Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva

УЛАНДЫСЫ — 2.

Айлана аппак кар. Бул түнкү кышкы кечте, кар лыпылдап жаап, аба да жагымдуу, жумшак. Ал түгүл суук да билинбегендей. Жаңы гана таанышып жаткан кыз – жигиттерге кыштын суугу сезилген да жок. Жолдун тайгактыгына да маани беришпей, ээрчише тайгак жолдо келе жатышты.

— Кайда баралы , кыздар? Кайсы кафеге отурсаңар ыңгайлуу деп ойлойсуңар?

Үч жигит кыздарга кайрылышты.

— Биз билбейбиз … Силер жакшы деген жерге отура беребиз …

Кыздар наздана жооп узатышты.

— Анда, “Дархан ” кафесине баралы кыздар. Тынч, жакшы. Силерге да жакын.

Бул убакта Мээримдин абалы бир кызыктай болуп жатты . Канаттын мээримдүү көз карашы көз алдына тартылса, жагымдуу үнү кулагына угулгансыйт. Бир эле кадам жакын аралыкта басып бара жаткан Канат менен таанышканына кубанып, толкунданып, негедир сүрдөп баратты. Толкунданып бараткандыктанбы, жолдун тайгак экендигин да унутуп калыптыр. Аңгыча эле буту тайып, музга жыгылып баратты.

— Аай!

Мээримдин жыгылаарын билип тургандай, Канат колунан кармап калды.

— Акырын, шашпа!

Канат менен Мээримдин ийилген жүздөрү, бири – бирине кадалды. Каректер “жарк ” дей, от чыккандай жаркылдап кеткенсиди. Канаттын жылуу жүзүнөн, оттой көз карашынан Мээримдин ичин жылуу сезим аралап кетти. Жүрөгү чыгып кетчүдөй катуу согуп, буттары титиреп, денесин бир башкача сезим аралап кетти. Эмне кылаарын билбей , сезимин башкара албай, оюна биринчи келген сөздү сүйлөп жиберди.

— Колуңуз аябай жылуу экен…

— Жылуу болсо, анда кое бербечи.

Канат Мээримдин колунан бекем кармап алды. Колдорун тартып алууга Мээримдин күчү да, эрки да жетпеди. Кармашкан колдорун үзүшпөй, жолдорун улашты.

Айтылган кафеге да келишти.

Бул кеч Мээрим менен Канат үчүн гана уюшулгандай. Мээримдин көңүлү көтөрүлүп, өзүн учуп жүргөндөй сезди. Канат экөө бири – биринен көздөрүн ала албай, Канаттын ар бир сөзү кулагына назик, сөз менен түшүндүрө алгыс сезим аркылуу өтүп, музыканын эң керемет симфониясындай угулгансыйт. Анын ар бир кыймылы жагымдуулук тартуулап, деми да кулагына угулгандай. Бул кечте экөө бири

-биринен көздөрүн ала алышпай жатты.

Нургазы баарын байкады. Мээримдин жадыраган жүзүн, Канаттын көздөрүнө караган жалжылдаган көзүн … “Демек … Мээрим мени тандабады. Ал Канатты жактырды. Баары өзүнөн – өзү көрүнүп турат “. Нургазы , Мээрим менен Канат бири – бирин катуу жактырышып калганын түшүндү. Маанайы түштү. Кечеде көңүлсүз отурду. Бирок, Мээрим менен Канаттын ортолорунда жаралган сезимге тоскоол болгусу келбеди. Кичи пейил , токтоо мүнөзүнөн жазбай, эч нерсени байкатпастан отура берди. Ошентсе да, Канатты сыртка чакырды.

— Канат, Мээрим сага чын эле жактыбы? Ал да сени жактыргандай. Көздөрү жанып сени карайт. Мага мындай карачу эмес…

— Кечир, досум. Мен да сезимиме жеңилип турам. Мындай кызга жолугам деп ойлобогом…

— Досум , анда мен силерге тоскоол болбоюн. Бирок, билип кой. Мээрим таза, назик кыз. Анын көзүнөн сен үчүн бир тамчы жаш айланса, анда менин Канат аттуу досум жок!

