ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ. /TRENDE AŞK.

УЛАНДЫСЫ — 2 .

— Болот ! Жооп айтсаң боло !?

— Мен калалбайм, Мира ! Кечир! Баарын өзүң жакшы түшүнүп турасың …

Мира менин жообумдан кубарып кетти. Көпкө чейин унчукпай турду да:

— Макул …сени түшүнөм , Болот. Билесиңби…мен сени ушунчалык жакын көрдүм, эгер үй – бүлөң болбогондо …сенден сурабай алып калмакмын.

Мира алсыз күлдү. Күлкүсү арсыз гана, өзүн күчтөгөн күлкү эле.

— Мен сени унуталбайм го. Сен да мени унутпассың ? …

— Сендей кызды кантип унутам … Майраны белинен имере тартып, кучактадым. Бул биздин коштошуубуз эле … Анын назик, аруу жыты аңкып, мурдума келип турду. Көпкө турдук. Бул коштошуу – досум менен … карындашымдай жакшы көрүп … сүйүп , мен аярлаган кыз менен коштошуу болду …

Поезд Бишкекке чейинки станцияда токтоп, алгачкы жүргүнчүлөрдү түшүрө баштады. Миранын оор чоң – чоң сумкаларын түшүрүүгө жардам бердим.

Мира түшүп баратып, таарыныч толгон көздөрү менен карады. Коштошуп, мени кучактап , кулагыма: — Болот, эгер калганыңда мен өзүмдү сага арнамакмын … Макул, кош ! Бактылуу бол ! Балким …жолугуп калаарбыз. Мени эстей жүр …

— Сен да бактылуу бол ! Өз теңиңе жолук, ылайым ! Бактылуу болушуңду тилейм …Кош!

Коймолжун көздөрүн жалжылдата карап, поездден түшүп кетти…

Мираны түшүрүп, өз ордума келе жаттым. Жакын адамым менен түбөлүккө коштошконсуп кеттим. Ичим ачышып турду. Үч күн мага өмүрүмдө унутпай жүрчү адамды …кезиктирди. Аны эми эч унутпасам керек … Ойго батып келе жаткам…

— Ия, байке !

Бул үн мага кайрылып жатыптыр. Кошуна плацкарттагы балдар экен. Так алардын жанынан өтүп бараткан экенмин. Токтоп калдым. Сөзүн күтүп, карап калдым.

Ылдыйда отурган экөөнүн чап жаак, көзү ойноп турган бирөөсү: — Ия, байке! Үч күндөн бери ушул кыз сизден ажырабады. Мындай …ыраазы кылып койдуңузбу ? Сизди бекеринен ээрчибегендир !

— Ха – ха!!! Ха – ха ! Жанындагы балдарга майдай жакты белем, каткырып, коштоп күлүп калышты.

— Ия, эмне дейсиң ?! Аны шылдыңдагыдай сен кимсиң?! Сен аны билесиңби өзү?! Он эсе сенден артык кыз ?!

Ачуумду кармай албай, бир колум менен жакасынан кантип кармап ийгенимди билбей калдым.

— Байке, байке ! Коюңуз! Балдар арачалай коюшту.

Өзүмдү кармадым. Мекениме жакшы маанай менен түшөйүнчү … Ою тайыздарга теңелбейин. Адамдар эээй …, адамдын сыртынан баа берип, жыйынтык чыгара коюшат ээ? … Мираны жеңил ойлуу кыздарга теңешкендерин карасаң… Ал сен көрө электи көрүп, билип койгонун кайдан билмек элең. Ал көптүн бири эмес…Асыл жан , миңдин бири… Ооба, ,так айта алам, миңдин бири… Асыл жаным, бактысын, сүйгөнүн тапсын. Бактылуу үй – бүлө куруп, муңайган көздөрүндө шаттык, кубаныч толсо экен… Мирага дүйнөдөгү жакшылыктардын баарын каалап келе жаттым …

***

Болот байке өз башынан өткөн окуясын айтып бүттү.

Баарыбыз бир топко тымтырс болуп отуруп калдык. Көз алдыбызга бул окуяны ар бирибиз өз алдыбызча элестеттик окшойт.

Жымжырттыкты мен буздум: — Ия, байке, үч күн жүрүп эле бир кызды сүйдүрүп койгудай ” красавчик ” жигит болгон окшойсуз ээ ?

Болот байке да менин сөзүмө күлүп калды да:

— Жигиттин гүлү болгонмун. Кепканы кийип, мурутчан, кара чачтуу, кара көздүү , арыкчырай гана жигитти көргөндө кыздар сүйбөй коймок беле ! Сүрөтүм бар эле, көрсөтөйүнчү силерге …

Асынып жүрчү борсеткасынан сүрөтүн алып чыкты.

