ТОКТОЧУ ӨМҮР




Токточу өмүр,

айтчы кайда шашасың,

Келген кезде өзүм үчүн жашагым.

Уул-кызым, неберелер чоңойду,

Жер кыдырып кененирээк басайын.




Токточу өмүр,

абай салчы сурарым,

Келбейт менин мезгилден бат узагым.

Мүнөт, саат бачым жылат шашылып,

Бороон уруп бурганактай сапырып.




Тоточу өмүр,

билген кезде кадырың,

Жашайынчы жаз гүлүндөй ачылып.

Туюп турам суу түгөнсө жалп этем,

Күзгү түшкөн жалбырактай үзүлүп…




Токточу өмүр,

өмүр шерик табайын,

Кучагына бир жылынып алайын.

Бул жалганда канча өмүр сүрсөм да,

Аны менен түбөлүктүү жашайын…




01. 10. 2021.

Бишкек. А. Тоту.
www.kafiye.net