ТҮШҮҢӨ КИРИПТИРМИН



Жазда аяктап,….,көөдөнүң үшүп,

Жүргөнүңдө сенин түшүңө кирдим.

Жаш болсом эгер сүйөм деп балким,

Ойлонуп сенин жүргөнүңдү билдим.



Эмнеге түшкө кирдиң деп аттиң,

Өкүнүнүч бийлеп телефон чалдың.

Үнүмдү угуп тымызын сүйлөп,

Билгизбей анан сүйүнүп алдың.



Күлө бир карап түшүңдө жүрдүм,

Өңүмдү даана тушуңөн көрдүң.

Ойлогон,ойду кыстаган турмуш,

Жеңерин билип тушуңдөн көргүн.



Тынчыңы алдым уктатпай ага,

Гүлүңү албай кыйнадым жана.

Капилет жерден таанышып неге,

Кыйналып уктап,кыйбадың ага.



СООДАНБЕКОВА ЛИРА
www.kafiye.net