ЖАРАТКАНЫМ



Колго кармап курч учталган калемим,

Жазып келем өйдө-ылдыйын замандын.

Бирде мени көкөлөтсө ой чабыт,

Бирде салат терең ойдун соболун.




Көк асманда каалгып учкан ак булут,

Күндүн нурун кээде алат жашырып.

Жараткан да теңдеп койгон көрүнөт,

Ай шооласы он беш күнү чачырайт…




Жаратканым жакшыларды сүйөбү?

Жакшы-жаман эриш-аркак жүрөбү.

Этияттайт көрөалбастын көзүнөн,

Этияттайт заар тилдүү сөзүнөн.




Акыл калчап кылган ишиң сындаган,

Кам сүт эмген пенделерди ылгаган.

Жаратканым баары сенин колуңда,

Калыс болуп өзүң теңде калганын.




27.09.2021.

Бишкек. А. Тоту.

www.kafiye.net