Kategoriler

Arşivler

Жанылкан Бегалиева/Zhanylkan Begalieva Kategoriler

ЖИГИТ БАЯНЫ  1)Гүлдөгөн сирень,жаз айы эле, Табият сулуу май айы эле. Капыстан  мага жолуктуң эркем, Сүйүнткөн мени,сүйгөнүм эркем. 2)Ыйласам ыйлап,ырдасам ырдап, Жанымда жүрдүң,аппагым эркем. Түбөлүк менин түгөйүм бол деп, Өзүңө алтын шакегим бердим. 3)Сүйүндүң жаным,сүйүнүп алдың, Сүйүнүч кабар жеңене айттын. Жетимге сени бербейм деп агаң, Алып кетти менден,үйүңө кайттың. 4) Бүткөндөй жашоом,тар болуп дүйнө, Ызадан жерди […]

КЫРГЫЗ КЫЗЫ Жолун улайм, кыргыз кызы тарыхтан,Мен урпагы канымда бар каныккан.Каныкейдин, Айчүрөктүн, Сайкалдын,Тамчы каны күрөө тамыр карыткан. Жолун улайм, кыргыз кызы аталган,Турмуш жолун түбү менен оодарган.Жаңыл Мырза, Курманжандын эрдиги,Баатыр кыздар көп жомокко айланган. Жолун улайм, кыргыз кызы атагым,Мен муундашы, бүт аялзат атынан.Из кубалап келер дагы далай муун,Жолду улап, кыргыз кызы аталып. Нускат Манкушева. www.kafiye.net

Куплеттер; Тегирмен ташы болуп айланамын, Күн-түнү тирүүлүк деп убарамын. Турмуш жүк ушунчалык оор болсо да, Түн ичи жакшы ыр жазсам кубанамын. Мекенимди гүлдөтөм тилек менен,Ыр казамын карылуу билек менен.Тосуп алчы айылым асыл жерим, Жалын кармап келатам жүрөк менен. Түшүн мени катарымда замандаш, Тынбай келем өр таянып замандан.Түртүп алган, көтөргөн да жүгүм бар,Тагдырыма мекен жүгү аралаш. […]

УНУТА АЛБАЙМ Карааның жан-дүйнөмдү багындырып, Карашың сезимимди жалындырып. Кыя албай турдум көпкө кош дей албай, Карекке толду тунук жаш кылгырып. Көрүшүү экинчи ирэт кылым болоор, Кусалык жүрөктү эзген ырым болоор. Сен менен бирге өткөн мүнөттөрдү, Унутуу бир мен үчүн кыйын болоор. Баш ийип далай адам бардыгына, Бир кейип,бир кейибейт тагдырына. Жалгыз деп сылап коюп соороткондой, […]

ЫЙМАН,ЫРЫС КЕТПЕСЕ ЭКЕН ЭЛИМДЕН Өтүп жатат,чынында эле жакшы убак, Өмүр чиркин баарыбызга жашты улап. Тирүүлүктүн ушул жакшы учуру, Токтоор күнү,качан,билбейм,кайсы убак. Акыркы ирээт көрүшкөндөй көрүшүп, Баарыңарды жүрөгүмө кысамын. Көрбөөчүдөй акыркы ирээт өбүшүп, Балдарымдан чыкпайт менин кучагым. Ар бир күндүн баалуулугу билинип, Ар бир күндүн таттуу даамын сеземин. Айланамда баары сулуу,татына, Чиркин,өмүр!Кантип сенден кетемин. Кетүүнү да […]

Tarih 24 Ağu 2021 Kategori: Жанылкан Бегалиева/Zhanylkan Begalieva

ТҮРК ДОСУМА

ТҮРК ДОСУМА Түпкү тек,бабаларым боордош болгон,Ынтымак,биримдикти жолго койгон.Капилет кирип келген душмандарды,Каршы алып,чоң жеңиштин туусун койгон. Кадимки хан Сулайман аралаган,Гүлдөрүн жыттап Хюрем сүйүү арнаган.Издерин өчүрө албайт өрттүн ээси,Алардын ыйыктыгын билет Аалам. Тилегим ак жамгырдай төгүлсө дейм,Жараткан ушул өрттү өчүрсө дейм.Боордош эл-чыйралышып,кубат алып,Өрттөнгөн жерди ырларым гүлдөтсө дейм. Сепкенге суу болсом дейм шарпылдаган,Өчүргөн кызыл өрттү жалындаган.Кайгыны түрк элинен […]