Kategoriler

Arşivler

Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva Kategoriler

Tarih 28 Şub 2021 Kategori: Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva

БАШЫ 2

УЛАНДЫСЫ — 2. Айлана аппак кар. Бул түнкү кышкы кечте, кар лыпылдап жаап, аба да жагымдуу, жумшак. Ал түгүл суук да билинбегендей. Жаңы гана таанышып жаткан кыз – жигиттерге кыштын суугу сезилген да жок. Жолдун тайгактыгына да маани беришпей, ээрчише тайгак жолдо келе жатышты. — Кайда баралы , кыздар? Кайсы кафеге отурсаңар ыңгайлуу деп ойлойсуңар? […]

БИЗ АДАШТЫК … Учактын учаарына саналуу гана мүнөттөр калды. Арык гана бою узун, униформасы өзүнө укмуш жарашкан, көгүлтүр көздүү стюардесса кыз , жалпы жүргүнчүлөргө коопсуздук эрежелерин көрсөтүп жатты. Бир – эки мүнөттүк бул көрсөтүлүп жаткан эрежелерге Алия бир секунд да көңүл бурбай, учактын кичинекей айнекчесин кылгыра, ойлуу тиктеп отурат. Учуу алдында башка жүргүнчүлөрдүн көздөрүндө сүйүнүү, […]

Уландысы – 2 – Телевизор көрүп отурган Зулайканын көзүнөн жаш сызылды… Өткөн күндөрдү эскерүү, Зулайкага оор да, жагымдуу да… Ушул учурда азыркы мезгилинде эмес, ой- кыялы ошол кездеги жаштык мезгилинде жүрдү. Баары көз алдына учур чактай элестеп, андан кийинки жашоосун эстеди… Маңдайындагы телевизордон, ошол күндөрү көрүнүп тургандай, көз албай тиктейт. Ооба, жашоосу ошол экрандан тасмадай […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN11 – Биринчи түнүбүздөгү көрүнүш, көз алдыман кетпейт. Айшанын ыйлап отурушу, ушунчалык көңүлүмдү ооруткан эле. Аны абдан аяганмын… – Түшүнөм. Алымбек, Айша абдан сулуу тура. Боегу жок, кара калем менен да ажарын ачып тартыпсың. – Сулуу, ооба… Сулуу, бирок мени сүйгөн эмес. Азыр ал убакыт маанилүү болбой калды. Азыр мени сүйгөн […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN10 талыкшып, башы ооруп, чарчап турду. Эс албаса болбойт. Медерди үйүнө жөнөтүп, үйгө кирди. Үйдөгүлөрдүн эч кимисине көрүнбөдү. Тааныш жыттуу бөлмө. Баары орду- ордунда, бир гана Айша көрүнбөйт. Алымбектин ушунчалык катуу ыйлагысы келип турду. Эчкирип- эчкирип, бакырып- кыйкырып… Ичиндеги зилдей болуп оорлошуп турган ачуу, ызалык, бугунун баарын төгүп салгысы келип турду. […]

Tarih 26 Oca 2021 Kategori: Лилия Кудайбрдиева /Liliya Kudaibrdieva

БАШЫ /KAFA

– БАШЫ – Бөлмөдө Зулайка жалгыз калды. Кечки тамактан кийин, уул- келини өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип кетишкен. Алар кеткенден кийин, бөлмөнү жымжырттык ээлейт… Дубалга илинген телевизор менен гана сүйлөшүп калгандай, Зулайка эки көзүн андан ала албайт. Көңүлү каалап- каалабаса да, анын дабышын угуп отурууга аргасыз…Себеби, башка сүйлөшүп отураар эч кимиси жок. Кызы да эчак күйөөгө чыгып […]

ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ. /TRENDE AŞK. УЛАНДЫСЫ – 3. Күндөгү адатыбыз боюнча жумушка келип, иштерибизди баштап алгандан кийин, кечээги эжебиздин айтып берчү окуясын күтүп калдык. — Эже, эми сизди тыңдайлы. Түнү менен кандай окуя айтып берээр экен деп, катуу ойлондум. Биздин баарыбызды ойго салып койду, тажик кызыңыз. – Хи – хи ! — Ооба, мен да тээ […]

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN Ичимдик ичкен эки дос, дал ушул убакытта эпсиз баатыр болуп турушту. Кыйкырып Айшаны чакырып алып, маселени ордунда чечип, баарын ордуна коймок болушту. – Кеттик! Айша! Айша- а!    Чогуу кыйкырган эки достун бийик үнү, айылды жаңыртты.    Кыйкырып жаткан Алымбектин желкесин, бирөө катуу нукуду. Артына бурулган Алымбек, чоочун эркекти көрдү. […]

ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ. /TRENDE AŞK. УЛАНДЫСЫ — 2 . — Болот ! Жооп айтсаң боло !? — Мен калалбайм, Мира ! Кечир! Баарын өзүң жакшы түшүнүп турасың … Мира менин жообумдан кубарып кетти. Көпкө чейин унчукпай турду да: — Макул …сени түшүнөм , Болот. Билесиңби…мен сени ушунчалык жакын көрдүм, эгер үй – бүлөң болбогондо …сенден сурабай […]

БАШЫ …. Кең Москвада мага окшоп убактылуу иши жок жүргөн кыргыздар, күнүмдүк акча берип иштеткен жерде чогулуп калдык. Тиешелүү жумуштарыбызды бөлүп беришти. Күндө бирге иштеп жүрүп, баарыбыз бири – бирибизди таанып, жакшы сүйлөшүп калдык. Айрыкча менин жанымда иштеген жашы токтолуп калган эки эже болуп, тим эле божурашып сүйлөшүп, сөзүбүз бүтпөйт. Жумушубуздун баары кол жумушу болгондуктан, […]