Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva

Уландысы – 2 –


Телевизор көрүп отурган Зулайканын көзүнөн жаш сызылды… Өткөн күндөрдү эскерүү, Зулайкага оор да, жагымдуу да… Ушул учурда азыркы мезгилинде эмес, ой- кыялы ошол кездеги жаштык мезгилинде жүрдү. Баары көз алдына учур чактай элестеп, андан кийинки жашоосун эстеди… Маңдайындагы телевизордон, ошол күндөрү көрүнүп тургандай, көз албай тиктейт. Ооба, жашоосу ошол экрандан тасмадай тартыла берди…

Арадан бир жыл өттү. Шаарда иштеп, жумушу менен алаксып, Зулайка Аскарды унутуп баратты. Ошол боюнча башка жигит менен таанышып, сүйлөшүп көрбөдү. Негедир, жигиттин баары Аскар сыяктуу кайрылбай кете тургансып, көз салып, сөз айткан жигиттерден өзүн ала качат. Ошентип жүрүп, бир жыл жан- дүйнөсүн, жүрөгүн “сүйүүсүз боштондук” менен өткөрдү. Бирок, бойго жетип, бышып турган кайсы кыз болбосун, тымызын көңүлүнүн түпкүрүндө кимдир бирөөнү сүйүүнү, кимгедир сүйүктүү болууну самай берет. Зулайкада да, дал ошондой эч кимге байкатпаган көңүл дегдөөсү, самоосу бар эле… Ошол сезимди тымызын күтчү. Бирок, анын кайдан келээрин билбейт…

***

Шаарда иштегенден бери, өңү кулпуруп, ажары ачылган Зулайка, бир күнү шаардын чет жагында жашаган агасынын үйүнө барып келүү үчүн жөнөп калды. Дем алыш күндөрү, дайыма ага- жеңесинин чайын ичип, эс алып келет.

Автобус Зулайка барчу айылдын өзүнө барбайт эле. Белгилүү жерге жеткенде, Зулайка автобустан түшүп калды. Жогорку айылга дагы беш километр жол бар. Автобус барбаса да, кээде жергиликтүү тургундар, же айылга иштери менен баргандар, жеңил машиналар менен өтүп калышат. Зулайка ошондой машиналар болуп калаар деп, жолдун боюнда туруп калды.

Узун боюна аппак кофта, юбкасы жарашкан жол боюнда турган сулуу кызды көргөндө, ким да болбосун бир кылчайбай өтүп кете албайт эле. Шаардан алыс айыл четинде турган сулуу кызга, шаарга кетчү чоң, түз жолдон өтүп жаткан машинанын айдоочулары “бип!” этип тийишип коюшат.

Аңгыча Зулайка турган жерге, таза, тыкан кийинген арыкчырай, узун бойлуу жаш жигит келип туруп калды. Унчугушпай, бири- бирине көз жүгүртүп коюшту. Зулайка көзүнүн кыйыгы менен карап,жанынан көп алыс эмес турган жигитке баам салды. Сымбаттуу, өңү- түсү, баары келишкен жигит экен. Зулайка өзүнчө ” тообо, ушунчалык таза, бардык тарабы келишкен жигит экен. Эркектин ушундай таза, тыканы да болот экен, ээ” деп таңданып да койду. Экөө тең өз ойлору менен болушуп, көпкө чейин машина күтүштү. Бирок, бул экөө барчу тарапка машина келчүдөй эмес. Жигиттин чыдамы кеттиби, бир убакта: – Жогору кеткен машина болот бекен?- деп калды.

– Билбейм. Мен да жогору тарапка кетчү машина күтүп турам…

– Аа… Али- бери машина келчүдөй эмес. Убакыт кетирип тура бербей, жөө эле баса бербейлиби? Кокус келип калса, жолдон деле түшүп алат элек. Кандай дейсиз?

– Ооба, ошентет окшойбуз. Жөө баса берсек деле жетебиз.

Зулайка менен бейтааныш жигит, жогорку айыл тарапка басышты. Жигит өзүн тааныштырды.

– Таанышып алалы. Менин атым Кайрат. А сиздикичи?

– Зулайка…

– Аа жакшы.

Кайрат Зулайка менен кол алышты.

