Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva

– БАШЫ –

Бөлмөдө Зулайка жалгыз калды. Кечки тамактан кийин, уул- келини өздөрүнүн бөлмөсүнө кирип кетишкен. Алар кеткенден кийин, бөлмөнү жымжырттык ээлейт… Дубалга илинген телевизор менен гана сүйлөшүп калгандай, Зулайка эки көзүн андан ала албайт. Көңүлү каалап- каалабаса да, анын дабышын угуп отурууга аргасыз…Себеби, башка сүйлөшүп отураар эч кимиси жок. Кызы да эчак күйөөгө чыгып кеткен…


Көзү телевизордо болгону менен, ойлору чар тарапка учат… Жалгыз отуруп, не деген гана ойлорду ойлобойт. Акыркы күндөрү, жалгыздыгы жан- дүйнөсүн эзгенсийт… Жанында караан болчу, эш тутуп жөлөнөөр, ичинде толгон сырларын бөлүшөөр, ачуусу келсе урунуп алаар адам сөзсүз керектигин сезип баратат… Чынында, көп жылдан бери жалгыз. Учурунда балдары жаш болуп, жалгыздыгын элес албачу.. Уул- кызы өз тиричилиги менен алек болуп калышкандан бери, жалгыздыктын азабын тарта баштады. Күйөөсү оорудан кайтыш болгонуна көп жылдар болду. Аны менен сүйүүсүз турмуш курган болчу… Ошондон да, жүрөгү, көңүл дегдөөсү сүйүүдөн өксүк боюнча калды. Тагдырындагы мындай “кемдигинен” кээде өзүн күнөөлөп да кетет…


“Балким, убагында өзүмдөн кеткен катачылыктардын айынан, жеке турмушумдан аксап калдымбы… Колумду сурап, чын дүйнөсү менен мени сүйгөн жигиттин бирине тийип алганымда, жашоом башкача болмок беле… Бактылуу болот белем… Башкалар сыяктуу, абышка- кемпир болуп чайлашып отурмакмын азыр, жалгыз соксоюп отурбай… Убагында канча жигит артымдан ээрчиди. Буйрук экен, тааныбаган, бир көргөн жигиттин жубайы болуп калганмын… Сүйүүсүз жашоом өттү… Эх!… Мени сүйүп, артымдан чуркагандын бирисине турмушка чыксам, балким таптакыр башкача жашамак белем… Же башка кыздар сымал, бала кезимде жакшы тилек тилебей койдумбу?… Ии, баса, анда жаңы гана бой жетип, мөлтүрөп бышып бараткан кезибиз болчу… Онунчуну бүтүп жаткан убагыбыз. Классыбыздагы кыздар бир күнү: -“Ким кандай күйөөгө тийгиси келет?”-деп, бири- биринен сурап калышты. Бири: – Менин күйөөмдүн машинасы болсо, жанында мени салып жүрсө- десе, бири:- Менин күйөөм костюм- шым кийип, колунда дипломат көтөрүп жүрсө- десе, дагы бири:- Мен ба- ай жашаган күйөөгө чыксам,- деген тилектерин айтышты. Бир гана мен кыздардын бул талкуусуна көп көңүл бөлө бербей, алдыдагы экзаменге даярдык көрүп жазып отура бердим. Баары өз тилектерин айтып бүтүшүп, мага кайрылышты:- Зулайка, а сен кандай күйөөгө чыккың келет? Эх… А мен колумду шилтеп:- Э, эптеп эр болсо болду да,- деп кайдыгер сүйлөп койбодум беле .. Ар бир жаман, жакшы тилекке периштелер “оомийин!” дейт дешет. Балким, ошондо эле тагдыр мага “эптеп эр болсо болду” деп, шөмтүрөгөн, өзүмө тең келбеген эркекке, тагдырымды багыштап койдубу… Тилимден жаңылдымбы?”…


Жанга баткан азыркы жалгыздыгы, тээ жаштык жылдарындагы калып кеткен сүйүүлөрүн эстетүүгө аргасыз кылгансыйт… Кайрадан жаш болуп калса, “баарын башкача жасамакмын” деген ойлорго жетеленип, кыялдары ошол күндөргө учту…

***

Студенттик күндөр кандай жакшы. Жашсың, сулуусуң, күчтүүсүң. Эх, ал күндөр эми эч качан кайтып келбейт…

Коңгуроо кагылып, топ кыздар топурап жүгүрүшүп, каткырып күлүп сабактан чыгып баратышты.

