ДЕМИҢЕН КУБАТ АЛАМ




Кучактап кубат алам демиңен апа,

Колуңду коюп сылаганда мага,

Төгүлүп мээрим, акырын карап,

Кызым деп сүйлөп турганда сага.



Кыйналсам сезет кайгырган апам,

Кубанып тосуп сый кылган анан.

Бакытымсың бизге жайнаган,

Ардагым жаным айланам апам.




Батасын берип,бал тамган апам,

Бакытка бөлөп бар кылган апам,

Балкыган дүйнөң элжиреп мага,

Болуңуз дайым жанымда апам.




Түйшөлүп күндө таптаган бала,

Уктабай түндү өткөрдүң кара.

Өмүрүң арнап чоңойтуп баарын,

Өкунбөй күндө тартканың санаа.




Жадырап күлчү майрамың мына,

Жылмайып турчу арнаймын сага.

Атайын жазып толтурдум барак,

Апаке сизге ырларымды гана.




СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net