Kategoriler

Arşivler

Максатгуль Медербековна Жанузакова/Maksatgul Mederbekovna Zhanuzakova Kategoriler

Өткөн чактар “өткөөл Өткөн чактар “өткөөл “болуп мурдагы, Түнгө карайм жымжырттыкта уурданып. Мага жолдош болгонундай сезилет, Жылдыздардын бир калыпта турганы. Эңсеткендей ысык жайдын далдаасын, Жүрөгүмдү дүкүлдөтөт ал-басым. Дүркүрөтүп” сел” каптатып боюма, Махабаттын ачтың укмуш каалгасын? Билбейм эми менден кандай атат таң ? Жүрөгүмдү түртүп бердим апаатка. Көтөрө бил кагылайын көтөрө, Жөнөкөйлүк кымбат болот атактан. Шамаалыңдан […]

Кыргыз Поэзиясынын алпы,акын-драматург,котормочу Алыкул Осмоновго болгон сүйүүм бала кезимден башталган.Мектеп программасына кирген баардык чыгармалары ырлары,котормолору менен ошол кезде жуурулушуп,ар бир чыгармасынын каарманы болуп,кайгырса кошо кайгырып,сүйүнсө кошо сүйүнүп терең сүңгүп ,сүйүп окуйт элем . Ата-Журт десе Алыкул деп түшүнүп ,чындап жол карап тургандай сезилээр эле. Акындын ар бир чыгармасы элестүү жазылып,чыгармаларынын түбүнө түнөп ,окуган адамды кандайдыр […]

Жаралып пенде болуп бир келгени, Жаралып пенде болуп бир келгени, Бакыттын арбын болсун ирмемдери. Беш колуң бир-бирине тең келбеген, Пенденин ушул тура бир кем жери. Тирүүңдө жүрөгүңдүн кагышы анык. Күнүмдүк түйшүк менен алышабыз. Толтурам деген менен бир бөксөңдү, Тузу да,кемиген дейт падышанын. Ак-кара,өйдө-төмөн аралашкан, Өмүрдүн кемесинде бара жатсаң, Ичи тар ичке сууга чөктүүрөрдө, Кең -пейил […]

Сугум артат дүйнөнү карап алып, Сугум артат дүйнөнү карап алып, Суктандырган ааламга барабарым. Келгиндердин кайтарга кези келип, Сыйрып турат көктөмдүн жараларын. Жан курбумдай,булуттар улам ыктап, Карегимдин курчу өчөт мунарыктап. “Өмүр”-деген турганда чоктой күйүп, Көңүл кушун учуруп туралык бат. Ойлоп тапкан жомоктой биз илгери, Ойго салат келгиндер тизилгени. Кайран өмүр,каркыра сыяктанып, Келгенимден,кеткенин изилдедим. Көптү эңсеткен узаттым […]

Көп күттүм өзгө билинбей. Көп күттүм өзгө билинбей. Көктөмүм сенсиң дилимде. Алчанын гүлү буркурап, Ачылып турат бириңдеп. Жарашып турам көктөмгө, Алгачкы жамгыр төккөндө. Жамгырдан неге чочушат? Кол чатыр алып өткөндөр. Күткөнүм сенсиң курбалым, Суу болуп барып кургадым. Карасаң тиги булуттун, Оюнун салып турганын. Жашырып боюн ызгаардан, Жарышып чыкты кызгалдак. Пейили таза перидей, Окшошсуң жазым кыздарга. […]

Ырас жазым келиптирсиң күттү элем, Ырас жазым келиптирсиң күттү элем, Чилде ичи чымырканды бүт денем. Келгиндердин кайтып жатып ичинен, “Чыйрак жансың кечиксек да күт “деген Ким сагынбайт жазды анан жаш башын, Жазым келсең сага калам жашташып. Бир өмүрлүк жаркын маанай тартуулайт, Бүчүрлөрдүн өмүр сүрө башташы. Көзөп өтүп жүрөгүмдү жылуулук, Кулагыма торгой үнү угулуп, Теребелге жан […]

Ак жамгыр төгүп майдалап, Ак жамгыр төгүп майдалап, Жүзүмдү өтөт аймалап, “Адашкан жамгыр” деп сени, Ыйгарып койдум каймана -ат. Эркимди бердим эзилбей, Жазыгы барбы сезимде эй? Алгандай болдуң түбүнөн, Жамгырга чөккөн кезимде. Табышып тамыр бир-бирин, Табылдың туштан дилгирим. Көлкүлдөп толгон кусаны, Көздөрүң койду билдирип. Түшүмө кирген аяндай, Түбөлүк сени баяндайм, Өзүмдү бүтүн арнадым, Болгонум баарын […]

Октябрь.Жаңылбасам туура айттым мен эгер. Октябрь.Жаңылбасам туура айттым мен эгер. Кар жаай албай мунарыктайт теребел. Менин шамым тийгизе алса шооласын. Күмөнсүнбөй күзүң менен келе бер. Күндөкүдөй алдым сенден чакырык. Чечиле элек барам балким барбасым. Оолукпадым эмнегедир ой -басып, Күткөнгөбү түнү менен кар жаашын. Шам да өчпөйт,же кирпигим илинбейт. Күздөн калган бир баригим дирилдейт. Чоочун түндүн […]

Жан-дүйнөмдү жандаган сагыныч бар. Жан-дүйнөмдү жандаган сагыныч бар. Унут болуп качанкы таарынычтар. Жүлүнүмдү бошотуп бараткансыйт, Сен жөнүндө айтылган жаңылыктар. Аралаган айың кеп жарыбаган, Жаракага айланды барып анан. Жараланган дүйнөмдү жалгыз гана- Мезгил менен алаксып дарыланам. Төө көтөргүс кызганган жаратыман, Төбөм тушта айланат кара-туман. Түбүң түшкүр дүйнө ай,өз нугунда, Өтүп барат капарсыз,барат улам. Сагынычым таркабай сага […]

Түшүнүп кабылдаңыз туура баарын, Түшүнүп кабылдаңыз туура баарын,Түн уйкум качып канча убарамын.Түйшөлүп жатсам дагы түнү бою,Түшкөрүп сиз уктаңыз суранамын. Таң сүрсө айтаарым бар бир өтүнүч.Тамылжып тиктейт үнсүз сүрөтүңүз.Таалайым дегениңиз ырас болсо,Тагдырлаш жолдор үчүн күрөшүңүз. Аа балким сиз да уктабай бактыбызды,Суранып жылдыздардан жаттыңызбы.Күн алыс айта берип ак сүйүүмдү,Кетирип албадымбы шаштыңызды. Кыялга канат бүтүп алып учкан,Кыя албай […]