Лилия Кудайбердиева


ПОЕЗДДЕГИ МАХАБАТ. /TRENDE AŞK.


УЛАНДЫСЫ – 3.

Күндөгү адатыбыз боюнча жумушка келип, иштерибизди баштап алгандан кийин, кечээги эжебиздин айтып берчү окуясын күтүп калдык.

— Эже, эми сизди тыңдайлы. Түнү менен кандай окуя айтып берээр экен деп, катуу ойлондум. Биздин баарыбызды ойго салып койду, тажик кызыңыз. – Хи – хи !

— Ооба, мен да тээ бир топко чейин ойлонуп, уктай албай жаттым, сиңдим. Квартирадагы кыздардан да бирөөлөрдүн окуяларын угуп калам. Аянычтуу тагдырлар көп экен, ай. Москвадагы кыргыздардын тагдырларын уксаң, зээниң кейигидей тагдырлар бар экен… Биз жакшы заманда жашап алган экенбиз – деди, баарыбыздан жашы улуу эже.

— Ооба, эже. Биз башка заманда жашаган экенбиз. Азыркыдай үй салам деп, башка жакка барып иштөөнү түшүбүздө да көргөн эмес элек да. Эми караңызчы. Москвада жүргөн кыргыз жаштарын көрүп, ичим ачышат. Мектепти бүтүп эле келгени канча. Эне сүтү оозунан кете элек ымыркай боз улан, секелек беш көкүл кыздар. Жумуштун оордугуна , саатынын көптүгүнө карабай, акча табайын деп, эрте эле турмуш түйшүгүн тартышып, иштеп жүрүшөт. Болбосо, он алты, он сегиз жаш курак деген, эмне деген курак, чиркин ! Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган жаштык мезгилдери го. Күлгүн курактарын өз жеринде эркелеп өткөрбөй, бөтөн жерде, бөтөн элдин таасири менен өткөрүп жатышпайбы. Айылдан жаңы эле келген наристелер, бул жактан дароо өзгөрүлүшөт экен. Кулк – мүнөздөрүнө бөтөн жердин маданияты чоң таасирин тийгизип жатканы байкалат. Кыскасы, иштеп, акча тапкандары жакшы болсо, кээ бири адеп жактан аксап калгандары жаман экен. Азыркы жаштар келечегин Россиядан гана көрүп калышты. Туурабы, эжелер? – дей, Болот байке эжелерге.

— Ооба, Болот. Сөздөрүңдө чындык көп. Бирок, сен айтып, мен айтып, эч жыйынтык чыгара албайбыз. Жалпыбыздын эле тилегибиз: – Кыргызстан өнүксө экен – деген эле тилек – деп , эжелер Болот байкени коштошту.

— Эжеке! Сиз айткандай, бул маселени талкууласак сөзүбүз бүтпөс. Эми сиздин окуяңызды уксак.

— Ооба, башка сөздөргө өтүп кеттик. Башта, сиңдим. Сүйлөгөнүбүз менен, сенин окуяңды айтат деп, оюбуз сенде турат .

— Ии, анда баштайын. Кайсы жеринен токтодум эле?

Мен шашыла: — Эже, балдарынын сүрөттөрүн көрсөтсө, окшошпойт экен – деп токтотконсуз.

— Ии, ооба. Анда ошол жеринен баштайын

Бул окуя өзүнүн оозунан уккандыктан, ошол боюнча айтып берем. Мени көркөмдөп же кошту – дебегиле.

***

Тажик кыздын аты – Барно эле.

Сүрөттү алып , ордуна салып койгондон кийин, Барно менден жалтактап, уурулугу ачылып калгандай, менден көзүн ала качып жүрдү. Жумушта экөөбүздүн ордубуз бир эле. Жумушубузду аткарып атып, экөөбүздүн көзүбүз бири – бирибизге кадалып калды. Анын оюн окуп турдум. А мен ага көздөрүм менен: — Мен баарын айтпасаң да билдим – дедим. Ал менин оюмду түшүндү, көздөрү муңайып, жооп бербеди. Анын оюн мен да түшүнүп турдум. Бир топко сүйлөшпөстөн жумуштарыбызды аткара бердик.

Бир убакта: — Все ! Устала , не могу! – дей, алжапкычын оңдоп, мени карады. Барно менен негизинен орус тилинде сүйлөшчүбүз.

— Эмне болду сага?