— Мынакей!

Сүрөттө Болот байке чындыгында сымбаттуу жигит экен. Кара чач, мойлоосу бар, азыркы кезинен бир топ беттери толо, ак жуумал.

— Ой, иий ! Сулуу жигит болгон турбайсыңбы? Сымбаттуу болгон экенсиң ! Карачы, андан бери бир топ өзгөрүпсүң.

Эжелер да сүрөткө суктана карашты.

— Азыр ошол Мираң көрсө, сени эми сүймөк эмес !

Баарыбыз каткырдык.

— Ооба, эже, аны бир айтасызбы, эки айтасызбы … Турмуш бизди көп өзгөрүүгө алып келет тура. Бу жашоодо көп нерселерди көрдүк го. Москвага келип, ойлобогон нерселерге да күбө болдук. Аны силерден кийин айтып берейин. Кана, эми силерден угайын ! Кимиңер эмне айтып бересиңер ? Көргөнүңөрдү, укканыңарды…

Мен эжелерге суроолуу тигилдим. Эки эже бири – бирине карап: – Сен айтасыңбы? – деше, көздөрү менен сүйлөшүп калышты. Бизден эң улуу эже:

— Ээ, иним Болот. Бу Москва деген шаарың келсең арбап алабы …келген адам кете албай калат экен. Биздин шарт менен бул жердин шартын көрсөң, асман менен жердей экен. Кээ бирибиз мыйзамсыз жүрүп, эчен жолу полициясына түшсөк деле, кетпей жүрөбүз. Мен да пенсияга чыгып, кыздарыма келгем. Үйдө жалгызмын, абышкам жок. Уулум башка өлкөдө. Ошондон кыздарымдын жанында болоюнчу деп, жүргөндөгүм. Мен силерге Москвага биринчи келип, метродо адашканымды айтып берейин. Кыскача гана. Сенин окуяңды угуп, баарыбыз ойго чөгө түштүк. Маанайыбызды көтөрүп алалы. Анан бул сиңдиме өткөрүп берейин кезекти. Кандай дейсиңер?

— Макул, макул, эже.

Москвага келиши келип, үйдө отуруп эриктим . Сиздин жашыңызга ылайык жумуштар бар дешкенинен , жумушка чыга турган болдум. Жумуштун аты – промоутер экен. Бир – эки күн өзүбүз жашаган жерге жакын жерде иштедим. Анан башка метрого барасың – деп калышты . Ошентип, метрого биринчи жолу өз алдымча түшүп келе жатам. Ичи толо адам. Мен түшкөн станциядан түз келбей, которула турган жери бар экен. Мына ошол жерден башым айланып калды. Кайда басышым билбейм, станцияларды көрсөтүп койгон жазуу – сызыктарды карайм, түшүнбөйм. Нары басам, бери басам, таппайм. Айлам кетти. Ошентип турсам: — Уважаемая, ваши документы?! – деген үндөн бурулдум. Бет алдымда эки жаш полиция балдар турат. Документ сурап атышкандарын түшүнө, регистрациямды бердим. Орусчаны жакшы билип, түшүнүп турсам деле, алардын берген суроолоруна жооп бере албай турдум. Бир жагы коркуп кеттимби … Жашаган жеримди, үй номеримди сурап атышты го, кулагыма вагондун кулакты жарган бийик үнү, элдин шуулдай ары – бери баскан дабышы гана угулуп, жаңырып жатты … Алардын берген суроосуна жооп бермек түгүл, кайра алардан: — Где Красные ворота? Где Красные ворота? – деп, бир нече жолу сурап жибердим. Чынында аябай катуу кыжаалат болуп, оюма келбегендин баары келип кетти. Жашоо менен коштошуп бараткандай, ушул күн менен баары бүтө тургандай сезим аралап кетти.

— Где Красные ворота? Где Красные ворота?

Канча жолу сурап жибергенимди деле билбейм. Менин абалымды көрүп таң калып да, тажап да кетиштиби: — Женщина, вы хорошо чувствуете себя? — деп сурашты.

— Мне нужен Красные ворота!

— Вам нужен дойти до метро Красные ворота, да?

— Да, Красные ворота. Я не могу найти…

Полиция балдар бири – бирин карап , күлүп сүйлөшүп алышты да: — Пойдемте! – деше, элди аралап ээрчитишти.

Ошентип, мен ” переход “кыла албай, адашкан жеримди оңой эле таап, алып келишти да: — Больше не заблудитесь! Карту надо смотреть , а то метро у нас большая. Это не ваш – Ош. Удачи! – деп, кое беришти.

Эженин окуясына баарыбыз күлүп, бир жыргап алдык.

