Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva

БИЗ АДАШТЫК …


Учактын учаарына саналуу гана мүнөттөр калды. Арык гана бою узун, униформасы өзүнө укмуш жарашкан, көгүлтүр көздүү стюардесса кыз , жалпы жүргүнчүлөргө коопсуздук эрежелерин көрсөтүп жатты. Бир – эки мүнөттүк бул көрсөтүлүп жаткан эрежелерге Алия бир секунд да көңүл бурбай, учактын кичинекей айнекчесин кылгыра, ойлуу тиктеп отурат. Учуу алдында башка жүргүнчүлөрдүн көздөрүндө сүйүнүү, толкундоо көрүнүп турса, Алиянын көздөрүнөн кайгы көрүнөт …

Москва – Ош багытындагы Урал авиакомпаниясынын Боинг учагы , акырын көтөрүлө баштады. Мынакей, учак жүргүнчүлөрдү чокусу көк тиреген тоолору бар Кыргызстанга алып жөнөдү. Эх, алыста калган Ата Мекенге жөнөөчү бул мүнөттөрдү канчалаган күндөр, түндөр күтөсүң … Жүрөгүң Мекеним деп согуп, сагынасың, бир көрүүнү эңсейсиң. Мекенге кайтып бараткан бул күнү, жүрөгүң алып учуп, толкунданып, чын эле барататканыңа ишенбей да кетесиң. Акыркы күндөрүң, мүнөттөрүң өтпөй калгандай туюлат . Көптөн күткөн ошол күн да келет… Бул сезимди чет жерде жашап, иштеп жүргөн ар бир жаран жүрөгүнөн өткөрөт …

Мекенге кайтып баратса да, Алиянын жүзүнөн кубануу, толкундоо байкалбайт. Көздөрүнөн тынчсыздануу байкалат. Жанында отурган шериктери бири – бири менен маектешип баратты. Алардын сөзүнө да көңүл бурбай, ары – бери басып жаткан стюардессаларды ойлуу тиктеп отура берди. Алия үчүн Мекенге кайтып бара жаткан кубанычтуу мүнөттөр баары бирдей …Борттогу монитордо ирээти менен илинген чакан телевизорлордун экранын , муздак көздөрү менен тиктеп отурду…

Белгиленген убакыт болуп, учак өз убактысында Кыргызстандын Ош аэропортуна конду. Бортто отурган жалпы жүргүнчүлөр, бир убакта жалпы кол чаап жиберишти . Кол чабуулар бийик үн менен угулуп, шаңдуу чыкты. Бул бактылуу мүнөттөр эле… Мекенге жол – төрт сааттык убакыт. Төрт сааттан бери, чыдамсыздык менен жетүүнү эңсеп отурган ар бир жүргүнчүнүн жүздөрүндө кубаныч жайнады. Шаңдуу үндөр угулат.

— Урааа! Келдик!

— Саламатсыңбы туулган жерим!

— Мен сени сагындым !

— Наконец то!

— Өзүбүздүн Ош да бул!

Кол жүктөрүн шашыла алышып ,бардык жүргүнчүлөр сыртка чыгууга ашыгышты. Эл ортосу чыккан Алия, эл катары Оштун таза абасынан кере жутуп, жылуу соккон мээлүүн желине бетин тосуп, көздөрүн бир нече мүнөт жуумп, туулган жерине сагынычын билдирди. Өз жерине келгенине кубанып да алды. Көңүлү бир ачылса, кечээги күндөрүн эстеп …маанайы жоголо түштү.

Отуз мүнөттөн кийин, Алия такси менен Ош шаарынын көчөлөрүн аралап, туулган жерине келе жатты. Февраль айы болгондуктан, убакыт таңкы бештен өтүп баратса да, таң жарый элек. Караңгы, кээ бир жери жарык көчөлөрдү аралап, калың тигилген жол боюндагы бак – дарактарды улам артка таштап, такси, Алия жашаган районго бат эле келип калды.

Сырткы дарбаза ачык экен. Эч кимге айтпай, күтүүсүз келген Алия, ата – энесинин үйүнө бутунун учу менен басып келип, эшигин ачты. Оозгу үйгө сумкаларын таштап, жарыкты да жандырбастан, бөлмөлөрдү аралап, уулу уктап жаткан бөлмөгө өттү. Акырын басып келип, кийимдерин которду да, уулунун жанына кыңкая жатты. Эч нерсени сезбей, бышылдап уктап жаткан уулун жыттап – жыттап алды да, аны элжиреп көпкө тиктеди. Анын жыттуу чачтарына мурдун тийгизе жатып, уйкуга кетти.

Эрте менен үйдөгүлөрдүн баары, Алиянын күтүүсүз келгенине таң кала, учурашып жатышты. Кичүү сиңдиси кубана чай коюп жүрдү. Суроолуу тиктеген көздөргө Алия: — Уулумду сагынып, чыдабай келе бердим. Аябай көргүм келди. Баарыңарды сагындым – деди. Ичинде болуп жаткан уйгу – туйгусун, ата – энесине байкатпаска аракеттенди

Чай ичилип, атасы жумушуна шашып кетти . Ошондо гана апасы , Алияны “түшүндүм ” дегенсип карады. Алия апасынан көздөрүн ала качты. — Кантип айтам – деп тынчсызданып жатты. Айтпай эле турайынчы, бир күнү айтаармын …

Үч жашар уулун жетелеп, анын ширин тилине тойбой, апапак, болтойгон беттеринен кайра – кайра өпкүлөп, буркураган жыттарынан жыттайт. Уулу менен көңүлү ачылып, бакытка балкып, кучагынан чыгарбай кучактайт. Эне – бала бири – биринен ажырабай, эркелешип, сагынычтарын таркатып жатышты.