– Жакшы баргыла!

– Биз кеттик, кыздар! Эртеңге чейин!- деген топ кыздар коштошуп таркашты.

Кыздардан бөлүнгөн Айжан менен Зулайка, кобурашканча сейил бак тарапка басышты. Балмуздак жеп алып, анан үйгө кетишмек болду. Сейилбакта Зулайканын жердеши Айбек жолугуп калды. Айбек жалгыз эмес экен. Жанында сымбаттуу, өңү- түсү жагымдуу жигит турду. Зулайканы көрүп эле Айбек:

– Оо, кандайсың, карындашым? Жакшы жүрөсүңбү? Окуулар жакшыбы? Сабактан чыктыңарбы? – деп, көрүшкөнүнөн кубанычта экендигин билдире сүйлөдү.

– Ооба, сабак бүттү. Үйгө баратканбыз… Өзүңүз?

– Биз айланып… Чогуу служба кылган “служагым” менен жолугуп, айланып жүргөнбүз. Шашпасаңар жүргүлө, балмуздак жеп, сүйлөшүп отуралы?

Эки жигит тең аскер кызматынан жаңы эле келишиптир. Өңдөрү күнгө күйө элек. Таза, тыкан да кийинип алышыптыр. Мындай сымбаттуу жигиттерден кыздар азга тарткынчыктап турушту. “Макул” деп ээрчип алыш да кыйын болду. Ыңгайсыз абалда бири- бирин карашат, “эмне дейли?” дегенсишип… Ыңгайсыздыкты Айбек оңдоду:

– Кыздар, менин “служагым” менен таанышып алгыла! Мен Айбекмин, а досумдун аты Мурат.

– Зулайка…

– Айжан…

Таанышуу бүттү.

Айбек:- Жүргүлө, кыздар. Балмуздак алып жейли.


Кыздар эки жигиттин сунушуна каршы боло алышпады. Балмуздак жегенче, орундуктан орун алып отурушту. Алгач тартынып жаткан кыздар да, жигиттер да тартынууларын коё беришкендей. Сүйлөшүү кызыктуу кептер менен уланып, бат эле эски тааныштардай болуп кетишти.


Зулайка Муратты жактырып калды. Мураттын көз карашынан, Мурат да Зулайканы жактырып калганын туйду. Жалжылдап караган көз караштар менен коштошушту…

Сабактан кийин, күн сайын Мурат менен Айбек кыздарды күтүп турушат. . Паркка барышат, балмуздак жешет. Сейилдегенче кызыктуу сүйлөшүшөт. Убакытты эң эле жагымдуу өткөрүшөт. Баарынан да, бирге өткөргөн мүнөттөргө, Зулайка менен Мурат- бактылуу. Бири- бирине ушунчалык бат көнүшүп кетишти. Кыйылып коштошушат…

Бир күнү күндөгүдөй сабактан чыгып, Зулайка менен Айжан жолугууга баратышты. Азыр аларды Мурат менен Айбек күтүп турат. Зулайка тезирээк жетүүгө ашыгып, басыгын ылдамдатты. Жанында Айжан чогуу басып келе жатат. Ал да шашыла басып:- Зулайка, сага айтчу бир суранычым бар эле? Жайыраак басып, мени уксаң?

Угуп жатам.

– Айтпасам болбос… Зулайка, мен уктай албай калдым.

– Эмнеге?

Мен Муратты сүйүп калдым. Сенден суранам, Муратты мага бер?

Мындай сөздү уккан Зулайка “чын эле уктумбу?” деп, дендароо боло түштү. Уккан кулагына ишенбей кетти. Болгондо да, эң жакын курбусу айтты ушул сөздү…

– Аа…эмне?

