Лилия Кудайбердиева

БАШЫ ….


Кең Москвада мага окшоп убактылуу иши жок жүргөн кыргыздар, күнүмдүк акча берип иштеткен жерде чогулуп калдык. Тиешелүү жумуштарыбызды бөлүп беришти. Күндө бирге иштеп жүрүп, баарыбыз бири – бирибизди таанып, жакшы сүйлөшүп калдык. Айрыкча менин жанымда иштеген жашы токтолуп калган эки эже болуп, тим эле божурашып сүйлөшүп, сөзүбүз бүтпөйт. Жумушубуздун баары кол жумушу болгондуктан, сүйлөшүп да, күлүп да үлгүрөт элек . Бизге жакын жерде отуруп иштеген байке да аябай шайыр, ачык экен. Күлкүлүү анекдотторду айтып берсе, токтобой күлөбүз. А тиги токтолуп калган эжелер алгач көп эле ачылбай, көп сүйлөбөй атышкан. . Кийин бизге үйрөнө түшүштү го, биз менен аралашып, тамашалашканга өтүштү.


Күндөрдүн биринде кебибиз баштан өткөн окуяларга токтолду. Төртөөбүздөн эң кичүүсү мен экенмин. Кантсе да алгач аксакалдардын окуяларынан угайын, анан акыры өзүм айтайын деген ойдо: – Ия, байке, мен сизден озунуп баштасам болбойт го. Алгач сиз айтып бериңиз, баштан өткөн окуялардан. Баарыбыз талаада көптөн бери жүрөт экенбиз, сөзсүз бир окуяга кабылдык, көрдүк, уктук дегендей. Кана, баштап бересизби?


Жанымда отурган эки эже да: – Ии, баштаса баштап берчи. Аябай ” шустрый ” экенсиң, байкап бүттүк. Башыңдан далай эле окуялар өтүптүр. Кана, бир кызыктуу окуя айтып берчи ?


Тиги байке бир топко жылмайып отурду да: – Макул, айтса айтып берейин. Кызыктуу десеңер, башымдан өткөн сүйүүлөрдөн үзүндү айтып берейин ээ? Оо, жаш кезде далай кызды сүйдүрдүм го, чиркин! Каршы эмессиңерби?


— Жоок, кокуй, кайра жакшы эмеспи. Биз да сүйүүлөрүбүздү ойлооп угабыз да . Баарыбыз каткырдык.



ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ.




Мен анда отузга чыга элек курагым. Ал кезде азыркыдай жумуш издеп эмес, коммерциялап барчубуз го, Россияга. Ошентип, Россиянын Сургутуна барып, ишим жакшы жүрүшпөй, маанайым суз үйгө кайтып келе жаткам. Божомолумда үйдө бир аз эс алып же кайтамын же башка жумуш менен алектенсемби деген туруксуз ойлорум бар.. Ал убакта элдин абалы азыркыдан оорураак эле. Эгер үйдө көбүрөөк жүрсөм, аялым менен уулумду кантип багам деген күдүк ой турат. Жаңы гана түтүн булаткан бизде, төрт жууркан, төрт идишибизден башка ашык дүнүйөбүз да жок эле. Жумуштун жоктугунан аялымды уулум менен таштап кеткен элем. Үй – бүлөмдү ,туулган жеримди сагынып жаткандыгымдан гана үйгө баратканыма кубанычта элем. Ошентип, поездге отурдум. Кыргызстанга сапар алдык.

Менин ордум үстүңкү койкада экен. Ордума жайланышып , поезд жүрөөрү менен уйкуга кеттим.


Канча убакыт жаткандыгымды деле билбейм. Менимче аз эле убакыт уктадым. Жанымда жайланышкан мага окшогон жүргүнчүлөрдүн кобурашкандарынан ойгонуп кеттим. Тушумдагы үстүңкү койкада жаткан кара тору, семизирээк жигит түбүндөгү аял менен сүйлөшүп жатат. Сөздөрү аябай кызуу.