— Балдарымды сагындым, айрыкча кичүүсүн. Сүрөттөрдү кайра алды да, кичүү баласынын сүрөтүн өөп – өөп алды.

— Я так люблю его, так люблю ! Без ума люблю! Ты знаешь, что такое любовь !?

— Албетте, Барно. Менин да башымдан сүйүү өткөн. Сен балаңды айтып тургандай эмессиң … Башка адамды сүйүп, чыдабай турасың. Эненин балага болгон сүйүүсү, аял менен эркектин сүйүүсү башка го. Сенде кимдир бирөөнү сагынуу бар. Мен сүрөттү көргөндө эле билгем…

Барно мага бир сөз менен да каршылык кылбады.

Акырын мага эңкейе шыбырай сүйлөдү : — Макул, мен өмүрүмдө эч кимге айтпай турган, өлсөм көрүмдө сыр боло турган сырымды айтам. Ооба, бул сырды эч кимге айткан эмесмин , өзүмдүн ичимде гана. Бирок, сага айткым келди. Ноокаттыкмын дегениңден, Нурбекти билгим келди. Канчалык катып турсам да, балдарымдын сүрөтүнөн байкап койдуң. Болбосо, жан кишиге билдирчү эмесмин. Ошондон кийин өзүмдү кармай албай калдым. Оюм бир жерде топтолбой калды. Аны канчалык сагынганымды билесиңби? Айтпай деле койсом болмок. Жердеш деп ылым санап кеттим окшойт… Мейли, менин сырымды жок дегенде бир кыргыз биле жүрсүн. Сен кимге айтсаң да, алар мени тааныбайт эмеспи. Тажик кызы – кыргыз жигитин чын дили менен сүйүп жүргөнүн биле жүрүшсүн… Баарына сүйүү – күнөөлүү …

Балалыгымдын кызыктуу , балдай таттуу күндөрү менен эрте коштоштум. Мен жок дегенде 9 – классты да аяктай албай калдым. Ошол учурда ” граждандык ” согуш башталган эле. Мектепти ойломок тургай, кара башыбызды калкалап ары – бери көчүп, эптеп курсак тойгузмай күндөргө туш болдук. Көп оокаттарыбыздан ажырадык. Биз беш бир тууган болгондуктан, ата – энем бизди араң гана багып калышты. Мен мектепти бүтпөгөнүм менен, менден улуу эжем мектепти бүтүрүүгө үлгүргөн эле. Согуш токтоп , тынчтык жаңы орной баштаганда, чоң эжем Россияга кетти. Ал учурда Союз таркай элек, бирок, олку – солку болуп турган эле. Ал барып окуп калды. Жакыр үй – бүлөлөрдүн балдары болгону үчүн, мамлекеттен жардам болду. А мен кайдан окуйм. Мектепти бүтпөй калдым. Убакыт өтүп кеткен. Бул аралыкта бойго жетип, көзгө көрүнүп калган элем. Ошол аралыкта мага жуучулар келе баштады. Бизде салт катуу болот. Кайнатам өзү бир нече жолу келди. Тиричиликке тың кыз элем… Ата – энем салтка баш ийишти. Келген жерден баш тартышпай, он алтыга чыга элек мени, күйөөгө беришти …

Күйөөмдү нике түнү көрдүм. Жаш, секелек кыз, биринчи нике түндү кайдан билсин. Бир жеңемдин коштоосу менен көшөгөгө кирдим. Чынын айтсам, ошол түндү эч эстегим келбейт. Бирок, сизге башынан айтып бербесем, мени түшүнбөй, күнөөлөшүңүз да мүмкүн.

