Сагыныч 11-бөлүм.


Ал күнү балдарга эч нерсе билдирбедим, алар чоңоюп калышкан мезгилде атасынын иштерин айтууга болбойт эле. Эми болгон окуяларды артка кайтара албаарымды билип, ойлоно берип ооруп калбайын деп өзүмдү колго алдым.

Эртеси жумушка чыктым, капа болгонумду өңүмдөн билишкенби,

– Эже, жакшы элесизби? – деп сурашып жатышты.

Кичинекей Арчинин өңү көз алдымдан кетпей койду. Бир чети ичим ачышты, кичинекей наристе апасынын кетип калганын билдиби экен деп.

Арадан бир топ күн өттү, Сюзан күндө Бейшен менен байланышып Арчини сурап турду. Качан келээрин сурап күтүп жатканын айта берди. Бейшен ойунда жумушу жеңилдеп калса бир айга жооп сурап Арчини Сюзанга алып барсамбы деп чечти. Бейшен Арчини апасынан бөлбөш керек экенин түшүндү, анткени Арчи Насыйкатты апасына окшоштурбай, андан кача турган болду. Атасы жок мезгилде Арчиге катуу тийет окшойт деген ойдо Бейшен Насыйкаттан шек санап калды.

Акырын Насыйкатка билдирбей артынан аңдып жүрду. Жумуштан келип, басса-турса Насыйкаттын кыймылын карай берди.

Арчиге тамагын убагында берип, уктатып, өзүнүн милдетин жакшы аткарып, ашыкча Арчиге көйгөй кылбай карап жатканын билди. Ишенбей дагы бир жума Насыйкатты байкады. Насыйкат ишеничтүү ишкер, жакшы кожеке экенин аңдып жүрүп даана билди.

Бир күн Арчинин ойноп жатканын карап отуруп, азып кеткенин байкап калып Бейшен коркуп кетти. Тамак дагы жебей койду, деги эмне болуп жатат деп, мындайда өзү карабаса шекшигени эле Насыйкат болду. Уруп койдубу же жыгытып койдубу деп аңдып калды. Бирок Насыйкат Арчини өзүнүн баласындай эле карап жүргөн.

Кандай болбосун баланы апасынан бөлбөө керек экенин билди.

Бир күну Арчинин дене табы көтөрүлүп түнү ыйлап чыкты, Бейшен эрте менен коркконунан бейтапканага алып барды, ал күнү дене табы түшпөй койду, берген дары-дермектер деле таасир кылбады, Арчи ыйлай берди. Насыйкат бала менен бейтапканага бирге жатты. Кийинчерээк дарыгерлер Арчини Насыйкаттан алып жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишет. Бейшен Арчини түзөлүп калсын деп, жан-алы калбай тынчы кетет. Ошол күнү Арчинин ооруп, бейтапканага түшүп калганын угуп калдым. Ага чейин Арчинин апасы кетип калды деп аяп, жаман болуп жаткан элем. Ооруганын угуп, чыдап туралбай бейтапканага келдим. Башын жерге салып, маанайы жок отурган Бейшенди көрүп жаман болуп кеттим.

– Арчи кандай, жакшы элеби? – дедим.

– Келдиңби?- деди мага суз карап,

– Дене табы түшпөй жатат, эмне кылышты билбей жатам – деп өңү өзгөрүп кетти.

Мен да эмне кылышты билбей туруп калдым. Кантсе да чогуу жашаган жолдошум экен, анын абалын көрүп санаа тартып кеттим.

Эки – үч күнгө чейин дарыгерлер бир жоопту айта берди “абалы оор” деп.

Сюзан күндө Бейшенге конгуроо кылып, жооп ала албай жатты. Үйгө келип ошол түнү Бейшен өзүнү жаман сезип чыкты.

Арчини ойлонгонума кыйналдым окшойт деп ооруганына көңүл бөлбөй койду. Шашып Арчини көргөнү бейтапканага жөнөдү, жолдо келе жатып башы айлана берди. Эптеп бейтапканага жетсем деп кетеберди.

Бир убакытта башы айланганынан озун жоготуп коюп, машине жолдон чыгып кетип маңдайдагы даракты катуу сүзүп, машина ал дарака жабышып калат. Жолдон өтүп бара жаткан машина кырсыкты коруп токтоп, рулдагы канжалаган Бейшенди машинадан чыгарып, озунун машинасына салып ооруканага карап жөнөйт.

Ал күнү жумушта элем, жумуштарды бир карап коюп Арчиге бармак болуп отурганмын. Кабинетимдеги телефонго конгуроо чалынды, алсам ушул бейтапканага жетип келүүнү айтышты. Түшүнүп түшүнбөй айткан дарекке жетип бардым.

Көргөн көзүмө ишенбей, Бейшенди көрүп эс-учумду жоготуп, көмөк көрсөтүшкөндөн кийин өзүмө келдим.

Бейшен мени эле күтүп тургансып, мени карап бир нерселерди сүйлөмөкчү болду, бирок сүйлөй албады. Бейшенди алып келген бала мени күтүп турган экен.

– Эже, байкени жолдон мен алып келдим, – деп айтып калды,

– Ооруканага жеткенге чейин мага акырын сүйлөп келди, түшүнбөдүм ким жөнүндө айтканын, бирок кайра – кайра “Арчи Арчи” деп жатты. Ооруканага жеткенде гана “Айсулуу Арчини багып алсын, же болбосо апасына кабар берсин” деп араң сүйлөдү. Ушул аманатты сизге айтып коймокчу болдум деди да чыгып кетти. Ал күнү күтүлбөгөн жерден Бейшенден ажырап калдык. Балдар үчүн да жаман болду, ыйлап-ыйлап кала бердик.

Өзүмдү жаман сезип жатып Арчиге эки күн барбай калдым.

Жүрөгүм тынчыбай, бейтапканага бардым, абалы ошол бойдон экен.

“Кичинекей балапан, сенде эмне күнөө эле?” Бейшенге окшош болгон үчүн аны жакшы көрүп жаттым. “Сенин абалыңа санаа тартып атаң кете берди! Сен бир периштесин, сени эч качан күнөөлөбөймүн, балапан жакшы болуп кетсең атаңдын аманатын аткарайын. Аман болсоң экен. Эгер жакшы болуп кетсең атыңды Амантур деп өзгөртөмүн!” деп карегимден жаш куюлуп кетти.



Уландысы бар



И. Акпарова.

www.kfiye.net