НУР БОЛУП ЖАНАМ

Таң болуп атам нур болуп жанган,

Гүл болом иске жыттасаң канган.

Жаныңан чыкпай эркелеп жаным,

Айланып сага шам боло жанам.




Бакчасы болом мөмөсүн берген,

Бакыты сенсиң жандырып келген.

Түбөлүк кетпес тартуула бакыт,

Чынардай чырмап үзүлбөс бекем.




Махабат сүйүү өчпөсұн жанып,

Дайрадай таза соолубай агып.

Үзүлбөй колдор кармашып бекем,

Түбөлүк бирге турмушту басып.




Жароокер жанды аяйлы бирге,

Жемишин татып жашоонун дагы.

Сакталсын сүйүү мээримин чача,

Экөөлөп өйдө барктайлы аны.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА 11.10.2020.ж.

www.kafiye.net