Ак жүз аарчы.5-бөлүм.

Эч нерсеге көңүлүм келбей, маанайым чөгүп кетти. Бөлмөмдөгү чачылган кагаздарды жыйнап, иретке келтирдим да үйгө карай жөнөдүм. Жумуштагылар эмне деп сөз айтып көңүл улашты билбей, улам-улам мени карашып жатышты. Ошол убакытта мага аябай кыйын болду. Эмне деп айтмак элем, бөлмөнүн ачкычын столдун үстүнө таштадым да үйгө карай жөнөдүм. Артымдан Сезим ээрчип келе жатты. Мен эч нерсеге карабай тез-тез басып бара жаттым. Сезим жолдон бурулуп бакчага кайрылып кетти окшойт. Кечинде тамак эмес сууда ичпей жатым алдым. Түнү уйкум келбей койду.


Эрте менен туруп, эшикке таза абага чыгып эки-жакка бастым, башым катуу ооруп калыптыр. Жумушка баргым келбеди, кантип барам. Жакшы жумуш эле, ушул жумушка чыккандан бери жетишип калган болчук. Жаман болду деп сүйлөнүп, бактагы отургучка отуруп үшкүрүп алдым. Эч нерсеге маанай жок көпкө отурдум. Сезимдин бул кылганына ишена албай көпкө отурдум. Үйгө киргим келбеди. Сезим менин маанайымды көрүп сүйлөбөдү, ооз ачып бир нерсе дегенде чоң ызы-чуу чыгышын билди.


Туура эмес кылганын сезип мага үн чыга албады.

Арадан эки күн өттү. Жумушка барбай үйдө жүрө бердим. Акыры Сезим: “Мени кечирчи, силерди көрүп кармана албай кеттим. Жумушуңа эч барган эмес элем, мен бекер барганым жок, сен жөнүндө сөз мага жеткенде чын элеби деп барып туш болуп калганым үчүн кармана албай кеттим. “- деди – “Жумушуң жакшы эле, эмнеге барбай жатасын? Сен иштебесең, мен иштебесем, кантип жашабыз? – деди.


Сезимге жооп бергим келбеди, айтып жаткан сөздөрү кулагымдын сыртынан кетип жатты. Мага деле жеңил болгон жок ал күндөгү окуя.


Ошентип, жүрүп арадан бир топ күн өттү, башка жумуш караштырбай жүрө бердим. Акыры Сезим чыдабады окшойт, үйдөн чыгып кетти. Кайда кеткенине көңүл бурбадым.

Кечинде Аарукени бакчадан алып келди.

– Болдучу, качанга чейин сүйлөшпөй жүрө бересин? – деп сүйлөнө баштады.

– Эмне деп сүйлөмөк элем? Менден башкасы болгондо ошол күнү көк-ала болуп жатып калмак элең! Ошондой болбогонуңа шүгүр дегин! – дедим.

– Кайсы аял өз бактысын башка менен бөлүшөт эле? – деп жиндене баштады.

– Сен эмнени билдиң эле бактыңды тарттырып ийгидей? – деп алдымда турган кичинекей отургучту бир тептим.


Менин жиним оңойлук менен келбешин жакшы билчү, бул жолу дагы сөз сүйлөсө соо калбашын сездиби, тез басып үйгө кирип кетти. Ааруке келип, мени үйгө жүр дегенсип колумдан тартып жатты. Колун колумдан акырын алып койсом, тамтаңдап ары басып кетти. Ал күнү үйгө кирбей кечке чейин сыртта болдум. Бир убакта дарбаза такылдап


калды, барып ачсам жумуштагы бир кызматчы экен:

– Сизди башкарма чакырып жатат, – деди.

– Мен жумуштан бошодум, айтып кой, башка иштебеймин! – деп ал кишини узатып койдум.

Арадан билинбей күндөр өтүп кетиптир. Сезим эрте менен кызымды бакчага таштаганы кетип кечинде келип жатты. Кайда жүргөнү, эмне кылып жатканын кызыгып сураганым жок. Мен да көгөрүп жумуш издебей отура бердим. Ошол күнкү окуядан кийин мага эч нерсе көңүлсүз болуп калган эле. Кечинде Сезим бир баштыкты көтөрүнүп келди, жини келип калган экен.

– Болду жетишет, мага мүнөзүңдү көрсөтө бербе! – деп колуна киргенди ыргытына баштады. Мен унчуккан жокмун. – Эртеден баштап мени менен жумушка чыгасын! – деди.

Кандай жумуш экенине кызыккан жокмун.

– Эртең батирдин акчасын бериш керек, сенин акчаларың түгөндү! – деди.



Батирдин акчасы деле эсиме келбептир.

Үйдүн ээси мага эскерткен болчу, акчаны бир күн өткөрбөй бересин деп. Бере турган акча жок болгондуктан, Сезимдин айткан жумушуна барышка аргасыз болдум. Ичимде “Кандай жумуш болду экен?” деп ойлоп койдум. Эртеси күнү экөөбүз ээрчишип жумушка жөнөдүк. Кандай жумуш болсо да батирдин акчасын төлөп турсак болду деген ойго келдим. Сезимди ээрчип барган жумуш базарда экен, кийим- кечек сата турган жумуш. Жиним келе түштү.

– Ушулбу тапкан жумушуң? – дедим.

– Газдалган суу деле сатып жүрбөдүңбү! – деп корс этти.

– Жакшы жумушту жок кылдың, бүгүн сага жардамдашайын, бирок мен башка жумуш караштырамын – дедим.



Ошол күндөн баштап жумуш караштыра баштадым, жумуш издеп суй жыгылдым, эч жерден таппай койдум. Жакшы жумуш тапгыча Сезимге жардамдашып турдум. Алгач базардагы ишибиз жакшы болуп жатты. Күндө тапкан акчабыз өзүбүзгө жетишип эле жаткансыды. Улам башка жактан кийим-кечек алып товарлар көбөйүп кетти. Бул жумушта алдын кийин иштебегенибизге, жакшы түшүнбөй жүрдүк. Улам товар көбөйүп өтуруп өтпөй калды. Карыз алган элдер акчасын сурай берип шаштыбызды кетирип жатты. Бат эле бир ай өтүп батирдин акчасын төлөөр күн келип калат. Күндөн күнгө кыйнала баштадык, өткөн товардын акчасын турмушубузга иштептип алып, карызбызга бере албай калдык. Жумушка баргандан баштап улам бири келип: “Акчабызды бергиле” – деп, соода да кыла албай калдык. Жүрөгүм сыгылып, эмне кылышты билбей калдым. Айылдагы апама дагы акча сала албай калдым. Жумушка баргандан коорунуп, жанымдагы коңшулардан тартынып да калдым. Карызыбыз бир эжеде көп




Уландысы бар…


И. Акпарова.
www.kafiye.net