Ак бет арчы 4-бөлүм.

Жумушта иштин көптүгүнөн кээде түшкү тамактанууга чыкпай жүрдүм.

Өз бөлмөмдө эле шириндиктер менен чай ичип алам. Бүгүн Тамара күндөгүдөй келип сүйлөшүп отурган, ошол убакыта эшиктен Салкын кирип келди. Мен ыңгайсыз болуп: – Кел! – деп ордумдан турдум.

– Бегалы байке, сиз бүгүнкү жумуштарыңыз менен мага кирбедиңиз, бир гана сиз калдыңыз, күтүп жатам! – деп кайра кабинеттен чыгып бара жатып Тамараны көз кыры менен карап койду.

Тамарага шириндиктерди коюп, чай куюп бердим. Чайды ичип жатканда: – Сен отуруп тур, мен бухгалтерге кирип чыгайын, – деп чыгып кеттим. Ал күнү Салкын менден көп нерселердин тизмесин тактап мени көпкө кармады. Эсептешип келсем кабинетимде эч ким жок экен, Тамара да кетип калыптыр. Ал күнү жумуштан эмгек акыны алып үйгө бардым. Биз жашап жаткан үйдүн жашоо шарты жакшы эмес болчу, башка жактан үй карап көрсөмбү деп ойлоп койдум.

Сезим адаттагыдай тамак даярдап күтүп турган экен, кечки тамактан кийин Аруукени алып көчөгө айланып келгени чыгып кеттик. Кеч кирип кеткен эле, уйгө кайра кайтып короого киргенде Темирландын кыйкырган үнү чыгып калды. “Дагы кызуу келиптир” – деп туура алар тарапка карабай үйүбүзгө кирип кеттик. Эми эле эшикти жаап жатсам Салкын энтигип жүгүрүп келди, бети башы чаң болуп, бетинин кичине жери тилинип кан агып калыптыр:

– Бегалы байке, Темирланды карап коюңузчу! – деп калды.

– Сен үйгө кирип тур, – деп өзүм эшикке чыктым. Темирлан короо менен бир болуп кыйкырып жатыптыр. Колго кирген нерселерди талкалап жатты. Анын мындай абалында астына бааруунун өзү коркунучтуу эле. Обочолонуп алыстан карап турдум. Эки үйдүн оротосунда жүргөн ак мышык бар болчу, ал мышыкты тутуп алып сөнгөккө бир чапты, байкуш жаныбар тыпырап жатып калды. Бир убакта Темирлан үйгө кирип тынчый түштү. Мындай жини келип турганда Салкынды издеп келип калбасын деп сыртта күзөтүп турганымда, келинчегим үйдөн чыгып, шашып дарыканага жөнөп калды.

– Салкындын бети канап, токтобой жатат! – деди.

Мен шашып үйгө кирдим. Бети кыпкызыл болуп кетиптир. Бетин тазалап дары коюп койдум. Каны акпай бир аз токтогонсуп калды. Ушундай жакшынакай аялын кор кылган Темирланга жиним келди.

– “Байке болду эми, жашабаймын мындан кийин, эптеп таң атырсам үйгө кетемин! “- деп көз жашы төгүлүп кетти. Эмне деп көңүлүн көтөрүүнү билбей турсам, Сезим келип, бетин бинт менен таңып койду.

– Сен ушул жерде жатып ал, мен сыртта силерди караганча жатам, – деген сөзүмө болбой үйүнө кетти. Мен андан санаа тартып уктай албай чыктым.

Түнү уктай албай, башым ооруп, эртеси күнү жумушка бардым. Ал күнү Салкын жумушка келбеди. Кандай таң атырды экен деп ичимден ойлонуп жаттым.

Арадан бир топ күн өттү, Салкын дагы деле жумушка келбеди. Темирлан деле сыртта көрүнбөйт, кечинде чыгып алардын үйүн караймын, чырагы дагы күйбөйт, эмне болгонун түшүнбөй эле калдым.

– Сезим, Темирландар көрүнбөй калдыбы? – дедим.

– Билбеймин, алар жак тынч, көрүнүшбөйт – деди. Болгону жумуш аркылуу сүйлөшүп жүргөн Салкынды көрбөй калып, өзүмчө эле кызык болуп жүрдүм.

Деги ошол күнү тынч таң аттырдыбы, деген ой мени ичимден жеп жатты.

Жумушка барып, короодогу окуяны бир аз унутуп калдым.

Кечинде жумуштан чыгып башка үй караштырдым, ал жерден башка жакка көчпасөк болбойт дедим. Короого кирсем бир коркунучтуу сезим мени курчап, кыйналып жүрдүм.

Үйдүн ээси менен эсептешип, башка жакка кетмей болгонубузду айттым. Сумкаларды алып машинага салып балдарымды отургузуп коюп, үйгө кайра кирдим да Темирландардын үйүнө бардым. Ошончо убакыт бир короодо жашасак дагы үйүнө биринчи жолу баш бактым. Кызык, үйү бош экен, үйүндө көзгө урунган эч нерсе жок экен. “Булар кайда кетти? Качан кетти?” – деп таң калып машинеге жөнөдүм.

Башка үйгө көчүп барсам деле, ичимдеги ойлор мага тынчтык бербеди. “Булар кайда кетти экен? Эч кандай кабар калтырбай ушинтип да кетишип калабы? ” – деп түбү жок ойлорго батып жүрдүм. Баари бир качандыр бир жолу кезигишип, же көрүшүп калаарбыз деп өзүмдү алдап койдум.

Салкын ошентип жумушка келбей калды.

Акыры директор күтө бербей, анын ордуна башка кыз алды. Ошону менен Салкын жөнүндө оюм тынчып, жумушка кайрадан берилип иштеп калдым.

Турмушубуз уланып, Аруукени бакчага берип, ал көнгүчө Сезим алып барып жүрдү.

Күндөгүдөй жумушта болчумун, бир убакта “Сизге келишти” деп күзөтчү бала Сезимди ээрчитип кирди. Келинчегимди көрүп чоочуп кеттим, бул кайдан келди деп.

-Кел Сезим, келем деп эрте менен айтпадың, тынчтыкпы? – дедим.

– Тынчтык, жумушуңду көргөнү келдим – деди. Отуруп эки жакты карап койду, сени көңүлүңдү бурбайын, иштесин, бекер отуруп сени көргүм келип келдим эле, мен барайын үйгө, – деп жөнөп калды.

Мен келинчегимди сыртка узатып койдум. Жаңы алган батирим жумушум тарапта болчу, “Зергип отуруп келгенби”, – деп ойлодум. Бирок Сезимдин мага айтпай келгенине ойлоно түштүм. Кантсе да эмнеге келгенин үйгө барып билемин деп ишке киришип


Уландысы бар…


И. Акпарова.
www.kafiye.net