şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
ЭНЕКЕМ
Конкурска
Жыгылсам, тикенек сайып колумду,
Жүзүмөн өөп бапестем энем коруду.
Далбастап таптап ,чачыман сылап,
Жолотпой жамандык жолун тороду.
Мүдүрүлүп чуркап ташка жыгылып,
Айрылса бутум тиземен кан чубуруп.
Энекем гана жүрөгү ооруп
алдастайт,
Жалынып мага ичинен күйүп куурулуп.
Кетерде алыс батасын берет тиленип,
Жалына сүйлөп жүзүмөн өөп тигилип.
Атыңан сенин айланам алтын Энекем,
Турмушта мага өзүңсүң тирек сүйүнтүп.
Капыстан билинбей калса кабарым,
Сезетго аны жүрөгүң менен тамырың.
Эки дүйнө бейишти берсин сага энекем,
Дайыма эсен балдардын көр жыргалын.
28.10.2020жСЕЙДАКМАТОВА ЛИРА СООДОНБЕКОВНА
www.kafiye.net
Yorum Yapın