АЖАРЫМ ЭЖЕМ


Жадырап нур чачкандай,

Жаз гүлү жаңы ачкандай.

Жан дилиңиз таптаза,

Жарыгым эжем алтындай.



Жаштарга айтып насаатын,

Алгалай үндөп үмүтүн,

Жоопкермин деп жумушка,

Жай албайсыз күнү, түн.



Күмүштөн басып чачыңыз,

Күүлөнүп алга бастыңыз.

Пайгамбар жашын таянып,

Эки дүйнө бейиш татыңыз.



Жашылын көрүп арчанын

Узактуу өмүр каалаймын,

Тунугун көрүп шар аккан,

Суудай өмүр каалаймын.



Арабызда болуңуз жанаша,

Жүзүңүз күлсүн дайыма,

Жаштардан тең калышпай

Бар болуңуз биздин арада.



Гүлүм жок эже сунууга,

Ырымды сунам умтула.

Сый,урматка балкыныз,

Айтканым болду ушуда.

СООДАНБЕКОВА ЛИРА10.05.21
www.kafiye.net