*ГУЛГУНДӨЙ ЖАШ КЫЙЫЛГАН*



Үмүт өчүп, жан дүйнөнү кыйнаган,

Асман жашып булут кошо ыйлаган,

Мекен үчүн кырчын өмүр кыйылып,

Бүтүн кыргыз намыстанып ыйлаган.



Гүлгүндөй курак окко учуп суналды,

Куралы жок Мекен коргоп куурады,

Таш ыргытып калканы жок эл коргоп,

Жан аябай туруштук сактап туралды.



Нечен жылдар чеп турсада бузулбай,

Кайдан чыккан тажик деген кузгундай.

Баардыгына бийлик өзү күнөөлүү,

Чек араны тактап койбой ушундай.



Азаптанып кайгы менен кан жуткан,

Кайран элим,сабыр кылгын буулуккан.

Көзү өткөндөр бейиште орун алышсын,

Кабыл болсун сообу Куран окуткан.



(Баткендеги курман болгон баатырларга таазим жана бейиши болсун)



СООДАНБЕКОВА ЛИРА

www.kafiye.net