ТАКСИСТ ГУЛ БЕРДИ деп ТААРЫНАТ




Капысынан гүлдү сунду таксистим,

Билдиргенсип гүлгө кошуп сүйүүсүн.

Көңүл жайкап жакшы сөзүн арнаса,

Карап турдум жылмайыңкы кулушун




Таксист сага гүл берди дейт бирөө,

Гүлүн алдым менде эмне күнөө.

Сыйлашууда болуп турса саамалык,

алсам дейм түрлөп гүлдөн күндө.




Гүл берди деп жарыялаган ушактап,

Куйкаланып ,өрттөнүдө бир адам,

Дээңгелиңин пастыгына таң бердим,

Арамзажан бар экени арабыздан




Берет таксист каалаганда гүлдөрүн,

Жай сөзүнө гүлдөйт дайым көңүлүм.

Бар болсун ошол таксист гүл берген,

чын көңүлдөн амандыгын тилеймин.




Көрө албас бейтаанышым таарынат,

Кагып,силкип уу ичкенсип какшыктап,

Колуңан келсе сенда алгын гүлдөрдү,

Ойлоп сүйлөчү , адептүү бол татынам.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА

www.kafiye.net