МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАНЫМ




Келечекке зор максат коюп алып,

Кыялымда учамын аба жарып.

Бирде тосуп жүзүмдү сур булутка,

Бирде турам жылдызга колум сунуп.




Күн кирпиги тоо бетин өпкөн кезде,

Көркөм аалам кол сунат эшик ачып.

Асман тиреп Ала Тоо боюн керет,

Күн нуруна чагылып мөңгү күлөт.




Кыз-жигиттей кыналып арча, кайың,

Ойноок желге эркелейт термелишип.

Таштан-ташка чачырайт шаркыратма,

Аппак нурун себелейт чар тарапка.




Тоо этеги, көк жайык, шилби-тулаң,

Суур чыгат ийининен улам-улам.

Жайкы аптап илеби жүзүм сылап,

Шар аккан суу сай ылдый нота курайт.




Комуз күүсү кошулуп кулагыма,

Кубулжуган жагымдуу обон салып.

Жер бетинде үлбүрөк кызгалдактар,

Бойго жеткен кылыктуу сулуу кыздай.




Арасында ак-сары-көгүш гүлдөр,

Түс ичинде оролгон боёк сымал,

Кереметтүү жергемди ырга салдым,

Бейиш төрдөй Мекеним Кыргызстаным!




30. 05. 2021.

Бишкек. А. Тоту.

www.kafiye.net