Аларды бир карадым да , менин түбүмдө ким бар экендигине кызыга карадым. Арыкчырай, жаш кыз отурат. Ии – деп койдум да, көзүмдү жумдум. Поездддин тынымсыз шакылдаганы, вагондогу жүргүнчүлөрдүн ары – бери өтө бергени уйкумду келтирбеди.

Ылдый түшкүм келип, акырын абайлап түштүм. Менин түбүмдө отурган кыз терезени ойлуу тиктеп жатыптыр. Түшүп бут кийимимди кийип, карбаластап калдым. Кыздын көз карашы мага тигилди. Тиктеп турганын көз кыйыгымдан байкадым. Ордуман туруп баратып, көздөрүбүз тиктеше түштү. Коймолжун күрөң көздөр. Көздөрүнөн акылдуулугун, зиректигин байкадым. Карап турган көз карашында мүнөзү да көрүнүп тургансыйт. Курч көз караштар.


Башымды ийкеп саламдашымыш болдум да, сигарет чеккени ” курилкага ” бардым.


— Отуңуздан мүмкүн бекен , жандырып алайын ? …


Капыстан артымдан чыккан үндөн жалт бурулдум. Мени коймолжун күрөң, акылдуу көз карашы менен жанагы кыз тиктеп турат.


— Ии, ии , мүмкүн. Кызга сигаретин тутантууга от бердим.


Узун, татынакай манжалары менен сигаретти оозуна салып тартты да : – Үйгө жөнөдүңүзбү? Сапар карыдыбы? – деди.


— Ооба, сапар карыды … Үйгө барып, сагынычты таркаталы …


Унчукпастан вагондун кичине терезесине бурулду. Терезенин артындагы көз ирмегиче токтобой калып жаткан үйлөргө, бак – дарактарга көз жүгүртүп, көпкө турду.


— Билесизби , мен жалгызмын… Үйгө барсам …күтүп алаар эч кимим жок.


Кызга эмне дээримди билбей турдум.. Анын турпатына көз жүгүрттүм . Орто бойлуу, арыкчырай турпатына үстүнө кийген жеңи узун чымкый көк ” рубашка ” көйнөгү, чымкый көк джинсы шымы өзүнө жакшына жарашыптыр. Белин курчаган кыпкызыл куру анын турпатын ачып, көрк берип турат. Баары өзүнө жарашыптыр. Жадагалса капкара, жапыс кроссовкиси да боюна жарашкан. Желкесинен кыркылган чачынын жарымын резинка менен бууп алыптыр. Кара – күрөң чачтары, көзүнө түспөлдөш экен. Каштары кара …чийилген. Үстү – башын сыдыра карап койдум. Анын бейтааныш эле мага минтип ачык сүйлөшү таң калтырды . Ошону менен сөзүбүз деле уланбай, көпкө терезеге тигилип, сырттагы кооздуктарга көз жүгүртүп турдук.


Көптөн бери тааныган эски тааныштардай чогуу ээрчише ордубузга келдик.


— Чай ичесизби ?


Чай ичким келип турган эле.


— Макул, ичсек ичели, каршы эмесмин.


Кружкаларыбызга кайнак суудан куюп келдим. Ортого экөөбүз тең шам – шум этчү тамактарыбыздан коюп , сөзүбүздү улантканча чай иче баштадык. Чай үстүндө тааныштык.


— Менин атым Мира , байке. Сиздин атыңыз?


— Мен Болотмун.


— Абдан жакшы, кубанычтамын.


