Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva


САЙМАЛУУ КӨШӨГӨ / NAKIŞLI EKRAN

Ичимдик ичкен эки дос, дал ушул убакытта эпсиз баатыр болуп турушту. Кыйкырып Айшаны чакырып алып, маселени ордунда чечип, баарын ордуна коймок болушту.

– Кеттик! Айша! Айша- а!

   Чогуу кыйкырган эки достун бийик үнү, айылды жаңыртты.

   Кыйкырып жаткан Алымбектин желкесин, бирөө катуу нукуду. Артына бурулган Алымбек, чоочун эркекти көрдү.

– Сиз кимсиз?!

Мени эмне кыласың?! Менин канымды кызытпай, буту- колуңар соосунда, тез үйүңөргө кетип калгыла! Айтып коёюн, кечээтен бери кылыгыңарга араң чыдадым! Тез кеткиле! Силер менен эч ким сүйлөшпөйт. Кеткиле!

   Жекире, ачуу менен сүйлөгөн бул кишинин сөзүнөн, Алымбек соолуга, акылы өзүнө келгендей болду. Бул киши Айшанын атасы экендигин айттырбай туйду. Бирок, бир нерсеге акылы жетпей, өзүнө- өзү суроо бере берди. Бул киши үйүнө кирбеди эле го?!

– Аа… Макул, макул…Сизден сурайын, Айша менен сүйлөшүп алсам болобу?

– Сүйлөшпөйт! Кызымдын көз жашына себеп болгонум да жетишет!

   Мас болуп турса да, кайнатасынын бул сөзү, Алымбектин денесин   бычак менен тилип жибергендей эле болду. Теңселе артына бурулду.

– Кеттик, Медер…

   Унаага отурган экөө, айылга кайтышты. Буга чейин сүйлөшүлгөндөй, чоң жол менен эмес, үч-төрт айылды бойлоп кеткен топурактуу жолго салышты.

   Себелеп жаткан жамгыр, катуулап баштаган. Катуу сөзгө сынып калган жигиттер, азыр ачууга алдырып турушту.

– Айда, Медер! Тез! Ааламда бир эле Айша болсо да!

   Медерге ушул эле сөз жетпей турганбы, жолдун уңкул- чуңкулуна карабай катуу айдады. Унаанын катуу жүрүшү менен, экөө  ачуусун чыгарып алгандай болушту. Катуу жүрүп келе жаткан унаа, капысынан токтоду.

   Унаанын капысынан токтоп калышы,  Алымбектин ичинде  куюндай уюлгуп,  сапырыла учуп чыга албай жаткан ойлорун таркатып жиберди. Медер экөөнүн тең ою унаага бурулду.

– Эмне болду, Медер?

– Билбейм, жүрбөй калды го…

– Эми эмне кылабыз?

– Караңгыда карап көрө да албайм. Азыр, дагы жүргүзүп көрөйүнчү.

   Медер унааны кайра-кайра жүргүзүп көрдү. Унаа от албай жатты.

– Түртөт окшойбуз, Алымбек.

   Эки жигит унаанын артынан болгон күчтөрү менен түртүп, Медер кайрадан жүргүзүп, унааны от алдыра алышпады. Алымбек да, Медер да чарчап турган. Айлалары түгөндү. Унаанын ичинде түнөп, эрте менен кетмек болушту.

    Алымбек көзүн ачса, таң жарып калыптыр. Үшүгөнүн айтпа. Бутунун учу муздап, тоңугандай катып калыптыр. Ичиркенип алды.

– Ох, и- иий! Суук!

   Орундугунда кыйшайып уктап отурган Медерди ойготту.

– Медер, тур, кеттик! Катып калыпмын үшүп…

– Мм… азыр… Үшүгөндү айтпа.

   Медер да катуу үшүптүр. Керилип- чоюлуп, колдорун ушалап, эки бутун бири- бирине кагыштырып тепкилеп алды.

– Башың кандай Алымбек? Менин башым заңгырап жатат, тимелечи…

– Башты айтпа. Айдап көрчү, андан көрө.

   Медер унаасын жүргүздү. Кайра эле кечээги абал кайталанды.

– Жүрбөй жатат. Эмне болгон буга?! Алымбек, сен түртчү дагы.

   Алымбектин түрткүлөп, жылдырууга аракеттенгенинен да натыйжа болбоду. Экөөлөп түртүштү. Тыянак болбой жатты.

Алымбек, токто. Карап көрөйүнчү ал жак, бул жагын. Сен токтоп тур.

     Медер  унаасынын капотун ачып, кунт коюп карап баштады.

   Жамгыр дале себелеп жаап жаткан. Чачтары уйпаланган, бети- баштары шишип, кийимдерине ылай чачырап,  кебетелери кеткен. Алымбек Айшаны сүйүп калганы үчүн өзүнү жектеп, жан- дүйнөсү карарып турду. Бул дүйнөгө туулганына нааразы болду. Ушул азыркы кейпин көрүп, өзүнө да, Медерге да боору ачыды. Ушу азыр баарын таштап, көз көрбөс, кулак укпас алыс жакка басып кетүүгө даяр болуп турду. “Медерде эмне күнөө. Мен эмне болсом, ошону көрдү. Мен үчүн түнү менен көчөдө калды. Үйүнө барсын аман- эсен. Тиричилигинен да калтырдым”…

    Ушул убакта алыстан атчан бастырып келе жаткан атасын жазбай тааныды.

– Медер, атам…

 – Ия?! Сени издеп келе жаткан го?

– Ошондой го. Өлдүм…

   Атасы түз эле жигиттердин жанына бастырып келди. Уулунун селсаяктай жүдөгөн кебетесин көрүп, ачуусун кармай албады. Сыягы, булардын кайда барып, эмне кылгандарынын баарынан кабардар го. Ачуусу жүзүнө чыга:

– Э, атаң көрү! Катын албай өлсөңчү!- деп, Алымбектин жонуна камчы менен тартып- тартып жиберди.

   Себелеп жаап жаткан жамгырдан суу болуп турган денеси, камчынын ачуусунан диртилдеди. Атасына “лам” деп каяша айта албай, шөмтүрөп туруп берди. Э- эх! Жер жарылса, Алымбек кирип кетүүгө даяр эле. Тилекке каршы, жер да жарылбады. Атасынын алдында, Медердин алдында уятынан бети кызарып, жерге гана кирип кете албай, жерди гана карап турду, кайран Алымбек.

   Уул- келинин келет деп күткөн ата-эне, алардын келбей калганынан санаа тартышты. Кабар алып келүүгө, ата өзү келди. Уул- келининин батирде түнөбөй жатышканын уккан соң, кыраакы ата, эмне болгонун айттырбай туйду. Кемпири менен кеңешип, эрте менен жоргосуна минип, кудасынын айылына бараткан эле. Ойлогонундай болуп, уулу кебетесинен кетип, алдынан чыкпадыбы.

   Ата- энем билбей калсын деген Алымбектин аракети, ордунан чыкпады.

        *    Атасынын үйүндөгү өз бөлмөсүнө канчалык буту тартпаса да, бөлмөгө кирүүгө Алымбек аргасыз. Унаанын ичиндеги уйку- уйку беле? Денеси

Лилия Кудайбрдиева / Liliya Kudaibrdieva
www.kafiye.net