Мени көшөгөнүн ичине түртүп, киргизип коюшту. Боюу узун, арык бирөө, менин колумдан кармады. Караңгыда анын жүзүн жакшы көрө албай, калтаарып турдум. Ага чейин жүзүм жабык болгондуктан, көз кыйыгымдан жакшы көрө албадым эле. Колдорумдан катуу оорута кармай, өзүнө тартып, салынуу турган төшөккө сүйрөдү … Өмүрүмдө көрбөгөн адам бир ооз сөз сүйлөбөстөн, копол кыймылдап , кийимдеримди чечип кирди… Албетте, келин болуу кандай экендигин жеңелерден бир четин кулагым чалса да, мындай болоорун билбегем… Эпсиз кыймылдап, жумшак денемди катуу колдору менен кармалап кирди… Чала – була кийимдери чечилген мени төшөккө жыгытты да, өзү үстүмө кулады …Катуу колдору менен көкүрөктөрүмдү оорута кармап, үстүмө жаткан эркектин деминен демим кысылып, аба жетпей баратты … Күтүүсүз денемдин ” назик ” жерине катуу нерсе тийгенсип кетти. Мына ошондо коркуп кетип, катуу туйлап , каршылык көрсөтө баштадым. Мен бир гана ” ооруксунууну ” сездим, чочуп бакырдым. Туйлап, тепкилеп, бар күчүм менен ” кишини ” түрттүм да, бакырып көшөгөдөн чыга качтым. Мен көпкө узай албадым. Сыртта мени тосуп алышты да, кайра эле көшөгөнүн ичиндеги “кишиге ” алып киришти. Көнбөй, каршылык көрсөтүп жаттым. Ошондо жеңемдин ачуусу келдиби, мени катуу түртүп жыгытып, эки колумду кайыра кармап, кое бербей турду … Колумду башка адам оорутуп … денемди башка адам уйпалап, катуу оорутту … Менин бакыра ыйлаганыма экөө тең көңүл бурган да жок. Көзүмдөн аккан жашым беттеримди ысытып, көзүм караңгылашты … Денем бошошуп , көзүмө ” кыпкызыл ” түс көрүндү …

Ошентип , кыздык доорум менен коштоштум. Зордук менен ” келин ” болдум…

Көзүмдү ачсам, үйдүн ичине күн нуру шооласын чачып, таң атыптыр. Акырын элеңдей эки – жагымды карадым. Жууркандын этегинде чылым чегип, менин ” күйөөм ” отуруптур. Көзүмдү ачкан мени унчукпай карап койду да, чылымын чеге берди. Мен ага көз жүгүрттүм. Орто бойлуу, буудай ыраң, суюк кашы көп байкалбаган, көздөрү тоголок, кара экен. Анын бети – мойнундагы кабатталган бырыштар менден көп эле улуу экендигин айтып турду. Анын унчукпаганы, кебетеси, баары …баары мага жакпай турду.

Эже – жеңемдердин айтып кеткен насааттары боюнча көшөгөдөн чыгарышкандан кийин, келиндик кызматымды баштадым. Мага баары өөн эле… Чоочун үй, чоочун үй – бүлө, чоочун казан – аяк. Ошентсе да, баарына көнүүгө аргасыз элем. Жок дегенде күйөөм жакын адамымдай болсочу … Менин жан – дүйнөмдөгү кыйналууну өзүмдөн башка эч ким туйган жок. Күйөө сөрөйүмө болсо, жөн гана түнкү “кызыкчылыгын ” аткарчу куурчагы болдум…

Күнүгө кайталанып аткарылчу жумуштарды күндө аткарып жүрүп, ” чоочун ” үй – бүлөгө да көнүп калдым. Бирок, бир гана күйөөмө көнө албай аттым.

Жашы улуу болгондуктанбы, токтоолугу, көп сүйлөбөгөндүгү, тоң мүнөзү, копол мамилеси мага такыр жакпай, өзүнө эч тарта албады. Күндүзү го мейли, эл менен аралашып жүрө берем. Түнкүсүн аны менен калуу, мага тозоктун оту эле… Экөөбүздүн ортобузда эч кандай жылуулук болбоду. Күйөөмдүн тоңдугу ушунчалык, бир да жолу мага назик сүйлөп, эркелетпеди. Экөөбүздүн төшөгүбүз муздак… Биринчи нике түнүндөй, түндү анын муздак койнунда, уйпаланып гана өткөрчүмүн… Ошон үчүнбү, күндүзү канча жумуш аткарсам да, чарчап – чаалыксам да, кечтин кирбешин тилечүмүн… Андан көрө ушул жумуштарым эч бүтпөсө, ушулардын жумуштарын аткарып эле жүрө берсем экен- дечүмүн.

Бирок, жашоо, турмуш менин кааломду, тилегимди укпайт экен да. Мен каалоом, менин тилегим, менин көңүлүм эч кимге кызыксыз эле. Анткени мен – аялмын. Менин милдетим үй – бүлөнүн кызматын аткаруу, күйөөмдүн көңүлүн алуу. Андан башка эчтеме көрө албай турдум… Ошентип, менин үй – бүлөлүк турмушум уланып жатты …


УЛАНДЫСЫ БАР.

Лилия Кудайбердиева
www.kafiye.net