Ыр жана сыр




Ойумду нарктуу сөз менен айкаштырып,

Ырларга бүт ойумду топтоштуруп.

Болушуп жүрөктөгү сырларым менен,

Элим менен рухтарды сырдаштырып.




Менин да күнүм дайым турбастыр күлүп,

Турмуштун ыргагына мундаш болуп.

Айдын да бетин кээде булут басат,

Күнүмдү убайымга учкаштырып.




Эргуулордун табамын азыгымды,

Желпигенде ыр канаты наз үнүмдү.

Ээ жаа бербей казак кандуу жан дүнүйөм,

Кетет жулуп кээ бир кезде казыгымды.




Бара жатам боз тартып, кара көк элем,

Токтоо тартып,чоңойду бала кезим.

Кургабай кууш жолдо куюшканым,

Отуп барам”Ай”тамгалуу дарбаза менен.




Жер шаары бир кеңдике айланды,

Бирде ачык,бирде күңгүрт ай жамалы.

Ырлардын кудуреттүү,ыргактары,

Күнгө да,көндүрөт ко айга дагы.




Ыр жана сыр,өмүр тушоо,кыял озот,

Обонумду жаман ойдон турам коргоп.

Тушоосун аз өмүрдүн кесет ырым,

Шаңына сулуулукту бөлөп турсак.




 Зуура Маметова
www.kafiye.net