Өзү жөнүндө баштап койгон сөзүн сурабадым. Кааласа айтаар, каалабаса унчукпай эле коеюн деп койдум. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп, аны менен тээ жүз жылдан бери тааныш болуп жүргөндөй сезим аралады мени. Өткөн – кеткендерден жаныбыздагы эркек – аял болуп сүйлөшүп калабыз. Негедир ал экөө менен сөзүм көп жалгашпай, Мира экөөбүз көбүрөөк сүйлөшүп келе жаттык. Эки күндүн ичинде ушунчалык ынак болуп кеттик, өзүмдүн ага тартылып баратканымды сездим. Менин оюмду окуп тургандай, ал да коймолжун көздөрү менен мени сырдуу карап коет. Ал антсе, көзүмдү ала качам. Өзүмө – өзүм суроо берем:— Капырай, бул эмнеси…? Үй – бүлөм бар эмеспи… Кой, тизгиниңди тарт, Болот !


Ага ичимдеги оюмду билгизмек белем. Анын көз карашынан ичинде кандайдыр бир муң бар экенин байкагам. Аяп турдум. Көңүлүн ачкым келип, сөзгө чебер жаным, күлкүлүү окуялардан, анекдоттордон айтып күлдүрүп коем. Так эле окуянын ичинде жүргөндөй келиштире айтканым үчүнбү, Мира тим эле чын дилинен, аппак тиштерин кашкайта күлөт. Ал күлсө көздөрү жайнап, катылып жаткан сырлары чачылып, жоголуп кетет. Мага күлгөнү абдан жакты … Ал күлсө өзүмдү бактылуу сезип, кубанып калам.


Экөөбүздүн ажырабай ээрчише нары – бери басканыбызды кошуна плацкарттагы балдар көз кырын сала карап коюшат. Кыргыз кызынын эркин эле тамеки чегип, эркек киши менен турганы, ал убакта албетте, өөн эле …


Коймолжун кара көздөр … Сырдуу, кусалуу көздөр … Ичинде айтылбаган Аалам жаткансыйт. Эки дүйнө көздөр менен баарын бири – бирине айтып коюшту.

Тынымсыз текшерүүлөр көп жүрөт эле ал мезгилде. Мира такылдап , орусчаны да укмуш сүйлөйт экен. Көз карашы терең, билимдүү кыз экендигин байкадым. Поезд станцияларга токтогон сайын, кийинки станцияны айтып, мени таң калтырып коет. Ошентип, жолубуздун жарымынан өтүп калдык…


Поезд жолун улап, шакылдап келе жатат. Түн кирип, уктаганы уктап, уктабаганы уктабай, вагондо дагыле бирин – серин басып жүргөндөр бар. Мира экөөбүз ” курилкада ” турдук.


— Мен жетейин деп калдым, Болот. Эртең кечки убактарда мен түшчү станцияга жетебиз. Мен түшөмүн.


— Бишкекке жетпейсиңби? Сени мен бир жерден түшөбүз го деп ойлогом. ..


— Жок, мен товар ташыйм. Ошол жерден тосуп алчулар бар. Өткөрүп эле, дароо кайтам. Сага өзүм жөнүндө айткым келип турат. Угасыңбы?


— Албетте, угамын.


Билбейм, негедир сени бир көргөндө эле жакшы адам деп ойлодум. Мага жылуу учурадың, көптөн бери тааныган тааныш адамдай сезилдиң … Жүзүңдөн жылуулук сездим. Көптөн бери жол жүрүп иштегендиктен, кээ бир адамды бир көз караштан эле жактырбайм . Жактырбасам сүйлөшпөйм деле. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп, кете берем. А сенин өңүңдөн жылуулук байкадым. Ошон үчүн да сени менен жакшы сүйлөшүп, а түгүл … көнүп да кеттим…


Билесиңби ….мен – жетим кызмын. Мен бүткөн учурда мамлекетибиз оор абалда эле. Мындайча айтканда, көчөдө калдым. Көчө турмушун көрдүм. Жаман – жакшыны көрдүм… Мобуну ошондо баштагам… ( колундагы сигаретти көрсөтүп) . Бирок … канчалык жаман адам көп болбосун …жакшы адам да бар экен. Тагдыр буйругубу … көчөдө жүргөн күндөрүмдүн биринде ” жакшы адам ” … тагыраагы бир аял – эркек түндөсү жүргөн күндөрүмдүн биринде таап алышты.