– Кимдикине бара жатасың, Зулайка?

– Ал жакта менин агам жашайт. А сизчи?

– А мен ошол жактагы мектепке бараттым эле. Райондо комсомол комитетинде иштейм. Текшерүүгө баратканмын…

Кайрат сөзмөр жигит экен. Бат эле Зулайканы сөзгө тартып, экөө бири- бири жөнүндө билип да алышты. Өз жумуштары жөнүндө сүйлөштү, талкуулашты. Аягында сөздөр бүтүп, “ким тез басат” экен дешип, жарыша басып, кубалашып да кетишти. Бул жөө жүрүш экөөнө тең жагып, көңүлдөрү ачылып каткырып күлүштү. Аягында чарчашты. Ушул учурда жолдун боюндагы чоң алма бактын жанына келип калышкан экен. Алма бакты көргөн Кайрат:

– Зулайка, бактын көлөкөсүндө дем алалы. Алма да жеп алабыз. Чарчообуз жазылат.

– Макул.

Кайрат кыпкызыл болуп бышкан алмалардан терип келди. Карсылдатып алма жешип, улам бири- бирин карап жылмайып коюшат. Негедир, экөө тең эски тааныштардай бат көнүшүп кетишти. Зулайка да Кайраттын ачык, шайыр мүнөзүн жактырып отурду.

Бир убакта Кайрат:

– Зулайка, сага бирдеме айтайынбы?

– Мейли, айтыңыз.

– Сен мага аябай жактың. Мен сени сүйүп калсам эмне болот?- деп, колундагы кыпкызыл алмадан Зулайкага сунду. Алманы колуна алган Зулайка, алмадай кызарып, уялып кетти…

– Зулайка, мен сага бир окуя айтып берейин?

– Айтыңыз.

– Бир жигит болгон экен. Чоң окуу жайды бүтүп, сүйгөн кызына үйлөнүптүр. Жубайлар ата- энеси менен чогуу бактылуу жашаптыр. Удаасы менен эки балалуу болушат. Ата- энесинин уруксаты менен өз алдыларынча түтүн булатышмакчы болушуп, үй кура башташат. Үйдүн дубалы тургузулат. Эми үстүн жабуу үчүн, жыгач- устундарын даярдоо керек. Терек кыйышып, чоң- чоң устундарды алып келе жатышканда, жигитти ошол оор жыгач- устундар басып калат. Ары- бери болушуп куткаруучулар келгиче, жигит көпкө жатып калат. Көптөп устундардын алдынан алып чыгышып, ооруканага алып барышат. Ооруканада жигитти эки күн карашат да, “адам болбойт” дешип, ата- энесинин колуна тапшырышат. Ата- эне баласын кантип өлүмгө кыйсын. Атасы чыдабай, жаны жай албай, ошол эле айылдын табыбын үйүнө чакырып келет. Оор абалда жаткан жигиттин тамырын кармап көргөн табып “бала жашайт!” дептир. Ошентип, айылдын табыбы өзү дарылап баштаптыр. Тоонун дары чөптөрүнөн терип келип, түрдүү суюктуктарды жасап, жигиттин оозуна тамчылатып баштаптыр. Күнү- түнү жанынан кетпей, жигиттин үйүндө жашаптыр. Бул убакта жигиттин аялы ” адам болбойт. Болсо да акылы кем болот” деп, эки баласын таштап, төркүнүнө кетип калат. Жети күн, жети түн дегенде жигит көзүн ачат. Акырындап жакшы болуп, куландан соо айыгып кетет. Баары жакшы болот. А аялына катуу капа болуп, артынан издеп барбаптыр,- деп Кайрат окуясын аяктады.

Кайраттын окуясын угуп отурган Зулайканын көзүнө жаш толду. Мындай аянычтуу окуянын каарманын аяп кетти…

– Анан эмне болду дебейсиңби, Зулайка?

– Ии, анан эмне болду?

– Ошол бала менмин!

Зулайка таң калып, кызыктай абалда калды. Таң кала Кайратка карап, “жакшы, тирүү калыпсыз” дегенге араң жарады.