— Келиштик …

Көңүлдүү кече да аяктады. Кызыктуу сөздөр, таттуу минуталар түгөнбөсүн Канат да, Мээрим да каалап жатты. Жүрөктөрү алып учуп, экөө тең бири – биринен ажырагысы келбегендей… Канат Мээримдин колунан кармап, жетелешип келе жатышты. Экөө тең толкундана көздөрү жайнап, беттери албырып, кубанычтуу. Сөз учугу уланып, Канат өзү жөнүндө айтып бере баштады.

— Мээрим, мен Оштун Озгурунан боломун. А сен каерден болосуң?

— Мен Жалал – Абаддын Базар – Коргонунан боломун.

— Жакшы. Ата – энең, бир туугандарың барбы?

— Бар. Апам, эки эжем , бир иним. Мм.. атам биз менен эмес.

— Менин ата – энем, анан эки эжем бар. Мен үй – бүлөдө жалгыз уулмун.

— Жакшы…

Мээримдин үнү акырын чыкты. “Ата ” деген сөздү укканда, ойго чөгө түштү. Мээрим Нургазыга өз атасы жөнүндө айта албады. Жакшысы, Канат да атасы жөнүндө кызыгып деле сурабады. Мээрим өз ичинен кичине кезинде кош бойлуу апасын, үч кызы менен таштап кеткен атасын ойлоп турду. “Кыз эле төрөй бересиң ” деген шылтоо менен атасы кетип калган экен. Апасынын ичинде калган “күмөнү ” , уул болуп төрөлөт. Бирок, атасы башка үй – бүлө күтүп, кайтып келген эмес. Атасыз болгондуктан , Мээримдин апасы балдарын өз мээнети менен бакты..Жашоолору да орто. Эки эжеси апасын кыйнап “окуйм “деле дешпеди. Экөө тең күйөөгө чыгып кетишкен. Өз күчү менен окууга өткөн Мээрим болду. Ошон үчүн да окууну жакшы окуп бүтүп, апама жардам берсем деген тилеги бар болчу.

Канат менен Мээрим күндө жолугушчу болушту. Бири – бирин көрбөсө, катуу сагынышып кетишет. Мээрим жашоосун Канатсыз элестете да албай калды. Аны көрбөй калса күнү өтпөөчүдөй, а түнү саат жылбагандай болот. Сабактан чыгаары менен Канат күтүп турган жерге ашыгат. Канатта да так эле ушул абал. Мээримдин жанынан кеткиси келбейт. Аны сүйгөнү ушунчалык , Мээримге башка жигиттер көз салса кызганып кетет. Жанынан өтүп калган жигиттер Мээримге бурула карашса, кызгануудан Канаттын бети кызарат. Анысын Мээримге байкатпайын дейт, бирок көз карашынан билдирип коет.

Жетелешип жол боюнда келе жатышты. Мээрим башына топусун кийбей, сеңселген кара чачын түшүрүп алыптыр. Татынакай келбетине бакырайган көздөрү жарашып, караган адамды өзүнө тартат. Көчөдө канчалык көп кыздар баспасын, баарынан ажарлуу болуп, Мээрим гана көрүнгөнсүйт.

Зуулдап өтүп бара жаткан унаанын айдоочусу Мээримге бурула карады . Муну дароо байкай койгон Канат: “Мээрим, карачы . Баары эле бир сени карайт. Мен сени абдан кызганып жатам. Сен аябай сулуусуң. Карачы, тиги айдоочу да сени эсин жогото карады “.

— Канат, мейли мени баары карай беришсин. Бирок, мен бир гана сени карайм да. Билип кой , сенден башка эч кимди!

— Мен да Мээрим. Сенден башка эч кимдин мага кереги жок. Ишенгин!

Ысык махабаттарын жалындуу сөздөрү, көздөрү менен билдирген Канат менен Мээрим, ансайын бири – биринин колдорун кыса кармашып, кыштын тайгак жолдорунда буттары тептегиз, кургак жолдо бараткандай, жеңил гана көңүлдүү басып бара жатышты.

Кармашкан колдор менен сезимдеринин актыгын, эч кимге алмашкыс экенин билдиргендери менен, а бирок жашоодогу шарт , турмуш, сүйүүдөгү ишеничти жок кылып коерун экөө тең билбейт эле …

УЛАНДЫСЫ БАР.


Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva
www.kafiye.net