şiir. öykü, makale, deneme, tiyatro, masal, fıkra, anı, sohbet, röportaj yazılarının yayınlandığı uluslara arası yazar ve şairlerin katılım gösterdiği edebiyat sayfasıdır. Uyum platformudur.
ТОКТОЧУ ӨМҮР Токточу өмүр, айтчы кайда шашасың, Келген кезде өзүм үчүн жашагым. Уул-кызым, неберелер чоңойду, Жер кыдырып кененирээк басайын. Токточу өмүр, абай салчы сурарым, Келбейт менин мезгилден бат узагым. Мүнөт, саат бачым жылат шашылып, Бороон уруп бурганактай сапырып. Тоточу өмүр, билген кезде кадырың, Жашайынчы жаз гүлүндөй ачылып. Туюп турам суу түгөнсө жалп этем, Күзгү түшкөн […]
ЖАРАТКАНЫМ Колго кармап курч учталган калемим, Жазып келем өйдө-ылдыйын замандын. Бирде мени көкөлөтсө ой чабыт, Бирде салат терең ойдун соболун. Көк асманда каалгып учкан ак булут, Күндүн нурун кээде алат жашырып. Жараткан да теңдеп койгон көрүнөт, Ай шооласы он беш күнү чачырайт… Жаратканым жакшыларды сүйөбү? Жакшы-жаман эриш-аркак жүрөбү. Этияттайт көрөалбастын көзүнөн, Этияттайт заар тилдүү сөзүнөн. […]
ЭРМЕГИҢИЗ БОЛУП АЛАЙЫН Ак жылдыздай көктө жанайын, Ардагыңыз болуп алайын. Ак дилимден тилеп амандык, Алыңызды сурап турайын. Ак булуттай көктө сызайын, Алдыңыздан тосуп чыгайын. Айдың көлдө сүзгөн аккуудай, Түгөйүңүз болуп алайын. Күн нурундай жарык жанайын, Күлкүңүздү күндө угайын. Кыйнабаңыз анча көп эле, Курдашыңыз болуп алайын. Сызып күндө обон салайын, Сырдашыңыз болуп калайын. Эркелетип чачым сылаган, […]
УЛУУ ТООЛОР Улуу тоолор мен алыстан сагынган, Ак мөңгүлөр учуңарды жамынган. Алыс кетсең эңсеп келем кайрадан, Бүркүт үнүн аскалардан жаңырган. Улуу тоолор улантышат көк тиреп, Ак асманда турат булут асылып. Жатасыңар кылымдардан кылымга, Кандай гана сырларыңды жашырып? Улуу тоолор ата-бабам сактаган, Чокусу бар адам буту баспаган. Дүйнө жүзү кереметин көрүп ал, Улуу тоолор сени менен […]
БИР БООРУНДАЙ БОЛБОЙТ ЭКЕН. Коргошун от жаканда Көлкүйт экен. Адам да , сары майдай эрийт экен. Кусалык жүрөгүндө алоолонсо, Жалынын боорун тосуп, Эч бир жан бир боорундай, Баспайт экен. Чындыкты жаап жашырган жыргайт экен, Көңүлдү арман каптап тооруйт экен Азаптуу кыйын күндөр өтүп кетсе, Жамалың кубанычка балкый экен. Ар качан арсыз ойдон алыс болуп, Бир […]
САНДА ЖОК… Бастым жол, таштак-түздү, узун-кыска, Бетеге белге оролгон, гүлдүү талаа. Канчалык көкөлөсөм, бийик учуп, Көппөдүм, шүгүр кылып, жашап келем. Ооба мен, чындык үнүн угам дегем, Издеймин, чындык үчүн жашай берем. Билбеген сүйлөй берет баркы кетип, Көрө албас ичи тарыйт сугун артып. Санаба сеники эмес, өзүмдүкү. Байлыгым балдарымдын амандыгы. Кудайдан күндө беш маал тилеп келем, […]
КЕЧИККЕН МАХАБАТ Табылды деп, жүрөктөгү адамым, Чөккүм келди кирпигиңе ирмелтпей. Турам катып ээ боло албай сезимге, Намыс кымбат, ашыгамын күн өтпөй. Кеч күздөгү жарык жанган үмүтүм, Үзүлөбү чыйралбаган жибектей. Кыналышып кучагыңда магдырап, Салкын аба, тоо койнунда көк жайык. Мөлтүр булак, тамчысындай сезимди, Бир суугарып алсам болмок, эмне айып. Сыр чечишпей кала бердик арманда, Ачкычы жок, […]
ЖАН ДҮЙНӨМДҮ БАЙЫТУУГА ЖӨНӨДҮМ Кийип алып бүгүн жашыл күрмөмдү, Эмнегедир жакшы ойлор күүлөндү. Жолуктуруп мыкты деген адамды, Улуу ойлор бекемделди, чыйралды. Кийип алып бүгүн кызыл көйнөгүм, Көйкөлөмүн көөдөнүмө сыйбадым. Жакшылыкка жарпым жазып кубанып, “О-о сонун!”- деп созолонто ырдадым. Кийип алып бүгүн аппак көйнөгүм, Аруу таңда тилек арнап турамын. Акылдуунун сөзүн угуп тажабай, Жан дүйнөмдү байытууга […]
МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАНЫМ Келечекке зор максат коюп алып, Кыялымда учамын аба жарып. Бирде тосуп жүзүмдү сур булутка, Бирде турам жылдызга колум сунуп. Күн кирпиги тоо бетин өпкөн кезде, Көркөм аалам кол сунат эшик ачып. Асман тиреп Ала Тоо боюн керет, Күн нуруна чагылып мөңгү күлөт. Кыз-жигиттей кыналып арча, кайың, Ойноок желге эркелейт термелишип. Таштан-ташка чачырайт шаркыратма, […]
Ыр жана сыр Ойумду нарктуу сөз менен айкаштырып, Ырларга бүт ойумду топтоштуруп. Болушуп жүрөктөгү сырларым менен, Элим менен рухтарды сырдаштырып. Менин да күнүм дайым турбастыр күлүп, Турмуштун ыргагына мундаш болуп. Айдын да бетин кээде булут басат, Күнүмдү убайымга учкаштырып. Эргуулордун табамын азыгымды, Желпигенде ыр канаты наз үнүмдү. Ээ жаа бербей казак кандуу жан дүнүйөм, Кетет […]