Kategoriler

Arşivler

Nurzhamal Aitbaeva/Нуржамал Айтбаева Kategoriler

САГЫНДЫМ, АПАКЕМДИН НАЗИК ҮНҮН Жагымдуу жыт, жылуу демиң эстедим, Кучагыма кыскым келип, эх, менин. Апакем, жумшак, назик колдоруң, Таң эртеңден сылачу эле ак бетим. Саамайымдан сылагылап ойготконуң, Шыбырап, эркелетип жан козгодуң. Каймак, майың дайыма белен болуп, Ачпасын курсагың деп, мени ойлодуң. Көзүмдү ачкым келбей эстеп жаттым, Балалыкка көз ирмемде кайра кайттым. Алтын апам, сагындым ал […]

ЖҮРӨКТӨГҮ КАПАЛЫК Жан дүйнөм ыйлап, ичте улам жашып,Жалооруп карап турдум толуп, ташып.Жамгырдай нөөшөр болуп төгүлөмүн,Жүзүмдөн тоголонуп, жашым тамып. Жан дүйнөм ыйлап, ичте улам жашып,Жашоодо көп нерседен көңүл калып.Жаркылдаган өң да өчүп калат тура,Көздөрүң күлмүңдөбөй муңга батып. Жан дүйнөм ыйлап, ичте улам жашып,Билбеймин, баратамын кайда шашып.Жүрөктөгү капалыкты жуугум келди,Көз жашка оорутпастан улам аарчып. Нуржамал Айтбаева.www.kafiye.net KALPTE […]

БАЛА ЖЫТЫ Бала менен таттуу жашоо өмүрүм,Балдарым бар, ачык дайым көңүлүм.Байкабай да калам кээде чарчоомду,Тилеп жатып балдарымдын өмүрүн. Кылыгына тойбой келем берилип,Кучактаймын, искейм жытын эзилип.Кагылайын кичинекей эркем деп,Кубат берген бир өзүңсүң дедиртип. Кандай сонун бала жыты өзгөчө,Алмаштыргыс, алмаштыргыс бөлөккө.Айнанайын Аллах берген белегим,Өмүрүңдө болбосо экен көлөкө. Н. Айтбаева www.kafiye.net BEBEK KOKUSU Bir çocukla tatlı hayatım,Çocuklarım var […]

ЖАҢЫ ЫРДЫН БЕТ АЧАРЫОН ЖЕТИ ЖАШ Сөзү: Барчынбек Бугубаевдики,Обону: Хабибилла Азиреткуловдуку.Рустам Азиреткулов аткарат. Он жети жаш, суйкайган кезиңди,Унутпадым кумарлуу көзүңдү.Күлкүлөрүң ааламга жаңырып,Укканды эриткен,Бал татым сөздөрүң.Өмүрдө бир арман,Көңүлдө бир арман.Жан өппөгөн,Өппөдүм, жетпедим наристе эрдиңе. Он жети жаш, оргуштап сезимиң,Жан сырдын ачалбай эшигин.Сулуулугуң дүйнөнү толтуруп,Талпынган мен элем,Таалайга кол сунуп.Өмүрдө бир арман,Көңүлдө бир арман.Жолукпадык…Мезгилдер агылып, жыл-айлар жаңырып. Он […]

Tarih 5 Mar 2021 Kategori: Nurzhamal Aitbaeva/Нуржамал Айтбаева

АК КАЛПАК

Урматтуу, кыргызымдын мырзалары!Сиздерди 5-март “АК КАЛПАК КҮНҮ” майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын.Ар бириңиздер ак калпакты баштан түшүрбөй кийип, улутубуз кыргыз экенин сыймыктануу менен айтып, аман эсен болуңуздар! АК КАЛПАК Ак калпак кийген төрт кырдуу, Ак шумкар кыргыз намыстуу. Аздектеп баштан түшүрбөй, Кийишсе кандай жагымдуу. Башында аппак калпагы, Көргөндө көздөр жайнады. Кыргыз – улуу эл дешип, […]

АЛТЫМЫШ КЫРЫН АШКАН УЛУУ ИНСАН (Раимжан Курбанов агайдын 60 жаш юбилейине арналат). Бүгүнкү күндө атыңыз тапсын жай ырдан,Бүтүн бир болсун кубаныч калбай жарымдан.Алтымыш кырын ашыптыр улуу бир инсан,Так ушул күнү, Курбанов агай Раимжан. Куттуктап сизди турабыз агай топтолуп,Майрамдык маанай жүрөктү тешсин, ок болуп.Жетимиш, сексен, токсонду дагы ушинтип,Тоссоңуз экен баладай чуркап шоктонуп!” Кыргыз тил” сиздин колдогу […]

ЭНЕ ТИЛИМ Төрөлгөндө апакем да кубанычтан,Алдей ырын айткандарын кулак уккан.Эң биринчи жүрөгүмө сиңирилип,Эне тилим жаттап алгам, уланып таң. Канга сиңип, көкүрөккө жат болгон тил,Жүрөгүмө өчпөс болуп нак толгон бил!Башка тилде эркин сүйлөй алсам дагы,Кыргыз тилим көөдөнүмө так конгон бир! Бул тил менен Манас атам дастан болгон,Айтматов да жазган роман, арман толгон.Алыкулчу? Поэзия чөйрөсүндө,Ушул тилде урагыс […]

Айтматов адабият падышасы. Аалам нуру, атың улуу Чыңгызым, Көктө жанды, жаркыраган жылдызың. Адабият мейкиндигин багынтып, Кыргыз үчүн эсте калган нур жүзүң. Башка элдер суктанышкан асыл да, Кыргыз үчүн бир жаралган табылга. Адабият дүйнөсүндө улуу күч, Керек болсо каршы сүзгөн агымга. Чыгармада катылып, маани терең, Жазганың салат баарын ойго кенен, Айтматов адабият падышасы, Ааламды багындырган калем […]

Мекенге кусалык. Мекенимдин укмуш кооз элеси, Жайлоодогу жашыл дөңсөө, белеси. Көз алдыма келип турат кусадан, Кеч күүгүмдө күндүн баткан желеси. Адырлары, жалгыз аяк жолу көп, Тээ алыстан оймо сындуу көрүнөт. Улам өсүп, тоого ыктай уланып, Жашыл көйнөк этегиндей төгүлөт. Жерден чыккан суусу тунук булактар, Сайды түзүп агат ылдый улап шар. Кең колотто жайылыша мал-жандык, Так […]