Зулайка эмне деп жооп кайтараарын билбей, Айжанды караган боюнча басыгын токтотту. Ою чачырап, өзүн жыйнай албай калды.

Айжан Зулайкага дагы токтобостон сүйлөп баштады:

– Зулайка, сен сулуусуң. Карачы, боюң узун, белиң ичке, бүт турпатың келишкен. Сени бардык жигит карайт. Мураттан да сонун жигит таап аласың. Макул дечи?

– Мен да Муратты жакшы көрөм ..

– Зулайка, сен менин эң жакын, эң ишенген курбумсуң. Ошондойбу? Достугубуз үчүн “жок” дебечи.

– ….

Мен Муратты көрбөсөм туралбайм. Ансыз жашай албайм. Түшүнүп койчу мени! Мен Муратсыз жок болуп кетишим мүмкүн. Ошентсем жакшыбы? Сен ошого макулсуңбу?

Зулайканын айласы кетти. Муратты десе, эң жакын курбусунан айрылат… Курбум десе, Муратынан айрылат…

А Айжан жалынып- жалбарып, жанында бырылдап сүйлөп келе жатат.

– Эмне дейсиң, Зулайка? Макулсуңбу?

Зулайканын ыйлагысы келип турду. Ошентсе да, байката албады. Бир жигит үчүн ыйлап, курбусуна жаман көрүнгүсү келбеди…

– Макул…

– Зулайка, сураныч. Муратка жолукканда, сен биздин жаныбыздан кетип калчы, макулбу?

Зулайка каршы болгусу келсе да, айласыз макулдугун берди.

Меселе чечишип жаткан кыздардын жанына, Мурат келип калбаспы. Бул жолу анын жанында Айбек эмес, башка чоочун жигит экен. Мурат кыздарга:

– Оо, кыздар! Сабак бүттүбү? Бизге келе жаттыңар беле? Биз силерди утурлап тосуп алалы дегенбиз. Таанышып алгыла, бул менин досум Аскар. Кечээ гана армиядан келди. Сейилдеп келели деп, силерге келдик. Таанышып алгыла.

Кашы- көзү капкара, боюу узун, сулууча келген жигит экен, Мураттын досу. Кыздарга колун берип:- Аскар,- деди.

– Зулайка…

Айжан…


Убада боюнча, Зулайка дароо кете албай калды. Эки жигит менен, күндөгү отуруп жүрчү парктагы орундукка басышты. Көңүлүн жаңы гана берген убадасы бушайман кылып, Зулайка кыжаалат болуп турду. Кантип кетип калышты ойлонуп жатты. Зулайканын сузураак маанайын байкаган Мурат:


– Эмне маанайың жок, Зулайка? Бирдеме болдубу? Баары жайындабы?- деп сурап жиберди. Зулайка жакшы жооп бербеди. Учурдан пайдаланып, кагып сүйлөп, көңүлүн калтыра берүүнү ойлоду.

– Менин көңүлүм менен, сенин эмне жумушуң бар?! Жөн эле маанайым жок!

Муратка корс жооп берди да, жанында турган Аскарга:


– Жүр, мени менен балмуздакка барып келчи,- деп колунан кармап жетелей басып кетти.

Мурат эчтекеге түшүнбөстөн, экөөнүн артынан караган боюнча кала берди.

Балмуздак сатып алышып, Зулайка Мураттар тарапка эмес, парктын башка тарабына басты. Аскардын:- Зулайка, Мураттардын жанына баралы,- деген сунушуна:- Жок, ушул жерде отурабыз өзүбүзчө,- деп Мурат тарапка баспай койду.


Аралык көп алыс эмес болгондуктан, Мурат улам бул экөөнү мойну узарып карайт. Жанында жандалбастап сүйлөп отурган Айжанга, анчейин көңүл бөлө бербей отурганы байкалат.


А бул жакта Аскар менен отурган Зулайканын көңүлү да Муратта. Аскарга байкатпай, улам- улам Айжан экөөнү уурданып карап коёт.


