Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva

САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN11

Биринчи түнүбүздөгү көрүнүш, көз алдыман кетпейт. Айшанын ыйлап отурушу, ушунчалык көңүлүмдү ооруткан эле. Аны абдан аяганмын…

– Түшүнөм. Алымбек, Айша абдан сулуу тура. Боегу жок, кара калем менен да ажарын ачып тартыпсың.

– Сулуу, ооба… Сулуу, бирок мени сүйгөн эмес. Азыр ал убакыт маанилүү болбой калды. Азыр мени сүйгөн аялым бар. Ал сен- Нускайым. Менин көңүлүмдөгү, жүрөгүмдөгү- жубайым.

   Нускайым эркелей,  адатынча Алымбектин  беттеринен өпкүлөдү.

                                          *

   Алымбек ыйлады, катуу ыйлады. Сүйгөнүнөн ажыроо, кимди гана ыйлатпайт. Жүрөгү жабыркады, санаага батты, алсырады… Жан- дүйнөсү буулугуп, көзүнөн жаш акты… Сүйүүсүнөн ажыроону- өтө оор кабыл алды.

   Айшанын таштап кеткенине, көп күнгө чейин ишене албады. Көйнөк- жоолуктарын улам жыттайт. “Буюмдары калып кетиптир, демек келет” деп, угуп калган ырым- жырымдарга жоруп, анын келээринен үмүтүн үзбөй жүрдү. Өзүн- өзү алдап жатканын да билет. Үмүтү бир күнү, тырс үзүлдү…

   Атасынын: “Катын албай өлсөңчү!”- деген сөзү көкүрөгүнө кыттай уюп, көпкө чейин атасынын көзүн карай албай жүрдү. Баарына өзүн  күнөөлүү сезип, чүнчүп да кетти. Алымбекти түшүнгөн, бир гана апасы болду. Көңүлү ооруп жүрөт дегенсип, баласынын көзүн карайт.

    А Алымбек эч жерге батпай жүрдү. Бул жарык дүйнөдө өзүнү ашыкча сезди. Жок болуп кеткиси келди. Көңүлүнө дабаа издеди… Көңүлүндөгү жарааты айыккыс эле. Сокур кишидей болуп, кайда бараар жолун билбей, кайда барып, эмне кылаарын билбеди. Туңгуюкта калды… Күйүттүн отунда жанды…

   Күйүт отунан, аны наздуу келин Гүлжан куткаргандай болду. Кечээги “үйлөнсөм, Гүлжанга экинчи жолобойм” деген сөздөрүн унутту. Буттары ошол жакка кадам арыштап, кылыктуу келиндин кучагына өзүн кантип таштаганын билбей калды. Сүйүүгө тойбой калган көңүлү, Гүлжандын сүйүүсүнөн азыктанды. Аял жытын сагынган эңсөөсүн, Гүлжандан кандырды. Аял мээримине зар эле дүйнөсү… Баарын Гүлжандан тапкандай болду… Бир кезде “сенден  кош бойлуумун” деген келиндин, алты айдан кийин да ичи бөрсөйбөптүр.  Алымбектин “бала болгон беле?” деген суроосуна, “ошондо эле түшүрүп салгам” деп койду.  Алымбек жакшы ойлорго жетеленди. ” Дагы кош бойлуу болуп калса, Гүлжанга эле үйлөнүп алсамбы?”… Бул суроолуу ою, жоопсуз калды. Күндөрдүн биринде Гүлжан: “мен алыс жакка кетип жатам. Ошол жакта иштеймин” деген жаңылыкты угузду. Көп өтпөй, жакын адамына айланып бараткан Гүлжан да кетти. Алымбек эми жападан жалгыз калды…

   Уулунун абалы, ата- энени санаага салбай коёт беле. Көңүлү жаралуу, жалгыздыктан жабыркап жүргөн абалын билип жүрүшкөн. “Үйлөп койбосок болбойт го”- деген чечимге келишти.

   Кайрадан кыз издөө башталды. Бул жолу Алымбек, мурунку мүнөзүн көрсөтө албады. Өзү тапкан кыз таштап кетпедиби. Ошондон улам, баарынын алдында тили кыска болду. “Кайсы кызды баары жактырса, ошол кызды алам” деген ойго токтолду.

   Кара тору, азыраак толмочунан келген кыз отурду. Кыздын көздөрүнөн, Алымбек мээримди көрдү. Мээрим төккөн көздөрү менен, кыз өзүнө тартты.

   Алымбек экинчи аялынан жаңылбаптыр. Таанышкандагы мээрим толгон көздөр, Алымбекке чыныгы сүйүүнү тартуулады. Сүйүүгө толгон үй- бүлө жаралды. Алымбек бактысын тапты.

    Убакыт өтүп, Алымбек “телевышкадагы” жумушун таштады. Шаарга көчүп барышып, басмаканадан жумуш тапты. Аткарган кызматы- сүрөтчү- дизайнер. Өзүнүн эң жакшы көргөн- кесиби.

   Бош убактысында дайыма сүрөт тартат. Көңүлү каалаганын тартат. Ошентип жүрүп, көңүлүн тымызын өйүп жүргөн Айшанын сүрөтүн тартты. Ошол мезгилдерди эстеди…Ойлоп көрсө, ал мезгилде жаштыктын катачылыгын кетирген экен. “Мен сүйдүм. Мага жакты, болду!”- деп, Айшанын көңүлү жөнүндө кыпынчалык да ойлобогон экен. Көңүлү жок аялын ансайын көңүлүн оорутуп, анын түндөрүн азапка айланткан тура. Жакшы сүйлөп көндүрүп, убакыт берип  өзүнө көндүрсө болот беле?  Жылуу- жылуу сүйлөп, мээримин төгө берсе, акыры бир күнү Айша да жибип, кучагына боюн таштамагы анык эле. Жок, Алымбек антпеди. Чоң катачылыгы ушундадыр, “кош бойлуу болсо кетпейт” деп, көздөгөнү эркектик милдетин аткаруу болду. Мындай мамилеге, жаш кыздын көңүлү, жан- дүйнөсү даяр беле? Эч ким билбейт… Эч ким ойлободу… Айшанын көңүлү жөнүндө,  жан адам ойлободу. Айша ошону түшүндү. Унчукпаса, салттын курмандыгы болуп өмүрү өтөөрүн билди. Өз жашоосун өзү тандап кетти.

   Айшанын кийинки тагдыры жөнүндө, Алымбек көп ойлойт. Анын бактылуу болушун тилейт. Себеби, жакшынакай кыздын тагдырын сындырып койбодубу… Өзүн күнөөлөйт. Кечирим сурагысы келет. Көңүлүн өйүп жүргөн Айшанын элесинен,  сүрөтү жаралды… Саймалуу көшөгөдөгү Айша…

    Алымбектин бир укканы- Айша азыр чет жерде иштеп жүрөт. Анын жеке турмушу тууралуу толук  билбейт. Бирок, билгиси келет. Алымбектен кетип, кандай жашоого кабылды, кандай тагдыр күттү? Алымбек  дайыма ойлойт.

    Күндөрдүн биринде, Алымбек Айшанын баракчасын,  жаңыдан колдонулуп жаткан соц.тармактан  көрдү. Сүрөттөгү күлүмсүрөгөн Айшага тигилип, ушул сулуу кыз бир кезде  аялы болгонуна ишене албай да кетти.  Сүрөткө акырын шыбырады: – Азыр кайда, кантип жүрөсүң? Өзүң каалаган бактыңды таптыңбы? Мени кечир. Сенин бактыңды тилейм, менин аппак тун сүйүүм!


Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net