САНДА ЖОК…




Бастым жол, таштак-түздү, узун-кыска,

Бетеге белге оролгон, гүлдүү талаа.

Канчалык көкөлөсөм, бийик учуп,

Көппөдүм, шүгүр кылып, жашап келем.




Ооба мен, чындык үнүн угам дегем,

Издеймин, чындык үчүн жашай берем.

Билбеген сүйлөй берет баркы кетип,

Көрө албас ичи тарыйт сугун артып.




Санаба сеники эмес, өзүмдүкү.

Байлыгым балдарымдын амандыгы.

Кудайдан күндө беш маал тилеп келем,

Урпагым чоңойсо деп ырыскылуу.




Санабайм чирип жаткан байлыгыңды,

Сурабайм карып болуп айлыгыңды.

Сындабайм сынып жатсаң бырчаланып,

Сызганмын тирүүлөрдөн санагыңды.




Сөз дебейм сүйлөй бергин сапырылып,

Санда жок чийилгендер арасында.




21.07. 2021

Бишкек. А. Тоту.

www.kafiye.net