Бүгүн үчүнчү күн. Эрте мененки чайдан кийин, уулу менен бөлмөсүндө жаткан Алия колуна телефонун алды. Келгенден бери жандыра элек телефонун жандырды. Келген билдирүү каттарын карап чыккандан кийин, мээсинде жатталып калган номерди тере баштады. Чалуу кетти. Чочуп кетти да, чалууну кайра өчүрдү. Эмне кылаарын билбей, көпкө отурду. Эчен жолу жаттап калган номерге чалгысы келсе да, даай албай жатты. Уулу менен бөлмөдөн чыкпай жата берди.

Телефонго чалуу келди. Келип жаткан чалууну укпаган болуп, көп убакыт жатты. Бир нече жолу болгон чалуу, акыры өчтү. Бөлмө тынч боло түштү. Уктап кеткен Алияны кайрале телефонго келген чалуу ойготту. Өзүнө тааныш, жанагы номер … Бул анын күйөөсү. Алгысы келбей көпкө жатты . Бирок, алууга аргасыз. Көңүлсүз гана телефондун бетиндеги жашыл белгини, сөөмөйү менен сыдырды да, кулагына жакындатты.

— Алло!

Эркектин бийик үнү. Алия унчукпай угуп тура берди.

— Алло, жаным !

— …?

— Алия, эмне айтпай кетип калдың? Кечирип койчу, менден кетсе … Жаным десе … Мен сенин айтканыңдын баарын аткарам дебедим беле? Келчи .. Эч ким уга электе .

— Бул биринчи жолу эмес…

— Ооба, ооба, Алия , билем. Эми жумушта балдар ичиришип … Эмне кылганымды билбейм. Кечирип кой, жаным. Кечирип койчу! Кел эми , ээ?

— ….

— Макул, он күндөй тур да, анан кайткын. Мен жактагылар укпасын. Атам мени урушпасын. Жакшы жашайбыз , жаным!

Бул кезектеги көп убадалардын бири. Алия мунун баарын сезип турду. Эки жылдан бери ушинтип таарынышып, бир нече жолу Мекенге келип кетти . Бир жыл мурун кезектеги тополоңун салып, эч күнөөсү жок Алияны күйөөсү катуу сабап салган. Ошондо ажырашмак болду. Келининин “ажырашам ” деген сөзүн уккан кайын журту, улуу аксакалдарды салып, баласын алып келишип, кечирим сурап жатышып, кичинекей үй – бүлөнү сактап калышкан. Алия кечирүүгө аргасыз болгон . Улуу башын кичүү кылып келген аксакал кишилердин сөзүн эки кылбады.

Бирок … кечирип барып, кайрадан жашоо башталгандан кийин, баары мурунку эле абалга түшөт. Ошентсе да, Алия баарын ичине катып, жакшы жашап кетүүдөн үмүтүн үзбөй, турмуш жүгүн аркалап келет. Элден калбай, мигрант болуп, Москвада иштеп калышты. Акча таап, жакшы иштеп кетишкени менен, эки жубайдын ортосунда мамиле жакшы болбоду… Күйөөсүнүн кызгануулары, болбогон жерден чыр чыгарганы, туруксуз жүрүш – турушу …баары Алияны чарчатаар эле. Бир нече жолу ажырашууга да аракеттенди. Майнап чыкпады… Чеги жок, аткарылбаган убадалар … Үмүттүү көз жаштар … Баарынан тажаган күндөр … Ооба, ошондой максатсыз күндөрдүн биринде, Алия ” аны ” жолуктурду…

Шаардын четки райондорунун биринде салынып, жасалгаланып баштаган жаңы үйүнө , стилист – дизайнерден кеңеш алуу үчүн , Алия дизайнердин иш ордуна барып, эшигинен баш бакты. Эшикти ачып, босогону аттаганда эле, бою узун, кара каш, кара көздүү, сымбаттуу эркек тосуп алды.

Москвадан жаңы гана келген Алия апапак эле … Жарашыктуу кийингени үчүнбү, Алияны көргөндө дизайнердин көздөрү таң калгандай көз караш менен карап койду. Алия да сымбаттуу эркектин мындай көз карашына бир аз коомайланып алды да, келген максатын айтты. Сүйлөшүүлөр жүрүп, дизайнер бир – эки күндө өзү барып көрүп, кеңешин берээрин айтты. Чыгып бараткан Алия, сымбаттуу эркекти дагы бир карагысы келди. Экөөнүн көздөрү чагыла түштү. Алиянын жүрөгү “болк ” дей түштү. Аны жактырып калды… Ушундай эле сезим, дизайнерде да болгонун айттырбай сезди. Баарыны экөөнүн көздөрү айтып койбодубу …

УЛАНДЫСЫ БАР.


Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva
www.kafiye.net