— Ой, эже, ичти эздиңиз го. Эмне анчалык тынымсыз сурадыңыз? – дедим, күлкүмдү токтото албай.

— Ошону айтсаң, ай ! Кыжаалат болуп, таппай атсам, булар да кошумча болуп , документим сурап. — Хи – хи – хи! Азыр эми уялып кетем. Алар токтотсо, ошол метрого жетпей калчудай, бара албай калчудай ойлогом го. Ойлопмун да , узакта жетем го. Метро дегениң, заматта жеткирет тура. Бир – эки саатта жетчү жериңе, он мүнөттө жетет турбайсыңбы, тобоо. Россияга бали! – деш керек. Ушунчалык жетишкен өлкө ээ?! Биздин өлкө да, ушундай өнүксө кана эле ээ, балдар?!

— Ооба да, эже. Кана, баарыбыз өз жерибизде, ушинтип иштеп турсак. Пешене терибизди өз өлкөбүзгө жумшасак … Заманыбыз да оңолоор …

Баарыбыздын Мекенибизди сагынганыбыз байкалды…

Бир – эки саат баарыбыз өз иштерибиз менен болуп, алаксып калдык. Ортодогу жымжырттыктан эригип кеттикпи, Болот байке экөөбүз сигарет чегип келе койдук. Убада боюнча эми берки эженин кезеги эле. Келип отураарыбыз менен эле:— Ай, эже, кезек сизге келди. Кана, кызыктуу уккан , көргөндөрүңүздөн айтыңыз сиз да.Москвага келип, окуяларга кабылбаган кыргыз болбостур. Эмне көрдүңүз, уктуңуз дегендей. Айтыңыз ?

Эже башын ийкегилей, үнсүз макулдугун билдирди да, сөзүн баштады.

***

Мен силерге өз башымдан эмес, мени менен кошо иштеп калган тажик кыздын окуясын айтып берейин…

Москваны билесиңер, кайсы жумушка барба, кыргыз, өзүбек, тажиктер. Айрыкча кыргыздар басымдуулук кылабыз. Мындан мурунку келишимде бир ресторанда иштеп калдым. Тажик кыз экөөбүз бир столдо туруп, жашылчаларды аарчып – жууп, даярдап турчубуз. Кыскасы, кухняда ” универсал ” жумуштарды аткара берчүбүз. Бирге иштеп аткандан кийин, ким болбосун бири – бириңдин жердигиңди, өздүгүңдү сураша бересиң го. Тажик кыз экөөбүз да ошентип, өзүбүз жөнүндө, үй – бүлөбүз жөнүндө, кыскасы көп нерсебизди бири – бирибизге айтып, сырдашып калчубуз. Менин Оштун Ноокатынан экенимди уккандан кийин, бир жолу: — Нурбек деген баланы тааныйсыңбы? – деди.

— Нурбек деген бала көп да, Ноокаттын кайсы жеринен эле? – дедим.

— Аны билбейм, Ноокаттанмын – деп калчу. Негедир тажик кыз, Нурбектин атын айтканда муңая түшчү. Көздөрүнөн бир сырды айта албай турганын сезчүмүн.

Бир күнү ал балдарынын сүрөттөрүн алып келиптир. Балдарынын баарынын көздөрү капкара, тегерек гана , кара тору экен. Бир гана эң кичүү баласынын көздөрү бүтүгүйрөөк, сары, баарынан өзгөчөлөнүп турат. Айырмасын дароо байкаган мен: — Кичүү балаң эч кимиңерге окшобойт го? – дедим. Ал сүрөттөрдү менден алып жатып, бир нерсе айткысы келе, көздөрү күлмүңдөп кетти. Жумуш менен алаксып, ары басып кетти. Бир сыр бар экенин даана сезип турдум.

Ушул жерге келгенде эженин аңгемеси токтоду. Себеби, жумуш күнү аяктап, үйгө кетээр убакыт жакындап калды.

— Эже, анда эртең уланталы ээ ? Кызык окуя айтасыз го. Кызыгып калдым.

— Ай – иий, Москвада эмнелер гана болбойт ээ? Сен дагы сүйүү окуясын айтат окшойсуң ээ? – деп, жашы улуу эжебиз да, Болот байке да баарыбыз күлүп калдык.

— Ооба. Буюрса, эртең айтып берейин. Сүйүү улутка да карабайт тура ! …

ТАЖИК КЫЗДЫН СҮЙҮҮСҮ.

Эртеңки уга турган окуяга ушул теманы коюп, жол катар бүгүнкү уккан окуяларыма таасирленип, үйгө бараттым.

Эмесе, калганын эжеден угуп, билемин…Тез – тез басып, үйгө шаша, эскалатор менен метрого түштүм…

Уландысы бар….



Лилия Кудайбердиева
www.kafiye.net