Зулайканын мындай мамилесине, Аскар да таң калды. Биринчи жолу көрүп жатса да, дароо эле жигитке жактырганын билдирүү, таң калаарлык көрүнүш эмей эмине. Зулайка да Аскардын эмне ойлоп жатканын сезип турду. Ошентсе да, эмне себептен минтип жатканын билдире алат беле… Жок, тескерисинче эмеспи. Аскарга “жүр, Мураттардын жанына баралы эми” деп, кайра эле колунан кармап алды. Мураттардын жанына жете бергенде: – Мурат, досуң сонун бала экен. Мага жакты!- деп, Мураттын алдында Аскарды колтуктады.

– Жарашат бекенбиз?!


Зулайка сыртынан күлүмсүрөп, жайдары маанайын көрсөтүп жатканы менен, ичини өкүнүч сыдырып, денесин майда калтырак басты. “Менден көңүлү биротоло калсын деген” деген ою гана ага күч берип турду.


Зулайканын суроосуна Мурат жооп бербеди. Унчукпастан отурган ордунан турду да, башын шылкыйтып ары басты. А Айжан Мураттын артынан жалыныч толгон көздөрү менен карап, артынан ээрчип жөнөдү.

***

Зулайка менен Аскардын мамилеси бекемделди. Айжандын суранычы аткарылды. Кайда барышпасын, Аскар Зулайка менен, Мурат Айжан менен бирге. Аскар Зулайканы башка достору менен да тааныштырды. Баары экөөнө “сонун түгөй болупсуңар” деп суктанышат. Мураттан кем эмес жакшы мамиле жасаган Аскарга, Зулайка кантип имерилип кеткенин да байкабай калды. Күндөр өтүп Муратты унутуп, Аскарды жактырып калды. Бирге окуган курсташ кыздары да Аскарга суктанышып, Зулайкага:- Зулайка, жигитиң сонун! Бардык тарабы келишкен, тим эле кыялыбыздагы “спортсмен” жигиттин өзү экен! Бактылуусуң сен, ушундай жигиттин жүрөгүн багындырып алган-, деп тамшанып калышат. Кыздардын бул сөздөрүн укканда, Зулайка дагы да Аскарды жакшы көрүп кетет… Аскар келип, экөө ээрчишип басканда, суктана караган кыздардан кызганып да кетчү болду. Бактысына жараша, Аскар башка эч бир кыздарга көз салып да койбоду.


Зулайканын Аскар менен бактылуу болуп жүргөнүн көрүп жүргөн Мурат, Айжан менен жолугушууга келбей койду. “Сүйдүрүп алам” деген Айжандын чоң аракети ишке ашпай калып кетти…


Бир күнү Аскар туулган күнүн белгилеп, Зулайканы айылдагы үйүнө чакырды. Аскардын достору да сүйлөшүп жүргөн кыздарын алып келишиптир. Жөнөкөй жасалгаланган дасторкондо, көңүлдүү маанай менен туулган күн өтүп жатты. Куттуктоо сөздөр айтылып, ырдап, бийлешти. Балдардын бирөөсү жеңил музыкага коюп:- Жеңил бий!- деди. Жарык өчтү.


Аскар Зулайканын ичке белинен имерип, бийге тартты. Башка эч кимге көңүл бурбай, бөлмөдө экөөнөн башка эч ким жоктой бийлеп жатышты… Бул бий- экөө үчүн абдан жагымдуу эле… Бир убакта, Аскар Зулайканын кулагына шыбырады:

– Зулайка, мени жакшы көрөсүңбү?

Оо, бул эмне деген суроо! Зулайка эчак эле Аскарды сүйүп калган эмеспи. Беттери албырды. Сүйгөн адамынын кучагында, жагымдуу сөз угуп, бактылуу болду. Бирок, суроосуна жооп берүү, Зулайка үчүн ушунчалык оор болду. “Ооба, жакшы көрөм” деп, кантип айта алат?! Уялганынан бети кызарды… Үн чыгара албады.