Мына, жакшы адамдар мени жакшы чөйрөгө алып келишти. Мени өздөрү менен алып жүрүп, жакшы нерселерге гана үйрөтүштү. Мына, жаман эмесмин. Соодада иштешкендиктен , сооданы да, товар ташууну да үйрөндүм. Дале алар мененмин. Калганы түшүнүктүүдүр… Жакшы окучумун , сырттан тапшыргам, окуйм. Сигаретти таштап да жүрдүм. Билбейм … эрксизминби, кайра тартып алдым. Өзүмө да жакпайт, бул адатым.. Билесиңби… жан – дүйнөмдө жалгызмын… Дайыма кусалык менен жүрөм. Кимдир бирөөнү сагынам. Ата – энемди сагынаттырмын… Мээримди издейттирмин, айтор … жалгызмын… Эгер үй – бүлө күтсөм , кусалыгым таркаар беле …


— Үй – бүлө күтүп, балалуу болсоң, баары унутулат, Мира. Бактылуу болосуң ...


— Ооба… Бирок , мен издеген адамды жолуктура элекмин. Сүйүү башыма келе элек.


— Мм…


Өз ойлорубуз менен болуп, көпкө чейин бири – бирибизди үнсүз тиктеп калдык. Поезд токтобостон, жүрүшүн улап кете берди.


Ошентип, бүгүнкү күн – Мира түшүп калчу күн. Бири – бирибизди жактырып калганыбызды айтпасак да түшүнүп турдук… Бирок, мен эч кандай сөз менен өзүмдөгү сезимди билдирбедим. Канчалык жашыргым келсе да, жылуу мамилемден, көз карашымдан Мира туюп койду. Кантсе да аялзаты сезгич, туйгуч келишет эмеспи.

Казакстандан өтүп, Бишкекке жакындап бараттык. Коштошоор мезгил жакындаган сайын байкатпаганым менен, менде да тынчсыздануу болуп жатты. Экөөбүз кайрале күндө тура берчү терезенин жанына келип, бири – бирибизге айтылчу сөздөрдү көздөр менен айтып турдук… Мен өзүмдү араң эле кармап бараттым… Аны кучагыма кысып, ичке эриндеринен өөп койгум келди. Бирок, эрким жетпеди.


— Болот , кел мени менен түшүп кал. Экөөбүз менин тапшырчумду тапшырып, шаар айланабыз. Сени өзүм , барчу жериңе салып коем. Билесиңби, мен сени жактырдым… Балким … сүйдүм… Үй – бүлөңдү бузгум келбейт. Сени түшүнөм …Каласыңбы, калчы ээ?!


— Калсам …кандай болоор экен … Ыңгайсыз го…


Күтүүсүздөн Мира менин мойнума асылып, бекем кучактады да: — Түшүнүп турам , Болот. Сен менин көчөдөн адам болгонумду угуп, оюң башкада. Бирок ….бирок ….мен – кызмын … Ишенесиңби ушуга ?


Миранын бул сөзүнөн өзүмө келе түштүм. Эми эле ” калсамбы? ” – деп турган арасат оюм, шамалдай учуп кетти. Аруу …аруу кыз…” Сен булганба… өзүңдөй дили таза инсанга жолуксаң экен “… Дилимде ушул сөздөр айтылып жатты .


Экөөбүздүн тең бири – бирибизден ажырагыбыз келбей турду. Бирок, шакылдап шамалдай жүрүп келе жаткан поезддей, убакыт да өтүп, коштошоор убактыбыз жакындап келе жатты

Мира менден суроолуу көзүн албай, карап турду. А мен …такалып турдум, жооп бере албай

турдум…

Уландысы бар …



Лилия Кудайбердиева
www.kafiye.net