АК ХАЛАТТАЙ АППАК БОЛСУН ТИЛЕГИҢ



Ак халаттай аппак болуп тилегиң,

Жеңилинен берсин сайган ийнеңин.

Айыгышып ооругандар сакайып,

ак батасы бар силер үчүн билемин.



Күндөп, түндөп эмгегиңер кажыбас,

Кам көрөсүң алдан, күчтөн тайыбас.

Бирде күлүп, бирде ыйлап эл менен,

Кошо жүрүп жөлөп,таяп кадамдаш.



Медиктердин тоодой экен эмгеги,

Мээнет менен элди эмдеп келгени,

Коронаны айтпай кетсем болбостур,

Медиктердин күчү менен жеңгенин.



Силерге даңк ! аман болгун баарыңар,

Сак,саламат ,эсен, соо жалпынар.

Таазим сага ак халатчан мээрман,

Алкыш гана силер үчүн айтылаар.



СООДАНБЕКОВА ЛИРА 12.05.21
www.kafiye.net