Kategoriler

Arşivler

Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva Kategoriler

БИЗ АДАШТЫК … УЛАНДЫСЫ — 4. Чалуу кетти… Бараткан чалууну Алия кайра өчүрө койду. Каалоосуна каршы барып жатканына түшүнүп турду . Бирок, батынбай жатты. Эмнедендир чочуп турду. Оюна сансыз ойлор келип жатты. Кайра чалууга колу барбады. Кичинекей уулун жетелеп, тамактанууга чыгышты. Тамактан соң, апасы экөө көпкө сүйлөшүп отуруп калышты … Үнсүз, муңдуу тиктеген кызынын көз […]

ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ. /TRENDE AŞK. 9 УЛАНДЫСЫ — 9. Менин күлмүңдөп турган көздөрүмө эжем көзүн бакырайта карады. Ал менин эмне айтаарымды билгенсип турду. Менин үстү – башыма бир карап чыкты. Эки айлык болгон ичим байкала элек эле. Баары бир, кош бойлуу аялдын келбетинде өзгөрүүлөр байкалат эмеспи. Эжем төрөп көрбөсө да, мени даана байкады. — Канча болду? […]

УЛАНДЫСЫ — 8. Күндөгүдөй олтурчу ордума отургузбай, Нурбек мени өзүнүн жанына отургузду. Тамактанып жатып, экөөбүз бири – бирибизден көзүбүздү алалбайбыз… Ал анткен сайын мен өзүмдү ыңгайсыз сезип кетем. Болоору болуп бүткөндөн кийин, Нурбектен уялганымды кантейин … Менин бул абалымды байкаган ал, бетимден өөп, колумду кыса – кыса кармалап койду. Экөөбүз бири – бирибизди үн – […]

ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ. /TRENDE AŞK. УЛАНДЫСЫ – 7. Нурбектин мазь сүйкөп жаткан колдору денемдин оор сокку тийген жерлерине келип айланганда, оорусуна чыдабай, онтоп жиберип жаттым. — Чыдаңыз, аз калды . Ушул көгөргөн жерлериңизге көбүрөөк пайдасы тийсин, маздан көбүрөөк сүйкөп кое берейин. А мен далымдагы ооруну да, кайра Нурбектин колдорунун жагымдуулугун , жылуулугун да сезип жаттым … […]

УЛАНДЫСЫ — 6. Баамымда эки сааттан деле көп жүрдүк. Коюу караңгылыкта машина айыл аралап кирди. Короосу жыгач дарбазалар менен тосулган үйлөрдү карап бараттым. Бийик столбадагы жарыктар , айылдын ирээттүү үйлөрүнүн баарын даана көрсөтүп турат экен. Түз бараткан машина оңго бурулуп, жарыгы үлбүл жанган үйдүн жанына барып токтоду. Машинанын добушун угуштубу, эч ким түшө электе эле, […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN 11 талыкшып, башы ооруп, чарчап турду. Эс албаса болбойт. Медерди үйүнө жөнөтүп, үйгө кирди. Үйдөгүлөрдүн эч кимисине көрүнбөдү. Тааныш жыттуу бөлмө. Баары орду- ордунда, бир гана Айша көрүнбөйт. Алымбектин ушунчалык катуу ыйлагысы келип турду. Эчкирип- эчкирип, бакырып- кыйкырып… Ичиндеги зилдей болуп оорлошуп турган ачуу, ызалык, бугунун баарын төгүп салгысы келип […]

Tarih 14 Nis 2021 Kategori: Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva

БАШЫ /KAFA 6

– БАШЫ – Уландысы — 6. — Апа, ким экен ал? Мен таанысам, ушул жерде иштеп жүрсө… Бир эле адам болушу мүмкүн… “ Балким, Нургазыбы? Аны Урмат үйлөнө элек дебеди беле? Бирок, ал бул шаарда эмес да “… — Айылдашың Болот, Мээрим. Ал медфакты бүтүп, шаарда врач болуп иштеп жатыптыр. Кечээ үйгө апасы, бир – […]

Tarih 1 Nis 2021 Kategori: Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva

БАШЫ /KAFA 5

Уландысы — 5. Атасы таштап кеткенден кийин, апасы жалгыз көп нерсеге жетиштире албагандыктан, жашоолору орто эле. Үйлөрү да бир топ эскирип калган. Эски үй болсо да, актап, сырдап, апасы таза кармачу. Өздөрүнүн эле айылына түшкөн эжесин чакырып, үйлөрдү иреттеп жыйнашты. Дасторкон жайып даярдашып, келээр меймандарды күтүп отуруп калышты. Бирок, меймандар кечигип жатышты… Кабатырланган Мээрим, Канатка […]

Tarih 28 Mar 2021 Kategori: Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva

Уландысы 4

УЛАНДЫСЫ – 4. Ошол кезде элдин баарынын эле турмушу – жупуну болчу . Биздин жашообуз да эл катары, жөнөкөй эле . Жупуну жашоо мени иренжитпеди. Күйөөмдүн ар бир кыймылы, жүрүш – турушу, жада калса бирге отуруп тамактанып отурганы да мени ирээнжитчү. Тоңдугунан, караңгылыгынан , менин көңүлүмдө болуп жаткан уйгу – туйгумду, аялдык каалоомду бир да […]

Уландысы — 3. Бактылуу күндөр өтүп жатты. Мээримдин кышкы сессиясы да аяктап, окуусунан он күнгө жооп берилди. Мээрим айылга барууга камданды. Канат өзү келип узатмакчы болду. Тан атпай эрте келген Канат, Мээримди автобекетке алып келди. Такси менен сүйлөшүп, жүргүнчүлөр толгуча кол кармаша сүйлөшүп турушту. — Мээрим, сен жок мен кантем. Он күндүн өтмөгү азап эми. […]