Kategoriler

Arşivler

Ирсалат Акпарова/Irsalat Akparova Kategoriler

Tarih 7 Tem 2021 Kategori: Ирсалат Акпарова/Irsalat Akparova

Жели уруп,

Жели уруп, Жели уруп,майда толкун ойго салат, Добуш салып,үнүн жасап шыбырап. Ак куулар көл бетинде түгөй болуп, Эх Ысык-Көл махабаты кыялдантат. Кызарып күн да батып тоо кырына, Кол бетине элес түшүп суктандыра. Олтурам толкун урса жээкте тосуп, Кечти күтүп, Ысык-Көлдун боюнда. Ысык-Көлүм ыйык көрүп келемин. Ааламдан тендешин жок берметим Толкуп жүрөк бир башкача керемет Ажарланат […]

Дүйнөнүн куту апакем. Бапестеп багып балдарын, Бактыга бөлөп, ардайым. Терметип бешик күнү түн, Балам деп арнап ыр сабын. Эркелейм бассаң төшүңө, Энчимден сураймын күнүгө. Эркиңе койбой эрмектеп. Түйшүктү салдым өзүңө. Береке толгон бак шагың, Бактыга жаккан от шамын. Куту экен апам дүйнөнүн, Тартуулап бейиш даамын. И.Акпарова. www.kafiye.net

Мекен коргоп туу сайдың. Чек аранын кайтарып чебин, Душмандан коргоп мекенин. Арстан жүрөк Баткендин эли, Кан төгүлүп коргоду жерин. Отко салсаң оңуп куйбөгөн, Деңизде калкып чөкпөгөн. Мекенин сүйгөн Баткендин, Эр азамат жигиттери өзгөчөм. Төш тосуп, коркуп өчпөгөн, Атса да ок тешип өтпөгөн. Кабылан баатыр эр жүрөк, Баткен деп уулу кан төккөн. Кайрып мизин душмандын, Тарыхта […]

Бир туугандарым Бир тууганым жөлөп-таяр дарагым, Кыйналганда жан күйүдүрүп турарым. Алыс кетсем, эстен чыкпай сагынам, Көздөн учуп боорукерлик карааның. Жакындарым, өйдө болсо өбөгүм, Бир уяда бирге өскөн жөлөгүм. Ооруду деп сенден уксам кабарды, Сайгылашып сыздап кетет жүрөгүм. Ар күн сайын дуба тилеп күнү-түн, Бир туугандар силерсиңер үмүтүм. Шамга окшоп караңгыда жол ачып, Асманда жылдызга тең […]

ЖАЗ КЕЧИНДЕ Чагылып кун шооласы көз жумулат, Нур чачса дене ысып жаз туюлат. Адырларда гүлүн ачып, аңкып жыты, Жаратылыш жашылданып кубулат. Жер бети да жашыл болуп керемет, Мээлүүн жели беттен сылап эркелеп. Жаз жамгыры нөшөрлөрнүп төгүлүп, Көңүлүмдү ачат тамчыланып себелеп. Мен күткөн жаз да келди жадырап, Гүлдөп шагы көчөлөрдө бак дарак. Таң эртеден ойгонсом көздү […]

ГУЛ ОРДУНА ЫР СУНАМ Мээлүүн жел беттен сылап аймалап, Күн да ачылып эрте жазды чакырат. Аял заттын майрамы деп куттуктап, Айлананы гүлгө оролтуп кулпунтат. Ооба, аялзат, сен апамсын, жеңемсин, Эжем, сиңдим айга-күнгө тендешсин. Бирде бүркөө, бирде ачылып кабагын, Жазга окшоп мээрим төгүп келесин. Жаз келди, жоогазын гүл тартуулап, Майрам күнү сыйга толсун кушубак, Гүл ордуна […]