Таанышканына эки саат гана болсо да, экөө тең бири- бирин жактырып калышкан…

Кайрат Зулайкага мээримдүү, токтоо көздөрү менен карап:

– Зулайка, мен сени аябай жактырып калдым. Бардык тарабың келишкен кыз экенсиң. Мен… Зулайка, мага турмушка чык. Сен кандай айтсаң макулмун. Чоң той өткөрүп, сени үйүңдөн алып чыгып кетейин. Эч нерседен кем кылбайм. А балдар жөнүндө санаа тартпа. Апам аларды бизге бербейт. Үйүм бөлөк, өзүбүзчө жашайбыз. Дарегиңди айт, ата- энемди жуучулукка жөнөтөйүн.

Кайраттан мындай сунушту Зулайка күткөн эмес. Жүрөгү оозуна кептелгенсип, кулагы чуулдап кетти. Кайраттын башка сөздөрүн укпай калды. Заматта күлүк ойлор Зулайканын мээсинде жүгүрдү…”Мен үйлөнүп ажырашкан балага тиеминби?! Эркек куруп калгансып… Элдер эмне дейт?! Турмушка чыга элек кыз, качан аял кетирген балага тийчү эле?! Уят! Кыздарга, туугандарыма күлкү боломунбу?”- деген ойлор дилинде айтылып, көкүрөгүнө толуп, мээсин чыңалтып да жиберди. Ордунан тура калып:

– Жок! Жок! Сиздин балдарыңыз бар экен! Мен үйлөнүп ажырашкан балага тие албайм!- деп акесинин үйү тарабына жүгүрдү.

– Зулайка! Зулайка! Токтосоң, сүйлөшөлү!

Кайрат Зулайканын артынан кыйкырып чакырган боюнча кала берди.

Кайрат мына- мына артынан чуркап жетип келчүдөй, Зулайка эч жакка карабай акесинин үйүнө чейин чуркап келди.

Үйдүн короосунда жеңеси жуулган кирлерин кермеге жайып жүрүптүр. Өңү бозоруп, бир башкача болуп кирип келген Зулайканы көрүп:

– Ай, кыз, эмне болду? Тынчылыкпы? – деп жиберди.

Жеңесинин суроосуна Зулайка жооп бере албады. Түз эле үйгө кирип, бош бөлмөдөгү калың салынган жакандос төшөктүн үстүнө кулап ыйлап жиберди. Зулайка Кайратты аябай жактырбады беле! “Аял алып ажырашкан балага тийсем уят эмеспи” деген ой кыйнап, көңүлүндөгү жигит менен дагы бирге боло албастыгы үчүн ыйлап жатты…

Артынан кирген жеңеси Зулайканын жооп бере албасын түшүнүп, “мейли, анда кийин айтаарсың” деп, жайына коюп чыгып кетти.

***

Түн бир оокумга чейин, Зулайка студенттик мезгилиндеги бактылуу күндөрүн ойлоп жатты. Баарынан да, Аскар менен бирге бактылуу эле… Тилекке каршы, Аскар Зулайканы түбөлүккө тандап албады… Бирок…аны чын дилинен сүйгөн. Андан бери эч кимди Аскарды жактыргандай жактырып көрө элек болчу… Эми минтип, төгөрөгү төп келишкен жигитти учуратты. Өкүнүчтүүсү, ажырашкан балага “кыз” болуп тиет беле?… Зулайка түнү менен толгонуп чыкты…

Эрте мененки наардан соң, үйдө жеңеси экөө гана калды. Кечээги окуя жөнүндө жеңесине айтып берди. Баарын уккан жеңеси, өкүнүчтүү сүйлөдү.

– А- ай! Кыз, ай! Макул боло бербейт белең! Ал балага тием деген ошончо кыз! Үйлөнсө эмне экен? Баарынан да, ал аябай жакшы бала.

– Ий, жеңе! Мен турмушка чыга элек болсом, үйлөнгөн балага тиет белем? Жок, ай! А сиз аны кайдан тааныйсыз?

