УЛУУ ТООЛОР



Улуу тоолор мен алыстан сагынган,

Ак мөңгүлөр учуңарды жамынган.

Алыс кетсең эңсеп келем кайрадан,

Бүркүт үнүн аскалардан жаңырган.




Улуу тоолор улантышат көк тиреп,

Ак асманда турат булут асылып.

Жатасыңар кылымдардан кылымга,

Кандай гана сырларыңды жашырып?




Улуу тоолор ата-бабам сактаган,

Чокусу бар адам буту баспаган.

Дүйнө жүзү кереметин көрүп ал,

Улуу тоолор сени менен мактанам.




Улуу тоолор мөңгү баскан, кар баскан,

Үн сөзү жок унчукпаган сырдашкан.

Угар белең кызыңардын айтканын,

Жүрөгүнөн силер үчүн сырды ачкан.




Бишкек. А. Тоту.

www.kafiye.net