагымды алдым. -Кечиресиңер, Россиянын кайсы шаарында турасыңар? – дедим.

– Москвада турабыз, сизчи? – деди.

– Мен биринчи жолу бара жатам. Мага ушул дарек кайсы жерде экенин барганда айтып берип койгула, – дедим.

– Билемин, кааласаңыз жеткирип коёбуз эгер күтө турган адам жок болсо, – деди даректи карап.

– Рахмат, күтүп келишеби жокпу билбеймин, – дедим.

– Эгер жумуш керек болсо кайрылсаңыз болот – деп адреси жазылган визитканы берди. Балким кереги тийип калаар деген ой менен алып, сумкама салып койдум.

– Москва чоң шаар, акыл калчап иш кылбасаң жасаган ишиңден оң натыйжа чыкпай, бекер убара болосуз, – деди.

– Мага жумуш даяр эле, балким жакпай калса сага кайрыламын, – дедим.

Ошол боюнча башка сүйлөшпөдүк.

Поезд үч сутка жүрүп Москвага жетти.

Ошол мезгилде жумуш издеп мага окшоп Москвага ар тараптан келгендер көп экен. Поезден тынбай түшүп жатышты. Кайсы жакка барышымды билбей элдин артынан ээрчип бара жаттым. Мени айылдашым күтүп туруптур. Аны көрүп берки кыздар менен коштоштум.

– Жакшы баргыла, балким көрүшүп калаарбыз, – дедим.

– Макул байке, жакшы туруңуз, – деп кол булгалап кыздар менден узап кетишти. Мен айылдашымды ээрчип үйүнө бардым. Аны менен бирге жашап Москванын турмушун баштадым. Мага даярдап койгон жумушуна бардым, кардон коробка чыгаруучу завод экен.

Акчасы жакшы экен, өзүнүн жатаканасы менен. Шаарды жакшы өздөштүргөнгө чейин айылдашым Бакыттын үйүндө жашап турууну чечтим. Алгач көнө албай, кыйналып жүрдүм. Сезимге, почта аркылуу, жетип алганымды кабарлап койдум. Биринчи күндөн баштап чымырканып иштей баштадым. Күндөр өткөнү менен баарына акырындык менен көнө баштадым. Жашоо кыйын экен, бизге окшоп күнүмдүк колдоно турган, турмушка керектүү нерселер кымбат болду. Акчамды эптеп үнөмдөп отуруп, биринчи айлыгыма чейин жеткирдим, андай акчаны көрбөгөн жаным абдан сүйүндүм. “Эгер ушундай алсам – жатып эле иштеймин” деп заводдун жатаканасынан орун алдым. Ар ай сайын алган акчамдын өзүмө керегин алып, калганын Сезимге анан апама чыгарып жүрдүм. Кийин арада иштей турган кароолчу болуп жумушка орноштум. Эки жакта иштеп бутума туруп алдым. Жаңы квартира таап, жатаканадан чыгып кеттим. Айылдашым Бакыт: “Сен менден кыйын чыктың” деп тамашалашып жүрдү.

– Иштегенге ден-соолук болсо – иштеш керек экен, жумуш көп экен, – дедим.

– Ооба, бөтөн элде, бөтөн жерде, илимдүү адам, көптү билгени үчүн бат өздөштүрөт. Сен өзүң билимдүүсүн, – деди.

– Ооба, жашоо өзү ошондой, турмуштун күнгөй тескейи, ой-чукуру бирде ылдый түшсө, бирде көкөлөгөн учурлардан турат.

Баарына сабыр кылуу керек. Эми үй-бүлөөмдү алып келемин.

Экөөбүз эки жакта жашап кыйналып кеттим, – дедим.

Күндөр айга айланып, айлар жылга айланып, арадан бир жыл өттү. Ал аралыкта Сезим менен почта аркылуу сүйлөшүп турдум.

Бир күнү кызым менен Сезимге самолетко билет алдым деп аларга почтадан коңгуроо кылдым:

– Кандай соонун, биз чынында эле барабызбы?

– Силердин келишиңерге жаңы квартира алып койдум, келсеңер көрөсүңөр, – дедим.

– Ошол күндү чыдамсыздык менен күтөмүн! -деп сүйүндү Сезим.

Арадан бир топ күндөр өтүп, Сезимдер келе турган күн келди. Аэропорттон аларды күтүп алдым. Арууке чоңоюп калыптыр, Сезим мурдагыдан өзгөрүп калыптыр. Мен салып жаткан акчага жакшы кийимдерди кийинип алыптыр. Алар менен көрүшүп, таксиге отуруп үйдү карай жөнөдүк. Үйгө барып Сезим батирди көрүп кубанды, алган батирим ага жакты.

– Ии Бегалы, жакшы аракет кылыпсын, – деп сүйүнүп калды.

“Аял үйдүн туткасы” деп бекер айтпаптыр, Сезим келгенден бери тамак- аш даярдаштан, үй тазалаштан кутулдум.

Сезимге жумуш табып, аны дагы жумушка орноштурдум. Экөөлөп иштесек жакшы акча табабыз деп, аны көнүп калган соода жумушуна дүкөнгө орноштурдум. Кыйналып жашаган күндөрүбүз акырындап жакшы жагына жыла баштады. Таалыкпаган эмгектин арты жакшы жыйынтык берди.


Уландысы бар…

И. Акпарова.
www.kafiye.net

Fotoğraf açıklaması yok.