Kategoriler

Arşivler

Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova Kategoriler

НУР БОЛУП ЖАНАМ Таң болуп атам нур болуп жанган, Гүл болом иске жыттасаң канган. Жаныңан чыкпай эркелеп жаным, Айланып сага шам боло жанам. Бакчасы болом мөмөсүн берген, Бакыты сенсиң жандырып келген. Түбөлүк кетпес тартуула бакыт, Чынардай чырмап үзүлбөс бекем. Махабат сүйүү өчпөсұн жанып, Дайрадай таза соолубай агып. Үзүлбөй колдор кармашып бекем, Түбөлүк бирге турмушту басып. […]

Tarih 2 Haz 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

КЫЗЫЛ АЛМА

КЫЗЫЛ АЛМА Колумдагы кызыл алма, Суктандырды кызыктыра. Чоктой өнү албырт жанган, Жегим келбей карайм кайра. Киригили жок эч жеринде, Эргүү козгойт сезимдерге, Кыялымы коштоп учкан, Кызыл алма кереметсиң ээ. Сүйүү чачып кыял сермеп, Кызыл алма болдуң себеп. Тең ортодон экиге бөлүп, Сүйгөнұмө берсем жемек. Кыпкызылсың неге мынча, Кызыктыра жапжаш кызча. Суугум артып улам барам, Көзүм […]

Tarih 2 Haz 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

ЭНЕКЕМ

ЭНЕКЕМ Конкурска Жыгылсам, тикенек сайып колумду, Жүзүмөн өөп бапестем энем коруду. Далбастап таптап ,чачыман сылап, Жолотпой жамандык жолун тороду. Мүдүрүлүп чуркап ташка жыгылып, Айрылса бутум тиземен кан чубуруп. Энекем гана жүрөгү ооруп алдастайт, Жалынып мага ичинен күйүп куурулуп. Кетерде алыс батасын берет тиленип, Жалына сүйлөп жүзүмөн өөп тигилип. Атыңан сенин айланам алтын Энекем, Турмушта мага […]

ДЕМИҢЕН КУБАТ АЛАМ Кучактап кубат алам демиңен апа, Колуңду коюп сылаганда мага, Төгүлүп мээрим, акырын карап, Кызым деп сүйлөп турганда сага. Кыйналсам сезет кайгырган апам, Кубанып тосуп сый кылган анан. Бакытымсың бизге жайнаган, Ардагым жаным айланам апам. Батасын берип,бал тамган апам, Бакытка бөлөп бар кылган апам, Балкыган дүйнөң элжиреп мага, Болуңуз дайым жанымда апам. Түйшөлүп […]

ТАКСИСТ ГУЛ БЕРДИ деп ТААРЫНАТ Капысынан гүлдү сунду таксистим, Билдиргенсип гүлгө кошуп сүйүүсүн. Көңүл жайкап жакшы сөзүн арнаса, Карап турдум жылмайыңкы кулушун Таксист сага гүл берди дейт бирөө, Гүлүн алдым менде эмне күнөө. Сыйлашууда болуп турса саамалык, алсам дейм түрлөп гүлдөн күндө. Гүл берди деп жарыялаган ушактап, Куйкаланып ,өрттөнүдө бир адам, Дээңгелиңин пастыгына таң бердим, […]

АК ХАЛАТТАЙ АППАК БОЛСУН ТИЛЕГИҢ Ак халаттай аппак болуп тилегиң, Жеңилинен берсин сайган ийнеңин. Айыгышып ооругандар сакайып, ак батасы бар силер үчүн билемин. Күндөп, түндөп эмгегиңер кажыбас, Кам көрөсүң алдан, күчтөн тайыбас. Бирде күлүп, бирде ыйлап эл менен, Кошо жүрүп жөлөп,таяп кадамдаш. Медиктердин тоодой экен эмгеги, Мээнет менен элди эмдеп келгени, Коронаны айтпай кетсем болбостур, […]

Tarih 10 May 2021 Kategori: Лира Сооданбекова/Lira Soodanbekova

АЖАРЫМ ЭЖЕМ

АЖАРЫМ ЭЖЕМ Жадырап нур чачкандай, Жаз гүлү жаңы ачкандай. Жан дилиңиз таптаза, Жарыгым эжем алтындай. Жаштарга айтып насаатын, Алгалай үндөп үмүтүн, Жоопкермин деп жумушка, Жай албайсыз күнү, түн. Күмүштөн басып чачыңыз, Күүлөнүп алга бастыңыз. Пайгамбар жашын таянып, Эки дүйнө бейиш татыңыз. Жашылын көрүп арчанын Узактуу өмүр каалаймын, Тунугун көрүп шар аккан, Суудай өмүр каалаймын. Арабызда […]

*ГУЛГУНДӨЙ ЖАШ КЫЙЫЛГАН* Үмүт өчүп, жан дүйнөнү кыйнаган, Асман жашып булут кошо ыйлаган, Мекен үчүн кырчын өмүр кыйылып, Бүтүн кыргыз намыстанып ыйлаган. Гүлгүндөй курак окко учуп суналды, Куралы жок Мекен коргоп куурады, Таш ыргытып калканы жок эл коргоп, Жан аябай туруштук сактап туралды. Нечен жылдар чеп турсада бузулбай, Кайдан чыккан тажик деген кузгундай. Баардыгына бийлик […]

ТҮШҮҢӨ КИРИПТИРМИН Жазда аяктап,….,көөдөнүң үшүп, Жүргөнүңдө сенин түшүңө кирдим. Жаш болсом эгер сүйөм деп балким, Ойлонуп сенин жүргөнүңдү билдим. Эмнеге түшкө кирдиң деп аттиң, Өкүнүнүч бийлеп телефон чалдың. Үнүмдү угуп тымызын сүйлөп, Билгизбей анан сүйүнүп алдың. Күлө бир карап түшүңдө жүрдүм, Өңүмдү даана тушуңөн көрдүң. Ойлогон,ойду кыстаган турмуш, Жеңерин билип тушуңдөн көргүн. Тынчыңы алдым уктатпай […]

ТҮШҮҢӨ КИРИПТИРМИН Жазда аяктап,….,көөдөнүң үшүп, Жүргөнүңдө сенин түшүңө кирдим. Жаш болсом эгер сүйөм деп балким, Ойлонуп сенин жүргөнүңдү билдим. Эмнеге түшкө кирдиң деп аттиң, Өкүнүнүч бийлеп телефон чалдың. Үнүмдү угуп тымызын сүйлөп, Билгизбей анан сүйүнүп алдың. Күлө бир карап түшүңдө жүрдүм, Өңүмдү даана тушуңөн көрдүң. Ойлогон,ойду кыстаган турмуш, Жеңерин билип тушуңдөн көргүн. Тынчыңы алдым уктатпай […]