Kategoriler

Arşivler

Кулишева Ашира Кучашевна/Kulisheva Ashira Kuchashevna Kategoriler

Мугалим Мугалим, сага зээним кейип турат, Ачууланба эч- дегим келип турат. Коомдогу жат көрүнүш мугалимге – Таяк сымал, муну бары сезип туят. Эх мугалим, окуучуга күзгү болгун, Башатына багыт бер изги жолдун. Окуучу эмес, опол тоодой орду кенен Жүгү бизде тарбиясыз ушул коомдун. Окуучуну душманыңдай карабагын, Талимсиз, бейбаш – деп санабагын. Биздин колдо – адеби, […]

Жайлоодо Кызыл аска, орчук таш, даркан талаа, Биз ээрчишип ойногон бала чакта. Канылжарды өрдөгөн кийик чөптү, Желбиреткен чачымды шамал кайда? Таң каракчы маалында жашынганын, Ай чолпонду табышмак айтып сага… Үнсүз эле кеп салдың көп нерсени, Жан дүйнөңөн тигилип калып мага. Арчалардын жаракасы шамал менен, Добуш салып ырдашкан өз тилинде. Эң алгачкы аруулук байламтасы, Чыңалганбы ошондо […]

Оттуу көйнөк Буйдалбаган, бурулбаган түптүз жол, Ушул дүйнө кынтыгы жок тептегиз- мага бир топ жылдан элес мурунку, Жүргөн үчүн сүйүүсү жок, керексиз. Чыланбаган сүйүүгө да күйүүгө, Жолдон издеп жашыл тулаң гүлдөрдү. Кайдан мага качан келди, кандайча, Өчүңдү алдың сен үйрөтүп сүйгөндү. Кармабайт да каршы чыкпайт жолумдан, Кызгалдактар өңү өңсүз, куудай чөп. Көөдөн өрдөйт бир боштуктун […]

Көңүл баркы Ченемдүү чегерилген – жашоо наркы, Чегилген тагдырларга – өмүр ар кыл. Дил сөзүн сүйлөп берчи, карегиме-ээ, Ким билет, кимдер баалайт – көңүл баркын. Айнеги кирдебесин жан дүйнөнүн, Айткыла аралжы сөз, ким билгенин. Баш бербес, тил укпаган сезим эке-ээн, Андыктан ак сүйүүгө кайдигермин. Эч нерсе дебейм эми кайдигермин) Күпүлдөйт тунгуюктан көкүрөгүң, Көксөөсү көлкүлдөйбү көп […]

Жыл коштошот Жыл коштошот: көңүлдөргө жаз берген, Жылуу маанай, кыялдарга наз берген. Кимге кандай..? Мага бирок өзгөчө, Кусалыктын бал татымын аз берген. Жыл коштошот: өмүрлөргө өр берген, Урмат-сыйга татыктууга төр берген. Ниетине жараша деп… А балким, Сагынычты санаа кошуп төп берген. Жыл коштошот, коштошомун мен дагы, Күндөр ошол, айлар ошол, жыл жаңы. Алышамын, берсе мейли […]

Деңиз сезим Соктугуп, омуроолоп жан дүйнөмү, Чарпылат, шоокумунан кулак тунат. Бул сезим деңиз сымал мемиребей, Оргуштап кайнаганын шыкап сунат. Текирең-таскак салып бир бурчунан, Мезгилдин агымына сиңип келдим. Кыял менен желкелеш, ой күлүгүм, Ууру- уяң мүнөзүмдөй – деңиз сезим… Тумандын чөккөн жери бийик чоку, Үзүк- үзүк булуттарын жетелеген… Кетесиң бийиктикте сапар алып, Мен болсо өз дүйнөмдө […]

Адамдардын асылы Мугалимдин жарыгы- жан дүйнөңө шам чырак, Муң басканда көңүлүң – акылын ук, бил сурап. Башка адамдар билбедим, убактым жок- дейт чыгар? Мугалимден оозунуп көөдөн сөзүн ким угат..? Асылганын койбоду – ушул кээ бир ата-эне, Акылы курч жөнөкөй, жооп берет бат эле. Чекит тарткан баланын, ченемсиз-деп акылын, Шыктандырып, курчутат. Тоскоол болуу шарт беле? Эркелесең […]

Нуриз Өмүрбаевага Силер жакта жамгыр… Канттиң, саргалдак? Өзүң менен өзүң кайра калдыңбы? Жашагандар шамалды ээрчип, жанды алдап, Жек көрчү эле жанчып жааган жамгырды. Ай туулду… Жаанчыл экен, кашайгыр, Дагы бир ай жанчат бизди бул жамгыр. …Быйыл дагы үйгө барбай жашайбыз, Кудай салган нерсе башта тургандыр… Үйүбүз бар, айта албаган “үйүм” деп, Жамандыкта, жакшылыкта бир барган. […]

Август айы Ак төөнүн карды жарылган убак, Ал-абал калып, арзуумду сурап. Алыстан биз жакындык сезип, Ар дайым жаздык ырларды курап. Заматта жетип кабарым улам, Sms жазам, гүлүмдү сунам… Бир сөзү мени токтотту окшойт, Жазалбай азыр жазганып турам. Керемет түшүм – кетилген бүгүн, Кеберсип эрдим, жетимдей түрүм. Кеткен күн кайра келбесин билип, Кейиди жаным кеткен күн […]

Жалал-Абад Баш жууган кыздай сулуу, сергийт көңүл, Бул шаардын сырдуулугу тартып мени. Көңүлдөгү жараатымды айыктырган, Эмчи-домчу шыпаакерби, күчтүү деми. Жаштыктын касиетин сактап калган, Сыйкырдуу шаар экен Жалал-Абад. Селки бозой ээрчишкен, бак дарактуу, Сезимдерди серпилткен атаганат. Миң бир жарык жылтырайт көзүн ымдап, Ыйлап болуп, жылмайган кечиримдүү. Маанай ичтен шаңданат ырын ырдап, Унутпаймын ушул кеч эч кимиңди. […]