КЕЧИККЕН МАХАБАТ




Табылды деп, жүрөктөгү адамым,

Чөккүм келди кирпигиңе ирмелтпей.

Турам катып ээ боло албай сезимге,

Намыс кымбат, ашыгамын күн өтпөй.

Кеч күздөгү жарык жанган үмүтүм,

Үзүлөбү чыйралбаган жибектей.



Кыналышып кучагыңда магдырап,

Салкын аба, тоо койнунда көк жайык.

Мөлтүр булак, тамчысындай сезимди,

Бир суугарып алсам болмок, эмне айып.

Сыр чечишпей кала бердик арманда,

Ачкычы жок, ачылбады сыр сандык.



Суусап турат, суусу канбай көңүлүм,

Өтөт окшойт өзүңсүз суз, өмүрүм.

Аттиң жалгыз, келем туруп-жыгылып,

Тагдыр жолу берген тайгак бөлүгүн.

Жаратканым берген тура чоң сыноо,

Тартасың деп, турмуш деген көөлүгүң.



Өкүнбөймүн, кейибеймин кантсем да,

Өрттөсө да, бир ак жалын ичимди.

Суу себейин өчүрөйүн астадан,

Махабатым, кеч күздөгү изимди.

Бирок дагы, куса менен өкүнүч,

Жүрөктөгү, майтаралбайт мизимди.



Бишкек А. Тоту.

www.kafiye.net