Зулайкадан жооп укпаган соң, Аскар суроосун дагы кайталады:

– Зулайка, айтсаң, мен сага жагамбы?

Зулайка араң гана, “ооба” деди. Зулайканын бул жообун угуп, Аскар Зулайканын чекесинен өөп койду да:

– Зулайка, апама айтайынбы? Сага жоолук салсын?

Зулайка чочуп кетти. Апасынын “качып кетип тийсең өлөсүң” деп айтып калчу сөзүн эстеп:- Жок, жок, Аскар! Шашылбайлы! Сенден улуу агаң алгач үйлөнбөйбү, анан биз үйлөнөлү,- дей салды.

***

Телевизор тиктеп отурган Зулайка, оюнун ушул жерине келгенде оор үшкүрүнүп алып, оюн андан ары улады:


“Бул Аскардын биринчи сунушу эле… Ата- энеси үйлөнө берүүсүнө макул экендигин айтса деле, мен кашайып такыр макул болбой туруп албадымбы… Эмне үчүн ошенттим экен? Ошондо эле макул болсом, сүйгөн адамым менен бактылуу жашамакмын… Анан, дагы бир майрам күнүн чогуу белгиледик… Ошол күнү экинчи жолу сунушун айтты:


– Зулайка, окууну деле бүтүп калдың. Үйлөнөлү? Апам:”Келин макулбу? Макул болсо эле алып келе бер”,- деп жатат. Кандай дейсиң?- деп, Зулайканын жообун күттү.


Жок, Аскар. Сен да жогорку окуу жайга тапшыр. Жок дегенде бир- эки жыл оку, мен иштей берем. Анан үйлөнөлү,э?- деп, Зулайка өз оюнан кайтпады. Эх, ошондо билсемчи… Мезгил баарын өзгөртүп жиберээрин”…


Зулайка окуусун аяктап, айылга кетти. А Аскар окууга тапшырмак болуп, шаарда калды.

Аскардын жолун карап, Зулайканын эки көзү төрт болду. Жумушунда иштеп жатып да, ойлогону Аскар. А Аскар Зулайкадан бир да жолу кабар алып койбоду. Шаарда окуп, башка сулуу кыздар менен таанышып жүргөнүн ойлогондо, Зулайканын ичкени ирим… Сунушуна макул болбой койгон үчүн өзүнү миң жолу жемелейт… “Келип калаар” деп күтө берет. Жок, Аскар эч келбеди…


Күтүүдөн Зулайка азап чеге берди. Көңүлү эч нерсеге чаппайт, эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт… Тамак ичүүнү унутту. Өңүнөн азгандан аза берди… Капалык менен гана жашап калды. Ошентип жүрүп, бир күнү эсинен кетип жыгылып калганын билет…

Эсине келсе, дубалдары аппак болгон ооруканада жатыптыр. Апасынын:- Кызым, эмне болду сага?!- деген сөзү кулагына угулду. Зулайканын узун чачтарын сылап, апасы жанында ыйлап отуруптур. Атасы да апасынын жанында:- Кызым, каериң ооруйт? Айтчы?- деп жалооруп карап турду.

– Билбейм, ата.. Эч жерим деле ооруган жок…

Сүйүп ооруп калдым деп, атасына кантип айтат? Кайра эле Аскарды ойлоп, көзүнөн жаш сызылды. “Ошондо эле макул болгонумда, азыр Аскар менен бирге болмокмун” деп, өзүн-өзү күнөөлөп ыйлады…

Санаадан, оорудан чийдей арыктаптыр. Өңү кубарган… Ооруканадан жыйырма күн дегенде айыгып чыкты.

Шаарда жашаган эжеси келип, Зулайканын абалын көрүп:- Кой, сени шаарга алып кетейин. Сага айыл жакпаптыр,- деп шаарга алып кетүүгө камынды. Зулайканын эмнеден ооруп калганын эч кимиси боолголободу…

Уландысы бар…


Лилия Кудайбердиева / Liliya Kudaiberdieva
www.kafiyee.net