– Ай, үйлөнсө эмне болот эле? Мектептеги мугалимдердин баары аны сыйлап, жакшы көрөбүз. Жаман жагын байкабадым. Биздин мектепке кээде текшерип келип калат. Башкаларга окшоп орой сүйлөбөйт. Кемчиликтерибизди сылык- сыпаа айтып түшүндүрөт. Тийсең, ушундан артык балага деле тийбессиң. Ажырашканына күнөөлүү эмес да ал.. Айтканына караганда, кырсыктаса аялы таштап кетиптир. Туура кылган, таштап кетсе артынан бармак беле… Кап, жакшы сүйлөп коё бербепсиң. Жок дегенде, акеңдин атын, үйдүн дарегин айтып койсоң болмок экен. Же, ал бала сага жакпадыбы? Чыныңды айтчы?

– Жакты, жеңе. Аябай келишимдүү жигит экен… Бирок, үйлөнгөн балага тийсем уят дедим да. Эл эмне дейт, апам эмне дейт?

– Ой, сени менен ким жашайт? Элдин сөзүбү, же сени сүйгөн күйөөңбү? Үйү болсо, иштесе, сени кор кылбай бакса болду да. Турмушту көргөн бала, сени алаканына салып эле аял кылмак. Кап, эси жок десе! Апасы кызынын бактысы үчүн макул болмок да. Жакшы бала экенин укса, макул эле болмок! Баарынан да, бактылуу болуп кеткениң маанилүү го!

Жеңесинин сөздөрүн угуп, Зулайка ойлонуп отуруп калды. “Ырас, жеңемдин сөздөрүндө жан бардай… Кап, ойлоноюн дебепмин эч кур дегенде… Жакпаса качсам жарашмак… Ал мени жактырбады деп ойлоп калса керек”…

Зулайка шаарга жөнөдү. Кечээ Кайрат менен жолуккан жерге чейин жөө басып келди. “Мүмкүн, Кайрат жолугуп калабы!” деген ой көңүлүнүн тынчын алып, кечээги алма бакка кайрылды. Жок, Кайрат эч жерден көрүнбөйт. Кайрат үзгөн кыпкызыл алмалар гана, экөө отурган жерде чачылып жатыптыр… Зулайка алмаларды көрүп, өзүнүн туура эмес кылганына өкүнүп турду…

***

Оюнун ушул жерине келгенде, телевизор карап отурган Зулайканын ичи “тыз” эте түштү. Бир сонун жигитти колунан чыгарып жибергенине эми түшүнүп, ичи тызылдап жатпайбы… “Балким, нике кайып буйрубаганынандыр” деп ичинен өзүн сооротту. “Же, менин катачылыгымбы? Ай, ким билет… Анан…тээ окуучулук күндөрүмдө колум шилтеп айткандай, “эптеп эр болсо болду” деген аты бар эркекке турмушка чыктым. Ай, тилимден таптымбы, же… Анан ошол эрим менен ээрчишип жүрүп, шаардын базарында Кайратты көрдүм”… Зулайка азыр ошол күндү эстеди.

Күйөөсү менен Оштун чоң базарынан чыгып баратышкан. Таптаза үтүктөлгөн кийимди да эптеп кие албаган күйөөсүнүн жанында бараткан Зулайка, кимдир бирөө теше тиктеп караганын байкады. Ички туюму айткан тарапка бурула карады. Жаңылбаптыр… Зулайкадан көзүн албай караган Кайрат экен… Саамга экөө тиктеше түштү. Кайрат Зулайкадан көзүн албай карап тура берди. Кайратты көргөндө, Зулайканын көз алдына экөө отурган алма бак тартылды… Дале ошондогудай таптаза, сынынан жазбай кийинген Кайратты көрүп, көзүн ала качты. Жанында таза кийимди да жөндөп кие албаган жүдөмүш күйөөсүнүн кебетесин көрүп, Кайраттын алдында жерге гана кирип кеткиси келди. Негедир, көзүнө жаш толуп кетти ..

Зулайканын жанында бараткан күйөөсү, Зулайканын абалын сезип калды. Анын муңайып калган жүзүн көрүп:

Ии, эмне болду? Өңүң бузулуп? Илгерки сүйгөндөрүңдү көрдүңбү? Же бирөөнү эстеп кеттиңби?- десе болобу, баарын билип тургандай.

Зулайка унчуга албады. Ичи тызылдап, ушундай сонун жигитти баалабай калган ошол күндөгү акылын жемелеп, өкүнүп баратты… Андан башка эмне колунан келмек?

Уландысы бар…

Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva
www.kafiye.net