Kategoriler

Arşivler

Kaldarbek Koilubaytegin/Калдарбек Койлубайтегин Kategoriler

Сезимиңе от жагылып, Жакасына гүл тагынып, Сүйүүң келсе оозуң ачылып… Же болбосо бакыт өзү, Акылмандын накыл сөзү, Калса сени тойго чакырып… Тагдыр айткан ушул тура, Ушундайы дайым туура, Бүтүмүңө чыбык урбагын. Кечээкиңе бүгүн бутун, Тосуп алып чачып кутун, Муш түйгөнүн аста тыңдагын. Ата-энеңи, тууганыңы, Буушканыңы, суушканыңы, Жүрөгүңөн жылып сыйлагын. Айчырайлуу чүрөгүңү, Тунук көздүү мүрөгүңү, Сүйүп-сүйүп […]

Бейкунар көчөлөрдөн көчөлөргө, Бейкунар көчөлөрдөн көчөлөргө, Гиласка корголошкон жөжөлөргө. Аптаптан чаңкоолорун басалбаган, Кан жолго шайын таппай жөтөлөргө… Жан шерик болгонума чыкпай ичи, Айтышат “дарман кетти көтөрөргө” Эсиме салышканы кеттим күйүп, Изиме өчтүн тоосун салып үйүп. Өрттөнсөң өрттөнө бер, мага эмне, Баратам түйүнчөгүм өзүм түйүп. А бирок эрин кургайт.. чаңкоом беле, Саратан, сар талаалар …дүйнөм күйүк. […]

Рубайи Ниети каралардан кутулуунун жолу бир, Ал сорулган айлампага чочубастан кошо кир. Нени алдың же албадың..абийириңе койолу, Кайсыл жолду тандарыңы ,эми досум өзүң бил. *** Тетирленип калдың досум,хан тактысын алгандай, Жыртык мээңе жыртык ойду жамабастан салгандай. Кызмат- сынак экендиги ойуңа да келбестир, Кимдин кими аныкталып тоок көчүгү айланбай. *** Короздой мага карай атырылдың, Ычкырын мен […]

Бираз болсо Бираз болсо дагы турам түшүнбөй, Сен эмнеге кайдигерсиң түтүндөй. Сезимимдин көз жашына балта чаап, Жартылансам кабылдайсың бүтүндөй. Унутсаң да унуталбай кыйналам, Кыйып салсаң алигиче кыйбагам. Сезимиме арзууларым сактаган, Азап берип,дүйнөсүнө сыйбагам. Кайдигерлик жолубузду чапканы, Мен тапкандай, сен да таап башканы. Өкүнөйүн деп өкүнбөй карманам, Жан дүйнөңүн жаңы сырын ачканы. Колду үзүп таарынычты таарынтпай, […]

Шахзадаң болуп калайын Күлбөгөн гүлүм бүр болуп, Түйбөгөн бүрүм гүл болуп. Ачылса жерди караттың, Күйбөгөн жаным күл болуп. Кусага салган күн болуп, Ызага чалган түн болуп. Күйүткө салып сыздаттың, Азаптан бүткөн үн болуп. Түйүндүү чийе сыр болуп, Чечилбес көк төш чыр болуп. Үшүттүң байкуш жүрөктү, Кайгылуу арман ыр болуп. Өчөмбү көксүп зар болуп, Өтөмбү өксүп […]

Nezahat YILDIZ KAYA, түрк акыны Мая жана мен Бу дүйнөдө барың деле жок болот, Күйө берип күлгө айланган от болот. Мактанчаактар этияттан сактанып, «Тазамын « деп кансырашып боктолот. Билесизби кайда жүрөт пенделер, Конуштарды алмаштырган кербендер. Кайда калды алтын ширин мезгилдер, Эсибизге түшөр бир күн эрендер. Сайдын нугу Асан-Үсөн жаасындай, Дарактарга тамырлары таасындай. Сөңгөктөрдү талкалашып перилер, […]

Чоочун той Кара жаан кучагында сапар карып. Кылчайбай күз карааны барат арып. Өткөнү өтүп кетти кайрылбастан, Ыйлайлы, ыйлабайлы эми тарых. Кечээ эле колтукташып бирге басып, Сезимдин ачылалек сырын ачып. А бүгүн бегананын түшү сымал, Отурам сезимимди бирден чачып. Шампандын атылганы чагылгандай, Асманды аябастан айрыгандай. Күлкү-шаң ай-ааламды кытыгылап, Жылдызды кут төрүнө кайрыгандай. Той ырдайт…чоочун тойум, тойум […]

Көңүл муздап жаным оорукчан, Көңүл муздап жаным оорукчан, Жашын төгүп күңк деп “жорутсам”. Шайы көйнөк сулууң бакытың, Табаарың бар бүгүн жолуксаң. Кусалыгың качып жоголуп, Айчырайың кайра ойлонуп. Куп жарашкан эле түгөйсүң, Уктап калган сезим ойгонуп. Ысырыктап барчу жолуму, Таап алдым гүлдүү жолуңу. Сөздүн гүлүн терип кайталайм, Көңүлүмө баккан ойуму. Ашып түшуп сокмо дубалдан, Чыгайын деп […]

Күн нурунун Күн нурунун көзүн көрбөй соолуган, Шүүдүрүмдөй мен да эбак ооругам. Тагдырыма миң таарыныч айтсам да, Бошотподу ак арзууму торунан. Өткүн болуп төгүп, кайра басылып, Ак сүйүүсү кызыл гүлдөй ачылып. Канчалаган сулуу кыздар арзуусун, Айталбастан карегине жашырып. Сыздап-сыздап кыз жүрөгүн жаралайт, Талкаланган күзгү сымал чачылып. Шамал айдап кеткен жалгыз кайыктай, Сезимимдин жарааттары айыкпай, Кыздын […]

Досчулук Досчулук канча ыйык болсо дагы, Ийилип-ийилбестен мөмө шагы.. Башыңа ташпиш түшүп-түшпөй жатып, Пардасы сыйырылып… кара-агы… Миң досуң бир ирмемде миң кубулуп, Далысын салып … артта кара тагы… Шол ирмем гана көзүң ачыларын, Жан дүйнөң бир силкинип чачыларын. Билгенде.. аттиң дейсиң..кайдан билдиң, Таштарга айланарын алтындарың… Кан достор жойпуланып талкан чыгып, Ооруңу колдон албай качырарын… А […]